СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Еврейлердин макалдары

Нажмите, чтобы узнать подробности

  1. Кара далы кыз турмушка чыгар замат, жаш келинге айланат.
  2. Ата-энелер балдарын сүйлөгөнгө, балдар ата-энесин унчукпоого үйрөтөт.
  3. Алыстан бардык адам жакшы көрүнөт.
  4. Минип алып жаштыкты кууп жетүүгө мүмкүн болгон жылкы туула элек.
  5. Ак чач – акылмандыктын эмес, карылыктын белгиси.
  6. Мыкты сүйлөгөнгө караганда, мыкты унчукпоо кыйыныраак.
  7. Балким, жумуртка чындап эле тооктон акылдуураактыр, бирок алар бат сасыйт.
  8. Жаман аял жамгырдан жаман: жамгыр үйгө киргизет, ал эми жаман аял үйдөн кууйт.
  9. Дүйнө адамдардын көптүгүнөн эмес, адам эместердин көптүгүнөн жок болот.
  10. О Жараткан! Бутума турганга жардам бер, жыгылганды өзүм деле билемин.
  11. Эгерде жашоо жакшы жагына өзгөрбөсө, күтө тур, ал жаман жагына өзгөрөт.
  12. Сүйүү канчалык таттуу болбосун, андан шире жасай албайсың.
  13. Кыларга иш жок болгондо, улуу иштерге билек түрүшөт.
  14. Балдары жок адам балдарды жакшы тарбиялайт.
  15. Коркуп өлгөнчө, күлүп өл.
  16. Адамдар кетирген жаңылыштыктарын тажрыйба деп аташат.
  17. Адам карыган сайын начар, бирок көбүрөк көрө баштайт.

Которгон Назгүл ОСМОНОВА

Категория: Всем учителям
04.06.2021 06:34


Рекомендуем курсы ПК и ПП