СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Дүйнѳ жүзүндѳ илим менен техника өтө тез темпте өнүгүп жаткан мезгилде биз жашап жаткан коом да экономикалык, технологиялык, социалдык жана маалыматтык өзгөрүүлөргө дуушар болуп турат. Бүгүнкү күндɵ Кыргызстандын илимий-техникалык ѳнүгүүсүндө жогорку квалификациялуу кадрлардын жоктунунан илимий чɵйрɵ дүйнɵлүк илимий коомчулук менен ɵтɵ начар байланышып, Кыргызстан башка мамлекеттен келген даяр техникаларды, илимий жаңылыктарды колдонуу менен гана чектелүүдɵ. Анткени кадрлардын билим деңгээли азыркы коомдо жана глобалдуу дүйнɵдɵ натыйжалуу иштɵɵгɵ даяр эместигин кɵрсɵтүүдɵ.
Мына ушундай шартта ѳзгѳрүүлѳргѳ бат ыӊгайлашып, ар кандай кырдаалда проблемаларды өз алдынча чече алгандай кадрларды даярдоо, окуучуларга коомдун талаптарына шайкеш таалим-тарбия берүү жана билим алууга болгон кызыгуусун арттыруу билим берүү системасынын негизги милдети болуп саналат.
Коомдун илимий-техникалык, технологиялык жана экономикалык ѳнүгүшүндѳ физика илиминин орду жана ролу эбегейсиз чоӊ. Анткени физика бардык табигый илимдердин, билимдердин жана техникалык ѳнүгүүнүн негизги ѳзѳгүн түзѳт.
Азыркы мезгилде Кыргызстанда илим менен техника жай ɵнүгүп, ɵндүрүш жакшы ɵнүкпɵй, экспорттко караганда импорт кɵп болуп жатат. Ушуга байланыштуу 2019-2022-жылдарда Кыргыз Республикасынын экспортун ɵнүктүрүү боюнча Ѳкмɵттүн программасы, 2018-жылдын 20-декбрында №596 КРнын токтомунун негизинде бекитилди [1]. Анда «Жашыл жана инновациялык прибор куруу» 7-багытында так илимдерди, анын ичинде физика илимин мыкты эл аралык тажрыйбаларынын базасында окутуу үчүн мектептик окуу программаларына ѳзгѳртүү киргизүүнүн зарылдыгы белгиленген.
«КР 2018-2040–жылдары ѳнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында (ноябрь, 2018-ж.) «2040-жылга Кыргыз Республикасында билим берүү системасы ар бир адамдын дараметин ачкан ар тараптуу инсанды тарбиялоого, иш жүзүндө колдонулуучу билимдерди жана көндүмдөрдү калыптандырууга багытталат [2]. Ар бир жарандын сапаттуу билим алууга мүмкүндүгү болот»,-деп белгиленген. Албетте, бул стратегияны ишке ашыруу билим берүү системасынын кечиктирилгис милдети болуп саналат.
Бул милдетти жүзѳгѳ ашырууну физикалык билим берүүнүӊ ѳнүтүнѳн карасак, ар бир адамдын дараметин ачууда, ар тараптан ѳнүккѳн инсанды тарбиялоодо, иш жүзүндө колдонулуучу билимдерди жана көндүмдөрдү калыптандырууда физиканы окутуунун мүмкүнчүлүгү ѳтѳ чоӊ.
Аталган окуу-нормативдик документтер билим берүүнү компетенттик негизде уюштурууну талап кылат. Компетенттик негизде окутуу – бул күтүлүүчү натыйжага негизделген окутуу болуп саналат жана окуучунун алган билимдерин практикада колдонуу билгичтиктерин калыптандырат. Компетенттик негизде физикалык билим берүү үч деӊгээлден турган билим натыйжаларына жетишүүнү талап кылат:
© 2020, АЖЫКУЛОВА НАРГИЗА БАЙЫШОВНА 464