СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Фанатизм, жалпысынан айтканда, кандайдыр бир идеяга, ишенимге ж.б. нерсеге абдан катуу берилүү, аны жан-дили менен колдоо жана коргоо болуп саналат. Фанатизмге оогон адам өз пикирин жана ага байланыштуу өзүнүн иш-аракеттерин абсолюттук түрдө туура деп эсептеп, башкалардын пикирин жек көрөт.
Фанатиктин аң-сезиминде дүйнө “биз” жана “алар” деген эки топко бөлүнөт. Айрыкча фанатизмдин коомду ойрондото турган күчкө ээ түрлөрүндө (мисалы, диний, улутка карата фанатизмде) фанатиктер “алар” деген топтогуларды дүйнөдөгү бардык негативдүү нерселердин, жамандыктардын булагы катары көрүшөт.
Ошондой эле дүйнөнүн жаман да, жакшы да сапаттарга ээ болгон ар кандай адамдардан турарын кабылдашпай, дүйнөнү жакшылык менен жамандыктын, ак менен каранын согуш майданы деп элестетишет.
Фанатиктер “биз” деген топтогуларды – демек, өздөрүн – кудай тандаган адамдар, адеп-ахлактуулуктун эталону деп санашат. Фанаттар башкаларга толеранттуу мамиле кыла албайт жана бир нерсени объективдүү баалаганга жөндөмсүз келишет.
© 2021, Раманкулов Мухаммед-Назар Эрназарович 686