СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Прфессор А. Молдокулов атындагы УИТМЛинин башталгыч классынын мугалими: Асанкадырова Гүлүмкан
Сабактын темасы: Дүйнөдө баарынан эне – ыйык.
Сабактын максаттары:
-билим берүүчүлүк : Эне – бул баардыгыбызга дүйнөдөгү табылгыс, тендешсиз улуу адам,эненин жүрөгүндөй эч кимдин жүрөгү сокпойт, энелер ар дайым баласы жөнүндө ойлойт,бала үчүн эне ыйык, эненин сүйүүсү эч нерсеге алмашкыс экендигин түшүнө алышат. Эненин баласына болгон мээрими,эркелеткени баарынан кымбат болоорун биле алышат.
-өнүктүрүүчүлүк: Эненин балага өмүр тартуулаган улуу касиеттерин, эмгектерин баалоого үйрөнүшөт.
-тарбия берүүчүлүк: Эне мээримин сезе билүүгө,ар бир жасаган жакшы иш менен ата – энени кубантууга, эненин эмгегин даңктап, урматтоого, сыйлоого, эненин ак сүтүн актоого тарбияланышат.
Сабактын формасы: Тарбиялык саат.
Сабактын жабдылышы: Энелердин эмгектерин даңазалаган слайд,сүрөттөр, макал-лакаптар, буклеттер ырлары, сүрөттөрү менен, кластер, синквейн окуучулар түзгөн.
Сабактын жүрүшү: Окуучуларга майрамдык маанай тартуулоо менен сабакты уюштуруу.
Мугалимдин сөзү: Мен энемин ! ( ыр окулат)
Мен энемин ! Жерге тынчтык тилеген,
Мен энемин ! Бала сүйүп таптаган.
Мен энемин! Үй бүлөнүн туткасы,
Улуулукту, сулуулукту баптаган.
Мен энемин ! Ынтымакты эңсеген,
Бүт ааламга жылуулукту көздөгөн,
Мен энемин Жумшак таза жүрөгү.
Ачуулансам аягына жетпеген.
- Балдарым, мен силерге ким жөнүндө ыр окуп бердим ?
- Ооба, туура айтасыңар биздин ардактуу энелерибиз жөнүндө жазылган ырды уктуңар. Президенттин жарлыгы менен энелер үчүн биринчи жолу 2012 – жылы
20 – майда Кыргызстаныбызда улуу майрам жарыяланды. Ал майрам –« Энелер күнү» деп аталып,май айынын үчүнчү жекшембисинде өлкөбүздө мындан ары жыл сайын белгиленип, майрамдалмакчы. Анткени үй – бүлөдө жана коомдо эненин ролу зор экени талашсыз. Мындай майрам жер шарынын айрым мамлекеттеринде да бар. Быйыл болсо 20 – май жекшемби күнгө туура келип, ар бир үй –бүлө балдары менен кубанычта майрамдамакчы.
Эне – бул бардыгыбызга дүйнөдөгү табылгыс, теңдешсиз улуу адам,
Энелерге арналып эчен ырлар, поэмалар, дастандар жазылган жана да жазыла бермекчи. Ардактуу энелер, силерге чың ден соолук, бакубат жашоо каалайбыз. Үйүңөргө ырыскы, береке конуп, ынтымак ырашкерлик ыроолосун. Ар дайым бар болуңуздар!
Алдейлеген бермет болсоң сен эгер,
Арча бешик океанга теңелер.
Ал бешикти кирпик какпай терметкен,
Аман болсун бул жашоодо энелер, демекчи балдарым, сөз кезеги силерде:
1 – окуучу: Энени – акын жоктур ырдабаган,
Энени – адам жоктур сыйлабаган.
Эзилип күнү - түнү түйшүк менен,
Энени – бала жоктур кыйнабаган.
2 – окуучу: Алдейледиң, алпештедиң өстүрдүң,
Ак сүт берип ыйлаганда соороттуң.
Нечен түндөр уйку көрбөй терметип,
Келечекте адам бол деп тиледиң.
3 – окуучу: Бүт өмүрүн балдарыңа арнадың,
Балаң үчүн канча азап тартпадың.
Энекебай эми мен да сен үчүн,
Бүт өмүрүм, эмгегимди арнаймын.
4 – окуучу: Энекебай аппак аткан таңымсың,
Энекебай жарык менин шамымсың.
Бир өзүңдү ардактаймын, даңктаймын,
Канткенде мен ак сүтүңдү актаймын ?
5 – окуучу: Эне үйдүн – куту. Баланын, үй –бүлөнүн бактысы.Турмуштун эчен азап – тозогун башынан өткөрүп, чоңойткон балдары үчүн өмүр бою кам көрөт. «Карга сүйөт баласын аппагым деп, кирпи сүйөт баласын жумшагым дегендей “- эне үчүн баласы дайым жаш. Уулу эрезеге жетип – ата болсо да, кызы бойго жетип – эне болсо да, эне алар үчүн кам көрүп жанын курман кылууга даяр. Ал эми бала үчүн, эне чоң бакыт. Эне үйдө бир минута жок болсо, үйдүн куту кача түшкөнсүйт. Эшикке кирип – чыгып тезирээк келишин күтүп тынчсызданасың. Алыстан карааны көрүнгөндө алдынан утурлай чуркап тососуң. Алыста журсоң « Азыр эле канатым болсо учуп жетсем деп, кыялданасың».
6 – окуучу: Апакем
Күндүр – түндүр көтөрүп, Өмүр бою карызмын,
Мээрим төгүп өстүргөн. Өмүр бою сүйөмүн.
Апам мени бапестеп, Апакемдин ак сүтүн,
Эрезеге жеткирген. Актоо менин тилегим.
7 – окуучу: Эне деген өзүнчө бир керемет,
Энелерге тең келе албайт эч бир күч.
Баардыгыбыз эне баркын билели,
Энелерди урмат – сыйга бөлөйлү.
8 – окуучу: Эне деген өтө сүйкүм, мээрман,
Эне баатыр, түйшүктөрдү жеңе алган.
Асылдарды, баатырларды төрөгөн,
Эне менен адам заты көгөргөн.
9 – окуучу: Кыргызстандагы «Энелер күнүн» майрамдоо биз үчүн бул жакшы саамалык. Анткени кайсы мамлекетте болбосун, эне ыйык, бийик. Эне болбосо биз кайдан жаралмак элек бул дүйнөгө. Майрамдын болуп турушу баланын энеге болгон сүйүүсүн, сезимин күчөтөт. Энени сыйлоо, урматтоо асыл сапаттарыбыз экенин дагы-дагы терең түшүнөбүз. Бул күнү балдары энесине арнаган белектерин тартуулашып, жүрөктөн чыккан каалоо- тилектерин билдиришет. Энелер үчүн бир кун майрам аздык кылат, ошондуктан ар бир күнүн майрамга айлантып кубантып турсак, кандай сонун! Энелерге өмүр бою карызбыз!
“Мен дүйнөнү апам менен аанысам” Маралдын аткаруусунда.
10 – окуучу: Кубандырып энелерди, балдарды,
Президентибиз сүйүнүчтү кабарлады.
Май айы «Энелердин күнү» деп,
Энелерди дүйнө элине даңктады.
11-окуучу: Эне ыйык, эне бийик дүйнө элинде,
Энени даңктап келет ар бир элде.
Эненин тилегине жетпейт ченем,
Эненин ак сүтүн актай албайт эч бир пендем.
12-окуучу: Алтын апам, жаркын апам,
Мага чынар терексиң.
Назик апам, сүйкүм апам,
Мага дайым керексиң.
Сүрөттөрдүн парады:
Окуучулар өздөрү апаларына арнап тарткан сүрөттөрүн көрсөтүп,чыгарган ырларын айтып беришет.
1-окуучу: Мен апаке күндү тартам, Күмүш нурун жактырам.
Сизди дагы күнгө теңейм,
Бүт ааламга жарык чачкан.
2-окуучу: Мен апаке гүлдү тартам, Суктандырып караткан.
Менин апам бүт дүйнөгө,
Кооздуктарды жараткан.
3-окуучу: Мен апаке көлдү тартам,
Менин апам кең пейил,
Көлдөй терең акыл берген,
Мен апамды сүйөмүн.
4-окуучу: Мен апамды тоого теңейм,
Аскасы асман тиреген,
Жылуулукту, сулуулукту,
Дүйнө эли бүт көргөн.
5-окуучу: Мен апаке жерди тарттым,
Дүйнө жүзүн көтөргөн,
Апакемдей күчтүү адамды,
Эч бир жерден көрбөгөм.
6-окуучу: Мен апаке айды тарттым,
Караңгыда жол көргөзгөн.
Апакемдей асыл жанды,
Ардактаймын сүйөмүн.
7-окуучу: Мен апаке жылдыз тарттым,
Жымыңдашып нур берген.
Апакемдей акылмандык,
Табылбасын мен билем.
8-окуучу: Мен апаке ак куу тарттым,
Көлдө сүзгөн апаппак.
Айкөлдүктү,теңчиликти,
Теңирим берген апама.
-Кана, эмесе балдар энелерибизге арналган макалдардан эсибизге салалык:
- Эне - ыйык баарынан.
- Эне – үйдүн куту.
- Энесиз жашоо караңгы түнгө барабар.
- Баланын билеги ооруса, эненин жүрөгү ооруйт.
- Эне сыйлаган, элге жагат.
- Эне көргөн тон бычат.
- Эне күйүп турган шам чырак.
- Энелер жашообуздун – тиреги.
- Апа барда аппак болот жакалар,
Ар күнүнө түзөтүлөт каталар.
Сценка : Эненин жүрөгү.
Катышуучулар: автор, энеси, баласы, баласынын сүйлөшкөн кызы.
Жаз мезгили. Айлана жапжашыл, түркүн гүлдүн жыты аңкыйт.
Кубулжуган куштардын не бир укмуш үндөрү көңүлүңдү көтөргөн убак. Эне күндөгүдөй эле бактын көлөкөсүндө жип ийрип отурат.
Ойлогону жалгыз баласы. Балам бактылуу болсо деп кудайдан тилегени,тилеген. Капыстан баласы шашып үйгө келип калды.
Апасына айта турган сөзү бардай. Бирок кыйналган түрү бар.
-Апа, апаке ов сизден бир нерсе сурасам бересизби?
- Балам, сенден кара жаным садага, айт, айта гой эмне сурайын дедиң эле. Сен эмне кааласаң аткарам балам.
-Апаке, мен бир кыз менен сүйлөшүп жүрөм. Ал энеңдин жүрөгүн
сурап келсең, анан мени менен сүйлөшөм дейт. Журөгүңүздү бересизби апаке - деп баласы шашкалактайт.
-Балам, сенден мен кара жанымды да аябайм, ал ала гой деп жүрөгүн сууруп берет.
Бала болсо энесинин жүрөгүн кармаган бойдон шашып чуркап жөнөйт. Чуркап бара жатып, чалынып жыгылып кетет. Ошондо эненин жүрөгүнөн жалынычтуу үн угулат.
-Айланайын балам, бир жерин катуу ооруган жокбу, каралдым ай акырын бассаң болмок.
Кыз болсо баланын акылын сынаган тура. Энесине боорукер, кайрымдуу болбосо, мага эмне кереги бар деген экен. Ошондон улам эл ичинде, «Баланын билеги ооруса, эненин жүрөгү ооруйт» деген макал айтылып калыптыр.
- Эми балдар энелерибизге арнаган аңгемелер пирамидабызды доскага илип, каалагандар окуп берелик.
Баардык окуучулар жазып келгендерин доскага илишет. Айрымдары убактыга карап окуп беришет.
Мисалы: Эне
Эне ыйык.
Энесиз жашоо кыйын.
Ал мээримдуу, чыдамкай, күчтүү.
Энелерибизди дайыма сыйлайлы, урматтайлы, барктайлы.
Энелерибиздин ак сүтүн актап, жакшы окууга аракеттенели.
- Жеке номер: «Энекем» Аскардын аткаруусунда.
-Жеке номер: « Энекем». Манас менен Кудайбердинин аткаруусунда.
-Жеке номер: « Ак кайыӊ” бийи.
Синквейн.
Эне ( зат атооч)
Акылдуу, боорукер. ( сын атооч)
Чоңойтот, бапестейт, аянбайт. (этиш)
Энемди кубантып дайыма жакшы окуйм.(суйлөм)
Адам. ( синоним сөз)
9 – окуучу: Уккулуктуу эне деген атың кандай,
Эркелеткен сөздөрүң ширин балдай.
Эненин мээрими артык бала үчүн,
Дүйнөнү коргоо үчүн жаралгандай.
10 – окуучу: Эне баарын сүйүп барктаган,
Эне баарын куштай таптаган.
Эне ак сүтүн берип бөпөлөп,
Түн уйкусун бөлүп жатпаган.
11-окуучу: Эне – аял – үйдүн куту. Кут дегенибиз – бул жакшылыктын уюткусу. Эне болбосо жашоо көңүлсүз, үйдө кабак ачылбайт, балада да, кызда да маанай жазылбайт. Ал эмес ата да адегенде эле босогодон аттаганда эле балдардын апасын сурайт. Балдардын бактысына дайыма бар болгула,биздин энелер !
Манас эпосунан үзүндү айтышат. « Каныкейдин тайторуну чапканы»
Жеке номер: « Эстүү болсо балдары».
Хор: «Айым, күнүм ата-энем!»
Жыйынтыктоо: Мугалимдин сөзү : Урматтуу балдарым, кыздарым силер бүгүнкү сабакта өзгөчө азамат болдуңар. Энелер жөнүндө айткан көркөм ырларыңар, макалдарыңар, тартткан сүрөттөрүңөр менен энелерге арнап чыгарган ырларыңар, аткарган сценкаңар, аңгемелер пирамидасы, синквейндер, кластериңер ушунчалык жакшы болду. Өзүңөр айткандай баарыбыз энелерибизди дайыма ардактайлы,сыйлайлы, кадырлайлы, урмат– сыйга бөлөйлү. Энелер ар дайым балдары, кыздары менен эл алдында, Мекен алдында сыймыктансын. Айткан тилегинер кабыл болсун!