СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ибадат кылуу

Нажмите, чтобы узнать подробности

Ибадат кылуу - Кудайга кулдук кылуу деген эле маанини туюндурат. Муну Заарият сүрөөсүнүн 56-аятына («Мен жиндерди жана инсандарды мага гана кулдук кылышы үчүн жараттым») таяндырса болот. Бирок бул жердеги «кулдук кылуу» деген этишти толугу менен орозо тутуу, зикир чалуу, намаз окуу, ажыга баруу сыяктуу жекелик мааниге гана ээ болгон ибадаттар менен чектөөгө болбойт.

Кудайга кулдук кылуу - бул адамга жакшы мамиле жасоо, жалган айткандан кармануу, бирөөнүн акысын жегенден качуу, кол алдындагыларды какшатып, мукуратпоо, татыктуу билим алуу, өз милдетин так аткаруу, элдин керегине жароо, ата-энесине, бир туугандарына, жубайына, дегеле адамдарга сылык мамиледе болуу ж.б. бүгүн бүтүндөй адамзатка ушунчалык керек коомдук мааниге ээ болгон кыймыл-аракеттерди да өзүнө камтыйт.

Жөнөкөй тил менен айтканда, бир жоокердин элдин, мамлекеттин келечеги үчүн чын дилден мекен чегинде кызмат кылышы, дыйкандын эң сапаттуу үрөндү өндүрүп базарга алып чыгышы, мугалимдин көңүл коюп, балдарга кайдыгер карабай сабак бериши, мамлекеттин, элдин кызыкчылыгын биринчи орунга коюп аткаминер болуп иштегени да ибадат болуп саналат.

Жекелик маанидеги ибадаттардын максаты - Кудайды эстеп, түз жолунан чыгып кетпей жашоосун улоодо. Айталы, күнүнө беш убак намазды өз максатына ылайык кылып окуу деген күнүнө беш жолу Кудайдын алдына чыгып, «туура жолдо жашап өтүүнү, адашып жаман жолго түшүп кетпөөнү насип кыл» деп өтүнүү дегенди билдирет.

Орозо тууралуу мурдагы макаламда да токтолуп кеттим эле, бул жерде да кыскача айтайын. Орозону ачкачылык менен алышып, оор шартта жашап жаткан адамдардын абалын түшүнүү, мүмкүн болсо аларга жардам берүү деген ыйык милдетти аңдаш үчүн тутушат.

Кыскасын айтканда, мусулман баласы ириде Адам болуу үчүн ибадат кылат. Күнөөлөрдөн арылып адамдарга, чөйрөгө зыян келтирүүдөн оолак болуп, тескерисинче аларга жардамы тийген, адеп-ахлактуу т.а. Кудай ыраазы боло турган жашоо сүрүү үчүн ибадат кылат. Кудайды эстеп, намаз окуйт.

Элмурат Кочкор уулу

23.04.2021 08:36


Рекомендуем курсы ПК и ПП