СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Энелер мектебинин программасы

Нажмите, чтобы узнать подробности

№3 эксперименталдык гимназиядагы класстар аралык “Энелер мектебинин” болжолдуу программасына түшүндүрмө кат.

Окуучулардын билим-тарбия сапатын жакшыртуу үчүн жалгыз мектептин, мугалим класс жетекчинин ишмердүүлүгү аздык кылышын эске алып, 25 жылдык педагогикалык эксперименттин натыйжаларынын негизинде ата-энелердин педагогикалык маданиятын өркүндөтүү аркылуу окуучулардын билим-тарбия сапатын жакшыртуу үчүн бул программа түзүлдү.

Жалпы гимназиялык энелер мектебинен айырмаланып класстар аралык “Энелер мектебинде” 1-класстан баштап ар бир класстын жаш өзгөчөлүктөрүн эске алып үй-бүлөдө балдарды тарбиялоодо ата-энелерге жардам берүүчү, усулдук багыт берүүчү темалар камтылды.

Программада алгач 1-11-класстардын ар биринин жаш өзгөчөлүктөрү, моралдык-психологиялык өсүү закон ченемдүүлүктөрү жана ошолорго ылайык тарбиялык таасир берүү методдору камтылды.

Мында балдарды мектепке, мугалимге урмат-сый, кызыгууга тарбиялоо, үй-бүлөдөгү моралдык-психологиялык климат, өзүн-өзү тарбиялоо, өзүн-өзү тейлөө, акыл эмгеги жөндөмүн өстүрүү, ой-өрүшү кругазорун өстүрүү ж.б. темалары камтылды.

Өзгөчө балдардын үй тапшырмасын аткаруусун уюштуруу, ага шарт түзүү, контролдоо, эс алуусу, тамактануу, ойноо, эмгектенүү ж.бны туура уюштурууга маани берилди.

Балдардын чарчап чалыгуусу, баш-нерв ооруусунун алдын алуу, ден- соолугун чыңдоо, спорт менен машыгуусу ж.б арналган темалар бар.

Бала тарбиясында ата-эненин жеке үлгүсү, тарбиянын максат, методдору, сырлары жөнүндөгү темалар берилип, амалияттык иш, машыгуу, көнүгүүгө саат бөлүнгөн.

Класстарына ылайык тарбиянын түрдүү багыттары: акыл-эс, эмгек, адептүүлүк, ыйман, эстетика, этика ж.блар камтылган.

Класстар жогорулаган сайын ата-энелерге өтүүчү темалар бир аз татаалдашып, жаш өзгөчөлүгүнө ылайык темалар камтылган. Мисалы: 9-10-класстарга: Эл жерин сүйүү, досторду, чөйрөнү туура тандоо, адамдар менен туура мамиледе болуу, балдар жана кыздарды тарбиялоонун өзгөчөлүктөрү ж. алар камтылган.

9-11-класстарда зачет, экзамен, ЖРТке даярдануу, убакытты туура пайдалануу, ишмердүүлүктү уюштурууга үй-бүлөдө тарбиялоого багыт берилген.

Ар бир темага 2 сааттан убакыт бөлүнүп анын бир сааты теория, бир сааты амалияттык иш, тренинг, тажрыйба алмашуу ж.б түрүндө өтүлөт.

Бул тарбиялык сааттарды ушул программанын негизинде “Ата-энелер сиздер үчүн” китебини пайдаланып ар бир класс жетекчи өтсө болот.

Алгач мектептин жалпы класс жетекчилери үчүн, айыл-өкмөт, райондун жалпы класс жетекчилери үчүн 1-2 күндүк усулдук семинар-тренингди автор тарабынан өтүлсө жакшы болот.

Бул 20 сааттык Энелер мектебини өткөрүүнүн 3-4 варианты бар. 1-вариант жазгы каникулда (март), кышкы каникулда (январь) 1 күндө 5-6 сааттан өтүп 4 күндө бүтсө болот. 2-вариант күнүнө 8-10 сааттан өтүп 2-3 күндө бүтүрсө болот. 3-вариант жумасына 2 сааттан өтүп 2-3 айда бүтсө болот.(ишемби күндөрү) 4-вариант 10 теманын негизини алып тезис түрүндө обзор лекция кылып, бир чоң ата-энелер чогулушунда өтүп бүтсө болот.

Класс жетекчи мугалимдеге жардам үчүн программанын акырында тиешелүү адабияттар сунушталды. Мындан тышкары “Шоокум” журналы жана автордун сунушу менен чыгарылган “Ата-энелер сиздер үчүн” журналы пайдаланылса болот.

Энелер мектебинин бул сабактарына балдары мыкты окуган ата-энелер, тажрыйбалуу лекторлор, дарыгерлер чакырылып жолугушуулар өткөрүлсө болот.

Ар бир тема өтүлгөндөн кийин кийинки сабакта текшерилип атайы журналга бааланып андан кийин жаңы тема өтүлүп барылат.

Энелер мектеби курсунун акырында тегерек стол, тажырыйба бөлүшүү, суроо-жооп, анкета толтуруу, үлгүлүү үй-бүлөлөргө экскурция уюштуруу ж.блар өткөрүлсө болот.

Программа жаңы сунуштар менен толукталып, өркүндөтүлүп барылат.

Муктаж болгондорго консультация берүүгө атор дайыма даяр. Сиздерге ийгилик каалап автор Гапыр Мадаминов. Бишкек. Ворансовка. 14.08.2016.

«Бекитемин»

“Достук” орто мектебинин директору:

________Тургунова А.А

«____»____________20___-ж

“Достук” орто мектебинин мугалими

Сатыбалдиева Космиранын

ЭНЕЛЕР МЕКТЕБИНИН программасынын негизинде түзүлгөн

5-6- классынын иш планы.

Тема:

Сааты

теория

Мөөнө тү

практика

Мөөнө тү

  1. Энелер мектебинин максаты, мааниси.
  2. 12-13 жаштагы балдардын жаш өзгөчөлүгү жана аларды тарбиялоонун методдору.
  3. Билимге кызыгуу, умтулуу, өз алдынча окууга тарбиялоо.
  4. 12-13 жаштагы балдар үчүн адабий китептер жана аларды чогуу окуу.
  5. Бул балдардын үй – бүлөдөгү эс алуу, ойноо, эмгектенүү, сабакка даярдануусун уюштуруу.
  6. Балдарда туура каалоо, кызыгуу жана керектөөну тарбиялоо.
  7. Нерв ооруулары жана баш ооруунун алдын алуу.
  8. Өзүн – озү өстүрүүгө жана өзүн – өзү тарбиялоого үйрөтүү.
  9. Эмгекчилдикке, тырышчаактыкка, жоопкерчиликке тарбиялоо.
  10. Үй тапшырманы аткаруу жана өз алдынча аткаруусун көзөмөлдөө.

1

1

1

1

1

1

1

1

1

1

1

1

1

1

1

1

1

1

1

1

Түзгөн: Г. Мадаминов.

Адабияттар:

  1. Ата – энелер сиздер үчүн.
  2. Акыл Эмгегинин Маданияты.
  3. Устаттык өнөрү.
  4. Билим Жолундагы өмүр.
  5. Ой өрүшү – кругозор
  6. Шоокум журналы.
  7. Сухомлинский, Макаренконун эмгектери.
  8. Санат, насыят, эмгек ырлары.
  9. Чырпыктан чынарга.
Категория: Внеурочка
16.01.2020 19:08


Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!