СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ийгилик - 1%талант, 99% эмгек

Нажмите, чтобы узнать подробности

​Биз билбептирбиз, билгенде. Зулкарнайн алейхиссалам аскерлери менен жолдо келе жатып: “Бутуңарга илинген нерселерди жыйнай жүргүлө”, - деп буйрук берди. Аскерлери бул буйрукту уккан кезде ичтеринен бир бөлүгү: “Көп жүрдүк, катуу чарчадык. Түн болсо, ага кошулуп бутубузга илинген нерселерди жыйнап бошко эле кыйналабызбы, эч нерсе жыйнабайбыз”, - деген чечимге келип, эч нерсе жыйнашпайт. Экинчи бөлүгү: “Колбашчыбыз буйрук кылган экен, буйругуна баш ийели, аз болсо да жыйнайлы. Анткени, колбашчыга кандай да болсо моюн сунуу керек”, - деп аз гана жыйнашат. Үчүнчү топ болсо: “Колбашчыбыз эч нерсени бекерге буйрук кылбайт. Сөзсүз түрдө бир нерсени билип айткан болуусу керек, буйругун аткарабыз”, - деп бардык каптарын оозуна чейин толтурушат. Таң аткан кезде бардык аскерлер түндө алтындуу аймактан өткөндүгүн түшүнүшөт. Буттарына тийген нерселердин алтын экенин эч ким байкаган эмес. Ошондо буйрукту аткарбай эч нерсе албаган биринчи топ: - Кап, эмнеге албадык! Колбашчыбыздын сөзүн эмнеге укпадык. Эч болбогондо бирөөсүн алганыбызда эмне. деп өкүнүп калышат. Экинчи топ болсо өздөрүн жектеп башташат: - Кап, дагы бир аз алуубуз керек эле. Чөнтөктөрүбүздү, каптарыбызды оозуна чейин толтуруп алуубуз керек эле. Үчүнчү топ да өкүнүп: - Керексиз, пайдасыз буюмдарыбызды ыргытканыбызда мындан да көп кылып жыйнайт элек. Мына ушул мисалдагы сыяктуу акыретте да бардык адамдар өкүнүшөт. - Эмнеге ыйман келтирбедим. Ишенгенимде эч болбосо Жаханнамга түшсөм да ыйманымдын аркасында акыры бараы бир Жаннатка кирер элем. Түбөлүк тозоктон кутулаар элем – дешет. Мусулман болгону менен сообу аз болгон адам: - Мындан да көп сооптуу иштерди кылышым керек эле. Мындан да көп ниматтарга жетээр элем - дешет. Мусулман болуп, сообу көп болгон адам болсо: - Кап, мындан да бийик даражаларга көтөрө турган көбүрөөк ибадат кылуум керек эле, көбүрөөк садака берип, көбүрөөк орозо кармап, көбүрөөк сооп жыйнай тургандай амалдарды кылуум керек эле - деп өкүнүшөт.

Категория: История
28.05.2020 07:34


Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!