СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Бул да болсо - жакшылыкка!

Нажмите, чтобы узнать подробности

Бир хандын акылдуу вазири болот экен. Кандай жаман иш болбосун дайыма: "Ханым бул да болсо жакшылыкка"- деп хандын көңүлүн жубатчу экен. Бир күнү хан кокусунан баш бармагын кылыч менен кырка чаап алат, колунун ооруганына чыдабай, кыйналып турган ханды, көргөн вазири адатынча : "Ханым бул да болсо жакшылыкка "- деп көңүл айтат. Ачуусу келген хан :" Мен колумду кесип алып, кыйналып жатсам, сен шылдыңдап жатасын"- деп, желдеттерине буйрук берип, зынданга таштайт. Арадан күндөр өтөт хан желдеттери менен ууга чыгат, капысынан бир адам жеген уурууларга туш келип, чабышып желдеттери качып кетип, хан колго түшүп калат. Ханды курмандыкка чалып, бышырып жейли деп, алты санынын бүтүңдүгүн текшеришет. Караса эле бир колунун баш бармагы жок болуп чыгат. Аны көргөн ууруулар курмандыкка жарабайт баш бармагы жок экен деп коё беришет. Баш бармагынын жоктугунан аман- эсен калган хан, ордосуна кайтып келип, вазирди эстеп, зындандан чыгарып : " Сен туура айтыпсың, баш бармагымдын жоктугу да жакшылыкка экен, мени аман - эсен алып калды, сага азап бергеним үчүн кечирип кой "- деп кечирим сурайт. Анда вазир:

" Ханым бул да болсо жакшылыкка. Эгерде мен сиз менен бирге ууга чыкканымда, сизди коё беришип,балким мени союп бышырып жешмек. А мен зынданга түшүп аман- эсен соо калдым "- деп жооп берет. Ошондуктан урматтуу досторум Кудай бизге кандай сыноо берип, кандай жамандыктан сактаганын кайдан билебиз, эң негизгиси баардык нерсе жакшылыкка деп жооруп койгон да жакшы. Ой менен сөздү оңдосок эле Кудай буюрса баары жакшы болот.Бул жазганым да Кудай буюрса жакшылыкка.

30.10.2025 09:59