СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Чындыгында улуу адамдар өмүр баяндарын изилдеп олтуруп, алардын бардыгы улуулукка биринчи кадамды өздөрүн өзгөртүүдөн башташкан.Өзүбүздү өзгөртпөй туруп,биз эч качан башка адамдарды өзгөртө албайбыз.Бул талашсыз чындык.Негизи,өзүбүздү өзгөртүү бизден көптөгөн аракеттерди талап кылат.Бирок,ошол аракеттерди аткаруу менен биз өзүбүздүн өзгөрүүбүздү эле эмес,ошого жараша биздин сырткы чөрөбүздүн өзгөрө башташына күбө болобуз.Анткени,жогоруда айтылып өткөндөй сырткы көрүнүштүн бардыгы биздин өзүбүздүн ички дүйнөбүздүн,ички сезимдерибиздин сырткы дүйнөдө чагылышы болуп эсептелет.Эми өзгөрүүнү эмнелерден баштасак болот.Алар төмөндөгүдөй :
1.Ыраазычылык. Ыраазычылык жөнүндө -бул бардык жакшылыктардын башаты.Ар бир күнүбүздү ыраазычылык менен эле,ошол күндүн ийгиликтүү өтүшүнө толук кепилдик берет.
2. Кечиримдүүлүк.
Биздин адамдарга болгон кечиримдүүлүгүбүз,ал адамдан мурда да,өзүбүздүн жан дүйнөбүздү керексиз сезимдерди тазалап,биздин алдыга карай умтулуубузга жагымдуу шарттарды түзөт.
3. Сабырдуулук.
"Сабырдын түбү сары алтын " деп кыргыз элинде бекер айтылбаган.Сабырдуулук -бул биздин ички жана сырткы өзгөрүүбүзгө эң чоң таасирин тийгизет.Сабырдуулукка үйрөнүү -ийгиликтин чокусуна чыгуу десек болот.Сабырдуулук -эмоцияны,сезимдерди башкаруучу улуу күч.
4. Кең пейилдүүлүк.
"Пейли тардын -дүйнөсү тар" дегендей,пейилибизди тарытпайлы. Аалам чексиз,дүйнө чексиз,байлык да чексиз.Андыктан,бири-бирибизге жок дегенде жакшы сөзүбүздү аябайлы."Жакшы сөз жан эргитет" Биз жакшы сөзүбүздү,жакшы сезимибизди айтсак,андай сөз,андай сезим бизге жүз эселеп кайтып келет.Бул Ааламдын тайбас мыйзамы.
5. Күлкү.
" Күлкү- ден соолуктун мүлкү" Бул сөздүн маани-маңызын чындап түшүнгөн адам эч качан карыбайт.Ар дайым өзүңүзгө,башкаларга күлкү тартуулаңыз.Жөн эле эрте мененки бир адамга болгон жылмаюуңуз ошол күнү чынжыр реакциясы аркылуу миңдеген адамдын көңүлүн ачышына шек жок.Анткени күлкү -бул жугуштуу сезим.Күлкү адамды жашартып,денин сак кылат.Бул илимий такталган чындык.Ден соолугуңуз чың болушун кааласаңыз -күлүңүз!
Ар дайым күлүп жүрүңүз." Өмүр бардыгына күлкү тартуулайт,бирок тилекке каршы көпчүлүгүбүз өмүрдү узартуу үчүн күлбөйбүз".
Андыктан бир келген жашоодо өмүрүңүздү күлкү сезимине чаңкатпаңыз.
6. Сүйүү.
Сүйүүнүн чеги жок.
Сүйүү-бул Жараткан берген эң улуу сезимдердин башаты.Сүйүү жаратат,кара өзгөйлүк талкалайт.
Ата-энеңизди сүйүңүз,жолдошуңузду сүйүңүз,балдарыңызды сүйүңүз.Ааламды сүйүңүз, табиятты сүйүңүз,Жерди сүйүңүз,кумду сүйүңүз, ташты сүйүңүз,ал эле эмес пайда болгон көйгөйдү да сүйүү аркылуу жүрөгүңүздөн өткөрүңүз,ал өзүнөн-өзү чечилет.Дүйнөдөгү бардыгын жүрөгүңүздөрдөгү сүйүү фильтри аркылуу өткөрсөңүз,сиз үчүн бул Ааламда негативдүү эч нерсе калбайт.Сүйүү өмүрүн сактайт,сүйүү ооруган адамга эң сонун даары болот,сүйүү адашкан адвмга эң туура багыт берет,сүйүү максатсыз жашоого маңыз берет.Андыктан ар дайым сүйүңүздөр жана сүйкүмдү болуңуздар.
7. Жоопкерчилик.
Жоопкерчилик.
Биз качан бардык жүз пайыздык жоопкерчиликти өзүбүзгө алгандан баштап,чыныгы өзгөрүү жолуна түшөт.Эгерде сиз жоопкерчиликтин маанисин чындап түшүнсөңүз,сиз үчүн " күнө коюу" деген сөздүн маанисин жоготот.Анткени,биз жашообуздун кожоюнубуз.Жашообуздагы бардык нерсени,окуяны,биз өзүбүз жаратабыз.
8. Изденүүчүлүк.
Биз өзгөрүү үчүн,изденүүчүлүк касиет да эң керектүү касиеттердин бири болуп эскптелет.Анткени,биз, жан дүйнөбүздү өсүп -өнүктүрүү үчүн өмүр бою окуп билим алсак да жетишсиз боло.Ар бир күндү текке кктирбей өзүбүздү өнүктүрүү үчүн аракет кылалы.Анткени, сырткы дүйнөнүн көз карашы -бул ички сезимдерибизден чагылган көз караш.
© 2020, Боронова Жыпаргул Топчуевна 576