СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
ИКАЯ
Кумурскалар көнгөн адаттары боюнча таңдан кечке иштешет. Күндөрдүн биринде жыйналыш өткөрүшүп, кимдин канча жыйнап-тергендигин атайы бирөө эсеп-кысапка алмай болду.
Кумурскаларга башчы кылып, коңузду шайлашат. Коңуз дароо ишке киришип, өз эрежесин иштерман кумурскаларга түшүндүрө баштады: «Кетип атканда мага айтышыңар керек, эмне алып келе турганыңарды. Кечинде болсо, канча алып келгениңерди”. Бул жагдай ар бир кумурсканын эртең менен да, кечинде да жарым сааттан убактысын алып, айтор, бир күндө бир саат убактылары корочу болду. Демейде алар бир саат убакытты жумушка арнашчу.
Көп өтпөй, кайра жыйналыш өткөрүштү. Коңуздун берген отчету туура эмес, көп нерсе көзжаздым кетип атат дешип, коңуздун үстүнөн дагы бир башчы кылып, үй коңузун шайлашты. Коңуз менен Үй коңузу бутту асып, желкени кашып, чендейген курсактарын сылап иш бөлмөсүндө отурушат. А мээнеткеч кумурскалар адаттагыдай таңдан кечке иштешет.
Коңуз кол астындагы үй коңузун чакырып: «Мындан ары иш планды кагазга түзүп келишсин» - дейт. Үй коңузу барып, ал талапты кумурскаларга койду. «Эми, аткара турган жана аткарып бүткөн ишиңерди эртең менен да, кечинде да кагазга жазып келип тургула!”
Кумурскалардын көп убактысы отчет түзгөнгө кетип атты. Таңга маал жумушка аттанаарда бүгүн кандай жумуш бүтүрөрү, эмне алып келери белгисиз. Бирок убакыт коротуп план түзүп, башы көңдөй үй коңузуна дыкат түшүндүрүп бериш да керек.
Иштерман кумурскалар курулай иш-кагаздары менен алектенгилери жок. Себеби, ойду онго бөлүп, жумушка тоскоол. Пайдасы жок кагаздардын айынан баштаган жумуш аягына чыкпас болду.
Кайрадан жыйынга чогулушту. Өндүрүш токтоп, план толбой калгандыгын айыпташып, башчылар кумурскаларды иштен айдап тынышты…
Которгон Айтбүбү Орунбаев
© 2020, Раманкулов Мухаммед-Назар Эрназарович 557