СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
1. Жылуу көк чайды бал менен ичсеңиз мээге пайдасы көп.
2. Тиштериңизди таза кармаңыз.
3. Сабизди уктаар алдында жесеңиз ден-соолукка пайда.
4. Сууну узак кайнатуу же кайнатылган сууну кайрадан дагы кайнатып чай демдөө өтө зыяндуу.
5. Бийалманын (айванын) ширеси боор оорусун дарылайт. Күнүнө 1-2 стакан бийалма ширесин ичүү сунушталат.
6. Ар кандай ооруну дарылоо ашказанды айрандын сары суусу менен жуугандан башталат.
7. Бутуңузду ар дайым таза, кургак жана жылуу кармаңыз.
8. Көк чай бөйрөктү жууйт, андагы сезгенүүнү айыктырат.
9. Адатта, кечки саат ондон таңкы алтыга чейин укташ керек.
10. Жатар алдында жеңил дене тарбия көнүгүүлөрдү жасаңыз
11. Уктар алдында төмөнкүлөрдү жесе мүмкүн: алма, бир кашык бал, бир стакан кефир же бал кошулган бир стакан жылуу сүт.
12. Уйкусу качкан адам бал жаласын.
13. Тез-тез айрандын сары суусун ичип туруу кандын булганышынан (уремия оорусунан) сактайт.
14. Таранчы жана бөдөнөнүн шорпосу адамды ар тараптан бакубат кылат.
15. Адамдын боору төрт нерсени жакшы көрөт: чийки капустаны, быштакты, нандын катуусун, балды.
16. Жайкысын муздак сууга көп жуунуп турсаңыз, жүрөгүңүздүн жана бооруңуздун иштеши жакшырат.
17. Ширингүрүч (рисовая каша) адамды жашартат, эркектик уруктугун көбөйтөт.
18. Мончодон кийин тишиңизди тазаласаңыз, ал бат агарат.
19. Ит мурунду кайнатып, чайдын ордуна ичүү өтө пайдалуу.
20. Дайыма отуруп иштеген адам ар саатта ордунан туруп бассын.
21. Алма инсан организмине керектүү нерселердин бардыгы менен камсыз кылат. Күнүнө эки алма жесе жетиштүү болот.
22. Ашказаныңыз ооруп жатканда эртең менен жана уктар алдында бир кашык дакталган зайтун майын ичүү сунушталат.
23. Кези келгенде орточо ыйлап туруу ден-соолукка пайдалуу.
24. Кимде-ким 1 литр айрандын сары суусун кечинде 10-15 күндө бир жолу ичип, ашказанын жууса, кан басымы, кант диабети, геморрой, ашказан оорусу сыяктуу оорулардан кутулат.
25. Жашылчаларды көп пайдалануу өмүрдү узартат.
26. Көк чайды дайыма ичкен жана сары сабиз жеген адам өсмө (рак) оорусуна чалдыкпайт.
27. Спорттун эң пайдалуусу чуркоо.
© 2025, Раманкулов Мухаммед-Назар Эрназарович 57