СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук компьютердик гимназиянын башталгыч класс мугалими Г. Асанкадырова
Гумандуу педагогика жөнүндө сөз
Гумандуу педагогика мектептин, мугалимдин, азыркы замандагы ардактуу миссиясы тууралу, билим берүүдө, жаш муундарды окутуп, тарбиялоо практикасында буга чейин орун алып келген жана али да жашап жаткан кунарсыз, колөкөлүү көрүнүштөр жөнүндө, бүгүнкү күндө балага, окуучуга карата жаңы көз карашты, жаӊы педагогикалык философияны тутунуунун, жеткинчектерге, өспүрүмдөргө карата мамилени олуттуу түрдө гумандаштыруунун, демократиялаштыруунун, методикалык амалдарды жана аспаптарды жаӊылоонун зарылдыгы жагдайында далилдүү, кызыктуу, мазмундуу сөздөр баяндалат.
1.Авторитардык педагогикадан гумандуу педагогикага карай же билим берүүдө жаӊы ой жүгүртүү деген эмне?
Бүгүнкү бөлөкчө жаӊы заман,өзгөргөн коом адамдын,инсандын жаӊы тибин талап кылып жатат. Алысты көргөн даанышмандар,көсөмдөр жана билермандар ададмзат коомунун ургалдуу.нарктуу, уюткулуу керек болсо кой үстүнө торгой жумурткалаган бакыбаттуу келечеги,анын ичинде кыргыз жумуриятынын жаркын болочогу,эртенки күнү жаӊы инсандын, жаӊы рухтун тарбияланып,калыптанып,тарыхтын сахнасына чыгып келишине тыгыз байланышат деп болжоп жатышат.
Чындыгында тарыхтын тажрыйбасы көрсөткөндөй эгер адам баласы өзү ички жан дүйнөсү жагынан,жанрух жагынан жаӊыланбаса,пенде ич жагынан кайра курулуп,пейили тазаланып,жан тирлиги жаӊырып,өзүнүн ички өзөгү жагынан өркүндөп чыкпаса, шашылыш тышынан жасалган революцияларыӊ, төӊкөрүштөрүӊ жана реформаларыӊ жарытылуу натыйжа бербейт экен.
Мына ушундай шартта педагогика чоӊ ишеним, чоӊ милдет жүктөлүп отургандыгын айтпаса да түшүнүктүүдүр.
Эмесе,ошол дүйнө, коом көздөп турган, мүдөө кылып турган жаӊы инсандын,жаӊы адамдын башаты кай жактан башталат, ал каерде түптөлөт,адегенде кайсы уядан тапынып учуп чыгат,кимдин колунда тапталат? Албетте,жаӊы рух,жаӊы ыйман-пейил, жаӊы билим МЕКТЕП деген алтын уяда каймактайт, МУГАЛИМ деген ыйык ысымдуу улуу адамдын колунда көз жарат, торолот.
Тарбиялап жаткан адамдын өзү тарбияланган болуш керек дегендей.же дүйнөнү өзгөртөм десеӊ, анда ал ишти адегенде өзүӊөн башта деген сыӊары, эгерде мугалим бүгүнкү замандын жанагындай жаӊы кебетедеги инсанды, жаӊы деӊгээдеги билимди калыптандыруу талабын оорундоого бел байлаган болсо, анда ал көп жагынан өзү да кайра курулушу керек.
Биринчи иретте, педагогдун, окуутучунун интеллектуалдык жактан өйдөрөөк көтөрүлүп чыгып,адам,инсан жөнүндө,окуучу бала жөнүндө өзүнүн көз карашын жаӊыртып,өзгөртүп кайра курушу зарыл болуп олтурат.
Маселенин мааниси түшүнүкүү болушу үчүн мындайраактан баштайлы. Жакшылап байкасак,XVIII-XIX-XX кылымдардагы дүйнөлүк педагогикалык антропологиянын жетишкендиги инсандын кайталангыс индивидуалдуулугу концепциясын иштеп чыккандыгында болгон.мына ошентип,педагогикалык гуманихзм те байыртан бери карай акырындап илгерилеп өсүп жүрүп отуруп,акыры антропоцентризмге,адамдын индивидуалдуу «МЕН»ине келип токтогон.
Коомдо өтүп жаткан социалдык процесстердин,мамлекеттин ичинде жүргүзүлүп жаткан коомдук социалдык –саясий,маданий иш –чаралардын баалуулугу жеке индивидуумдун мүдөө-кызыкчылыктарынын жана муктаждыктарынын оӊутунан туруп өлчөнүшү,ченелип-бычылышы керек дегенди тастыктаган. Классиктердин ою боюнча окутуу,тарбиялоо иши жаш адамдын ички потенциялдуу мүмкүнчүлүктөрүнүн,табигый шык-жөндөмүнүн гүлдөй жайнап ачылышына, адамдык МЕН инин ойгонушуна,өз алдынча ыймандуу инсан,индивидуалдуулук катары эркин өсүп –өркүндөшүнө ар тараптан кызмат кылууга, баланын багынынчсыз эркин ой жүгүртүүсунүӊ чабыттап канат жайышына сүрөө болууга тийиш.
Окутуу,тарбиялоо ишинин тузу,чордону ушунда дешкен. Улуу педагогдор өздөрүнүн сөздөрү менен да,жаӊы нуктагы эксперименталдык –педагогикалык иш тажрыйбаларынын натыйжалары менен да ушундай новатордук идеялык мурасты бизге насааттап таалимдеп калтырышкан. Чынында мына ушундай педагогикалык улуу гуманизмдин духунда окуу- тарбия ишин жүргүзгөн дүйнөнүн алдыӊкы мектептери ийгиликке жетишип келгендигин жана жетишип жаткандыгын турмуш өзү далилдеп отурат. Эмесе, урматтуу кесиптеш, ушул педагогикалык улуу гуманизмдин көз карашынан туруп, мурдагы СССРдеги тоталитардык түзүлүштүн шарттарындагы окутуп-тарбиялоо практикасына бир аз серп таштап көрбөйлүбү. Ырас, Советтик доордо биз кыргыздар сабаттуу, илим-билимдүү болдук. Муну дайыма канаттануу менен эсибизге тутабыз. Бирок биз кандай методдор жана жолдор менен, кандай педагогиканын жардамы менен окуп-чокудук, агарып-көгөрдүк? Чынында эле, ырасын айтканда, Советтик педагогиканын борбордук принциби адамдын эркин индивидуалдуулугун өнүктүрүүэмес,тескерисинче,коммунисттик духтагы коллективдикаӊ сезимди жана жүрүм-турумду калыптанддыруу болгон. Моюн га алуу керек,тоталитардык системанын тушунда биринчи планда жогорку дөөлөт катары жеке инсан эмес, эӊ оболу мамлекет, мамлекеттик идеология, социалисттик коллектив, пионердик, комсомолдук, партиялык уюм,ушул институттардын кызыкчылыктары турган. Жеке адам зор социалисттик мамлекеттик машинанын кичинекей «тетиги»(«винтиги») эле.Мына ушундан улам күн батыштын социолог-философтору,саясатчылары учурунда Советтер Союзундагы марксизм жеке инсан дегенди билбейт деп тура эле айтышкан. Ошол жеке инсанм жогорку асыл нарк катары каралбагандыктан тоталитардык СССРде кийинки эле мезгилге чейин окуу тарбия ишин гумандуу негизде уюштурууга түптүү омок болуп бере турган «Адам укуктарынын Декларациясы» «Баланын укуктары жөнүндө Эл аралык конвенция » сыяктуу эӊ зарыл эл аралык документтер көрүнөө,ачык жарыяланбай,эл арасына таратылбай көмүскөдө кармалып келген.коркунучтуу, жоосу-эркин ойлонгон суверендүү инсан болуп эсептелет.
Мына ошентип, акимчил мамлекет өзүнүн коопсуздугу үчүн жеке инсандын аӊ сезиминин, ой жүгүртүүсүнүн үстүнөн көзөмөл орнотуп, төбөсүнө камчы үйүрүп, ушуга удаа советтик педагогикадан, мектептен өз менчик идеологиясынын официалдуу директивалык нускоолорунун жана жактырган нормаларынын багытында «туура ойлонуп», «туура нук менен баскан» орундоочуларды (исполнителдерди), аткаруучу-тактекеледи, стандарташкан массалык типтерди окуутуп-тарбиялоону талап этүүгө мыйзамченемдүү түрдө кериптер болгон. Совет мектебинин кемчилиги булар болуп чыкты: «Окуучунун акыл-эсинин үстүнөн тоталдык көзөмөл кылуу. Бул көзөмөл акийинки убактарда гана өзүнүн катаалдыгын жумшарта баштады. Окуучуга коомдун мамлекеттин функциясы катары мамиле жасоо.
Мындай «баласыз педагогиканы» мектеп атайылап жасабагандыгын, бул көрүнүш жашап турган тоталитардык системанын ички логикасын өзүнөн-өзү объективдүү түрдө жаралып чыккандыгын түшүнүп коюшубуз керек.
Кантсе да биз СССР педагогикасындагы кай бир позитивдүү нерселерди белгилебей өтсөк адиетсиздик болуп калар. Канчалык калкалап тоссо да, күндүн бетин эч ким жаба албас. Турмуш деген турмуш. Тегерете курчаган алкак, курулган коргон канчалык бекем болсо да, баары бир аларыӊ турмуштун жандуу стихиясын токтотуп тура алмак эмес. Жандуу турмуш агымынын жаӊычыл тенденциялары баары бир тосмолордун арасынан жылчык таап, тышка чыкпай койбойт экен да. Керек болсо, тосмолорду бир күнү жарып да кетет. Акимчил-буйрукчул системанын шартындагы авторитардык-императивдик педагогиканын жалпы короосунда, айдыӊында асфальтты жарып чыккан чөп өӊдүү же тумандуу мунарыкта жарык нур чачып балбылдап күйгөн чырак сыяктуу чыгармачыл, новатордук педагогика да өзүнө өжөрлөнө чыйыр салып, өмүр улап келген. Кыскасын айтканда, тоталитаризмдин антииндивидуалдуулугуна каршы жеке инсанды таберик кылып төбөсүнө көтөргөн мындай гумандуу педагогика канткен менен, СССРге түгөл канатын жайган авторитардык-императивдик педагогиканын жалпы фонунда эпизод мүнөзүндө гана эле же болбосо көз жетпеген зор кургакчыл мейкиндиктин коюнундагы кичине жашыл оазис сымалдуу болчу. Ошентип, жыйынтыктап айтканда СССРдеги социалисттик акимчил-буйрукчул мамлекет сыртынан «Бардыгы адам үчүн!» деп ураан көтөргөнү менен иш жүзүндө инсанды, адам эркиндигин таман алдында басып турган. Ал эми анын бала, бала деген педагогикасы чынында, жанагындай баласыз эле.
Нан деген эски нерсе,байыркы нерсе. Бирок адамзат баласы үчүн нан дайыма жаңы ɵлбɵс,түбɵлүктү кенч. Руханият тармагында да,ɵзү илгери чыкса да,адамзат үчүн нан сыяктуу дайыма жаңы,эскирбеген, туболуктуу,универсалдуу идеялык доолотор болот. Ошондой эскирбеген чордондуу асылнарктары бири-те эбак жаралып,кылымдарды аралап келаткан адам баласы жонундогу улуу гуманистик идеялар. Жеке индивидуумдун «канат бутагы» жайып эркин ɵнүгушү, анын ички мумкунчулукторун жадырап-жайнап кең-кесири ачылышы – классикалык педагогииканын кɵздɵгон асыл мудɵɵсү жана идеалы. Мынакей Ж.Руссонун педагогикалык даанышмандыгы «Билим буру деген балага тыштан таңууланган бир нерселер эмес, тескерисинче билим беру- булл баланын табият, жаратылыш берген жɵндɵмдүүлүктүн менен касиеттеринин табигый ɵсүшү жана ɵнүгүшү».Ал эми ошол эле иДьюнин башкы ою да ушул эле, нукта «Билим берүүнүнүн негизги максаты- мектептеги ар бир баланын акылы менен денесинин, ɵзүнчɵлүүгүнүн толук жана эркин ɵнүгүшүүнүн ар тараптан, бардык амалдар мене сүрɵɵнчү болуу». Ɵйдөтөгү Дьюинин педпгогика, билим берүү ааламындагы бардык жылдыздар жана планеталар - окуучу бала – деген күндү айланып туруш керек деген оригиналдуу акылман идеясы биздин да ички ишенимибиз болуп калганы ылайык. Бүгүнкү демократиянын жана эгемендүүлүктүн шарттарында педагогикалык жаӊылануу, жаӊы педагогикалык ой жүгүртүүгө ээ болуу деген нерсе ушундай гуманисттик концепция менен куралданууну түшүндүрөт.
Баланы күткөнү,психологиялык муктаждыгы, кардарчылыгы ушундай экен, сен аны ассолом алейкум, айланайын жаш досум – деп, ак пейилден жаркылдап күлүп, алдынан тосуп чыгышыӊ керек экен. Артист болуп кубулуп, окуучунун өзүнө айлана билип, өзүӊдү анын ордуна коюп, айлана-тегерекке баланын көзү менен карап, анын кайгы-кубанычы менен жашай билишиӊ керек экен. Окуучунун инсанын, индивидуалдуулугун урмат кылып, анын каалоо-тилегин, дымагын, үмүттөнгөн, атаан кылган, күткөн нерсесин сыйлап, ишеним көрсөтүп, окуусуна, ишине сүрөөнчү болуп, далыга чаап, көтөрмөлөп, жакшы сөздүн аябай мактап турушуӊ зарыл. Атактуу педагог Януш Корчак биздин алдыбызда бала эмес, адам турат, чындап карасак, бала деген жок, кичинекей адам деген бар деген ойду айткан тура. Ушул оӊуттан караганда, айрым алдыӊкы педагогдор сунуш кылгандай, мектептеги өз ара мамилени окутуучу-окуучу деген официалдуу алкакта эмес, АДАМ ОКУТУУЧУ – АДАМ ОКУУЧУ деген багытта куруу жана өнүктүрүү абдан туура.
2.Эне тилге кайтып келүү.
«Ɵзгө тилди канча жакшы көрсөм да, өз тилимди сүйгөнүмдөн жаӊылбайм», деп акын абдан таамай айткан. Бөлөк тил кантсе да, биздин колубуздагы инструмент, пайдалана турган курал. Ал эми эне тилибиз болсо, кан-жаныбыз менен кошо бүткөн, боор эт менен теӊ, эч нерсе менен алмаштыргыс ыйык дөөлөтүбүз, сыймыгыбыз. Бекеринен «Эне тилим- эне сүтүм» деген акылман учкул сөз арабызда жашабайт. Кыргыз тили – өз алдынча улут экенибиздин эӊ орчундуу белгиси. Демек, эне тилди сүйүү, урматтоо, ыйык тутуу – эгемендүү республикабыздын ар бир атуулунун нравалык жүрүм-турумунун башкы критерийлеринин бири болууга тийиш.
Эне тилибиз – улуттук жүзүбүз, дагы айталы,өз алдынча эл экендигибизи билгизген ыйык белгибиз. Маӊкуртчулугубузду, кайдыгерчилигибизди чечкиндүү силкип таштап, мамлекеттик тилибиздин таламдары үчүн баарыбыз чукулунан жапырт баш кошуп шымаланып активдүү иштей турган мезгил жетти. Кайдыгерликтин, сөз жумдулуктун мындан аркы уланышы эне тилибиздин мамлекеттик тил катары келечегине чоӊ коркунуч туудурмак. Тарых алдында, дүйнө элдеринин көзүнчө өзүбүздүн жүзубүзгө өзүбүз көө жабууга акыбыз жок. Дүйнөлүк көчкө ар намыс менен татыктуу улут катары кошулалы десек, анда улуттук тилибизди карай чечкиндүү бурулушубуз кажет. Биздин прогрессибиз эне тилге кайтып келүү аркылуу болууга тийиш. Кыргыз тилин жоготуп прогресске эмес, кыргыз тилибиз менен бирге бактылуу келечекке баралы.
Кыргыз болуп туруп кырыгыздарга «Здравствуйте» деп салам айтат. Мындайда башка улуттардын өрнөгүн эстеп күйүп кетесиӊ. Ушундан улам профессор Кусейин Исаевдин тереӊ жана ар тараптуу билимдүүлүккө нукура намыскөйлүк айкалышса. Тилекке каршы ага жетишилбей жатат. Ошондуктан биздин экинчи душманыбыз – намысы жоктук деген оюна кошулбай койбойсуӊ.
Эгерде калк өзүнүн ички руханий ресурстарын активдүү кыймылга келтире алса, өзүнүн улуттук салттарын жана нарктарын аӊ сезимдүү түрдө тутунса, алардын тамырларына суу куюп, дайыма гүлдөтүп турса, улуттук маданияттын мамысы бекем орнотулган болсо, анда ар кандай инновациялар жана модернизациялоолор этноско анча коркунуч туудурбайт. Мындай чындыкка Япониянын мисалында ынансак болот. Биз, кыргыздар өзүбүздүн улуттук кыртышыбызда бекем тура билсек, коргонуу механизимдери жакшы иштелип чыккан, ичинен оппозицияда турууга жөндөмдүү жана ошондой эле жаӊыны сезип, кабыл ала билген инсандарды тарбиялоого жетишсек, анда Ала – Тоолук журт дүйнөлүк миграциянын жана интеграциянын ассимиляциялап жиберүүчү өкүм күчүнө туруштук берип, улут катары өз бетинчилигин сактап кала алмак.
Биз адамзаттын алдыӊкы күчүнө ориентир жасап турган элбиз. Бирок алдыӊкы көчтүн жүгүнүн айрым жеринен ооп тургандыгын, көчтүн айрым жагынан кыйшык кетип бараткандыгын алдын ала көрүп, андан сабак алууга тийишпис. Салыштырып байкоолор көрсөтүп турат, батыш өзүнүн технологиясы, рационализми, прагматизми, индивидуализми жагынан алдыга озуп турса, бизде ыймандык-рухани баштамалар күчтүү экен. Биз кыргыздар өзүбүздүн менталитетибиздеги ушундай артыкчылык жактарыбызды аӊдап сезип, ата-бабабыздан келаткан адамгерчиликтүү адеп-ахлак наркыбызды атайылап сактап, коргоп, өнүктүрүп. Батыштын прагматикалык, комерциялык нравасын туурабай, ээрчибей, ар кандай терс таасирлерге улуттук акыл-эстин тосмолорун кое-билип, стихиянын бийлигине моюн бербей, рух турмушубузду аӊ сезимдүүлүк менен уюштуруп, күрөш менен жашасак духовный экологиябыз бузулбай, алга барабыз го деген ой.
Компьютер жана Манас. Эмесе кеп аягында айтар корутундубуз бул. Алга умтулуп бара жаткан кыргыз баласынын бир колунда компьютер, экинчи колунда улуу «Манас» болууга тийиш. Бир колундагы компьютер – дүйнөлүк алдыӊкы илим-билимдин, техниканын, экономиканын, прогресстин символу. Экинчи колундагы «Манас» - байыртан уланып келаткан ата-баба салтынын, кыргыздын ордолуу, уюткулуу рухунун, дилинин жана тилин символу. Ушул эки башталманы айкалыштырып илгери жүрүп отурса, кыргыздын улут катары келечеги кеӊ болот.
Эгемендүү ата журтубуздун таянар тоосу ким? «Кереметүү сен атасыӊ – энесиӊ!» Ар кимдин туулган жери – Мисир делет. Киндик кесип, кир жууган жериӊ – сенин ыйыгыӊ. Бир акылман айткан экен: «Ата мекеним менсиз жашаса жашаар, бирок мен Ата мекенимсиз жашай албайм» - деп. Ушул Ала-Тоо мекенинде «ыӊаалап» жарык дүйнөгө келгенсиӊ. Ушул жерде «кас-кас» туруп, тушооӊ кесилип, биринчи кадамыӊды шилтегенсиӊ. Ушул касиеттүү Ала-Тоондун абасын жутуп, суусун ичип, нанын жеп чоӊойгонсуӊ. Көк шибер кечип, көпөлөк кууган балалыгыӊ ушу лак элечек тоолордун арасында өткөн. Ушул жерден алгач ирет «Апа», «Ата» деген ыйык сөздөрдү оозанып, ушул жерде чулдурап тилиӊ чыгып, эне тилиӊ эӊчине айланып, элиӊдин руху боюӊа сиӊип, киши болуп торолгонсуӊ. Киндик кан тамган жериӊди көйкөлгөн көк чөптөрү, буруксуп буралган гүлдөрү, көк-жашыл арча-кайыӊдары, көгала шагыл таштары, көктүн көркүн ачып, көкөлөп учкан куштары, көк мелжиген аска-зоолору, көк кашка тунук суулары, ободо шаӊшыган бүркүттөрү менен өрүштө кишенеген жылкылары, койчу, бардыгы сенин адам болуп калыптанышыӊа катышкан, алдыртан үлүшүн кошкон.
Ата мекенибиздин алдында ар бирибиз карыздарбыз. Ушул жерден биздин мусульман динибизде да өз мекенин, улутун сүйүү кудайга жагар улуу иш экендигин эскерте кетели. Мухаммад пайгамбар мындай дейт: «Кимде-ким кайсы бир улутту чын дилинен сүйсө, акыр кыяматта кудай аны ошол улут кылып тирилтет». Мекендин тузуна кара саноо ыймансыздын, чыккынчынын иши. Ошондой эле, мекендин эл-журттун мүдөө-кызыкчылыктарына, таламдарына, муктаждыктарына кол шилтеп же кайдыгер карап, өз көмөчүнө күл тартып, өзүнө гана «сарүкүнүн уясын» курууга далбастаган, элинин өткөн-кеткени, келечеги мене ниши жок, эсеп-кысаптан башканы билбеген, капчыгы кампайганына ыраазы, күнүмдүк ойноп күлгөндү мүдөө туткан жанбагар пенде мекен, эл алдында эч убакта аброй күтө албайт, атуул катары ардак-сыйга татыктуу боло албайт. Мындайды эл ичинде жүргөн бир социалдык макулук же маӊкурт деп коет.
Калкым кыргыз сен үчүн курман болуп кетейин. Илгертен кыргыз калкы, Мекен-эне инсанды эӊ жогорку адеп-ахлак чен-өлчөмдөрү менен таразалап, анын өмүр-жашоосунун маӊызын өз ата журтуна, эл жерине кандай жакшылык иш, пайдалуу эмгек кылгындыгына жараша баалап келген. Мындайча айтканда, биздин салтта жеке пенде Мекен, калайык-калк алдындагы атуулдук (граждандык) парз, патриоттук милдет деген үлкөн түшүнүктүн сересинен каралат, киши ушул милдетке болгон мамилесине кароолго алынат. Манас атабыз баштаган өйдөтөгү сүйүктүү элдик баатырларыбыздын атуулдук өмүр өрнөгү биз үчүн туу тутуп, ыйык таберик катары кармана турган, Ала-Тоонун чокусунда ак жылдыздай балбылдап күйүп урпактарга нур чачып турган жогорку моралдык үлгүлөр. Тээ илгертен бери карай ата-бабаларыбыздын мына ушундай эл жерге чексиз берилген патриоттук руху кыргызды, Ала-Тоону жоготпой сактап тарыхтын бороондуу кыйын-кездеринен алып өтүп келген.
Улуу Куран не деп буюрган? Эсиӊе түшүрчү, мекендеш, чындыкты жашырып не керек, бүгүнкү күндө эгемендүү кыргыз республикаӊдын улуттук аскеринин катарынан оӊдогон, жүздөгөн жоокерлер качып, Ала-Тоонун коюн-колтугунда качкын, дезертир катары жашырынып жүрүшкөнү өзүӊө белгилүү. Бул аябагандай уят иш, шермендечилик. Муну Манас атабыздын арбагы көтөрбөйт.Ата конушубузду берилип сүйүүгө, ага атуулдук ак кызмат кылууга кудай алдында да милдеттүү экенбиз. Сен экөөбүздүн салмагыбыз мекенибиздин алдында жүк көтөргөнүбүзгө жараша таразаланат экен. Ата конушту ардактап сүйүш, жүгүн ноюбай аркалаш Ала-Тоолук атуулдун адеп=ахлак кодексинин, адамдык наркнасилинин башкы белгилеринин, көрсөткүчтөрүнүн бири болууга тийиш. «Мекеним барда кишимин, маӊызы болор ишимин», «Аркалайм жүгүн замандын, Ата журт барда адаммын» - деп акындар бекеринен ырдыган эмес.
© 2020, Асанкадырова Гулумкан Асанкадыровна 1443