СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
География - (
Географиялык ой-пикирлердин өөрчүшүнүн негизги этаптары (маанилүү географиялык саякаттар жана ачылыштар жөнүндө кыскасы географиялык ачылыштар макаласынан)
География эзелки илимдерден. Алгачкы географиялык маалыматтар кул ээлөөчүлүк доордогу чыгыш элдеринин жазмаларынан кезигет. Географиялык кубулуштарды жана процесстерди табигый-илимий көзкарашта, бирок ой жүгүртүү, жоруу деңгээлинде түшүндүрүү биздин заманга чейинки 6-кылымда башталып, илимде 2 географиялык багыт жалпы жертаануу же физикалык география (негиздөөчү Аристотель) жана өлкө таануу (негиздөөчү Геродот) пайда болот. Ошол убакта Жердин формасы шарга окшош экендиги жана анын бетп 5 жылуулук алкагына бөлүнөрү жөнүндөгү ойлор пайда болгон. Биздин заманга чейинки 3-2-кылымда математикалык география негизделет. Александриялык грек Эратосфен өзүнүн «География» деген эмгегин жазып, Жер шарынын айланасынын узундугун 1-жолу дээрлик тактыкта аныктаган. Байыркы География Страбон менен Птолемейдин эмгектеринде (биздин замандын 1-2-к.) биротоло негизделген. Страбон өлкөтаануу багытын өөрчүтсө, Птолемей географиянын милдети карта түзүү деп санаган. Феодалдык Чыгышта (Кытай, Араб халпфаты, Орто Азия, Иран) Европага караганда география илиминин өнүгүшү жогорку деңгээлге көтөрүлүп калган: ар-түрлүү аймактар, элдер, жолдор, саякаттар жөнүндө көп сандаган эмгектер жазылган; математикалык география өөрчүп, карталар түзүлгөн. Географиялык улуу ачылыштардан кийин география илим билимдин алдыңкы тармактарына кошулат. Карталар, 16-кылымдын аягынан тартып атластар түзүлө баштайт. Географиялык ачылыштардын натыйжасында Жердин чондугу жана формасы, Дүйнөлүк океандын биримдиги, деңиздик агымдар, туруктуу шамалдардын алкагы жана башка аныкталып, бирок материктердин табияты алп толук изилденген эмес. Географиялык улуу ачылыштардын илимий корутундулары голландиялык географ Б. Варениустун (1650) «Географпя генералис.» деген эмгегинде жыйнакталган. Жердин негизги сфераларынын (литосфера, гидросфера, атмосфера) өзгөчөлүктөрүн көрсөтүп, ал география «жер-суу шары» жөнүндөгү илим деген жыйынтыкка келет.
17-кылымдын 2-жарымы 18-кылымдын 1-жарымында Жердин жаратылышын, андагы кубулушгардын, процесстердин себептерин, айрым өлкөлөрдүн табигый шарттарын изилдеп үйрөнүүгө көп көңүл бурулат; Жердин ар кайсы бөлүктөрү картага түшүрүлүп, экономикалык География алгачкы кадамдарын жасайт. 18-кылымдын 2-жарымында атайын табигый-илимий экспедициялар уюштурулуп, айрым табиятчылар кубулуштардын бири-бири менен болгон байланыштарын үйрөнүүгө умтула баштайт.
19-кылымда географиянын өсүшүнө, анын илимий милдеттерин аныктоого немис географтары А. Гумбольдт менен К. Риттер чоң салым кошкон. Жердин табияты жөнүндөгү илимдеги түшүнүктөрдү талдап, А. Гумбольдт («Космос», 1845-62) Жер кубулуштарынын жалпы законченемдүүлүктөрүн жана ички байланыштарын изилдөө физикалык географиянын милдети деп эсептесе, анын замандашы К. Риттер жердин ар кайсы аймактарын, өзгөчө өлкөлөрдү бири-бири менен салыштырып мүнөздөөгө негиз салган. Гумбольдт географияны табигый илим катары түшүнсө, Риттер аны гуманитардык, өлкө таануу илими деп санаган. География өз ичинен тарамдалып, анын түзүүчү бөлүктөрү өзалдынча өнүгө баштайт.
© 2020, Кубатов Алтынбек Кубатович 479