СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ийгиликке карай бир кадам

Нажмите, чтобы узнать подробности

ИЙГИЛИККЕ КАРАЙ БИР КАДАМ (ийгиликтин психологиясы)

Ар бир инсан бул дүйнөгө жакшы үмүтү менен келет эмеспи, “өсөйүн, өнүгөйүн, бактылуу болоюн” деп. Турмуш бул бүтпөгөн күрөш экени баардыгына маалым. Ак менен каранын, жакшы менен жамандын, акыйкат менен жалгандын ж.б. турмуштун кереметин, ысык-суугун көрүп, кыйыны да, жакшысы да, жаманы да, жеӊип да, жеӊилип да — кимдер гана өтпөгөн бул дүйнөдөн!

Канчалык табият сыйкырдуу, кооз жана ошону менен бирге жеӊилгис катаал болсо, турмуш да баа жеткис кооз, өтө кызыктуу жана татаал. Бул турмушту жеӊип жашаш үчүн, ийгиликке жетиш үчүн турмуштун кыйынчылыгына даяр болуш керек экен.

Коомчулукта ийгиликтүү адамдарды көрүп, көбүнчө ийгиликтин себебин адамдын ден соолугунда, акчада, адамдын келбетинде, экологияда, жашаган өлкөсүндө, тажрыйбасында, илим-билиминде, жөндөмүндө, аракетинде, колдогон чөйрөсүнөн издеп келебиз.

Бакытка жетүү үчүн эмне жетишпейт деген суроого, “бийлик, байлык, чыныгы дос, билим, сүйүү, түшүнүк, көӊүл, колдоо, атак-даӊк, талант, мүмкүнчүлүк” — деп жооп беребиз. Көп учурда дүйнөнү эмне башкарат деген суроого дареметибизге жараша – “дүйнөнү эрк, аӊ-сезим, кыймыл-аракет, сулуулук, сүйүү, сезим, чындык, акча, ишеним, адамдын ою башкарат“ — деп талашабыз.

Бул дүйнөдө бир адамдын тагдыры кандай гана болбосун — бактылуу же бактысызбы, барып-барып миӊ адамга таасирин тийгизери талашсыз. Келечек муундарыбыздын тагдыры тайкы болбос үчүн кетирген кемчиликтерибизди эске алып, каталарды кайталабай, жашынан атайын ийгиликтин психологиясын, программасын иштеп чыгып, кадамдап аракеттенип, бакытка жол таап, тагдырды түздөө аракетин кылсак жаӊылбайбыз.

Өзүбүз жетишпеген ийгиликтерге, өзүбүз чыкпаган бийиктиктерге балдарыбызды жеткизсек жаман болбос. Ийгиликтүү балдарды тарбияласак, коомубуз да ийгиликтүү коомго айланаары талашсыз. Биздин жеӊишибиз ошондо! Ийгиликтин башаты адамдын өзүндө экенин турмуш айгинелеп турат. ”Өзүн башкара алган адам гана дүйнөнү башкарат” деген эскиден сөз бар.

Балдарды жоопкерчиликке үйрөтүп, кылган жоруктарына жооп берүүгө көндүрсөк. Өзүн-өзү сыйлоо, өзүнө ишенимин арттыруу сезимдерин калыптандырсак, балдарыбыз турмуштун чоӊ жолунда адашпай, өзүнүн ордун таап, максатына жетип, өрнөктүү турмуш кура алаарына көзүбүз жетет.

Улуу Махатма Ганди айткандай: “Адам — өзүнүн акыл-оюнун азыгы, эмнени ойлосо, ошого айланат”. Турмуш көрсөткөндөй, жакшыны ойлосо — жакшыга, жаманды ойлосо – жаманга айланат, эмнени көргөндү кааласа – көргүсү келгенди көрөт, эмнени укканды кааласа — каалаганды угат, эмнеге ишенгиси келсе — ишенгиси келгенге ишенет, эмнеге ишенгиси келбесе — ишенгенди каалабайт.

Бардык нерсенин баалуулугун бил, баскан кадамыӊа ыраазы бол, кубан. Көптү берип, азды күт. Күнүгө миӊ мертебе шүгүрчүлүктү билдир: кудайга, табиятка, жер-сууга, асманга. Жакшылык үчүн дос-тууганыӊа рахмат айта бил, үй-бүлөӊ менен бир бол, бар нерсеӊди баалай бил. Мезгил келгенде табият сага да кайрыйт. Дүйнө кезектүү!

Ийгилик аракеттен жаралат: үйрөнгүн, башкалар уктап жатканда. Окугун, башкалар бекерчиликтен зэригип жатканда. Эмгектен, башкалар ойноп жатканда. Кыялдан, башкалар эми ойгонуп жатканда. Сен чоӊүлүшкө татыктуусуӊ!

Элестетип, өзүӊдү сырттан чоочун адамдын көзү менен кара, кемчиликтериӊди жана баалуулуктарыӊды иликте, иретте. Жакшылыктын-жамандыктын баасын бил. Күтпө, өзү менен өзү болуп чечилбейт. Бирөө жасап бербейт. Өзүӊдүн дареметиӊди, артыкчылыктарыӊды туура баала, убактыӊды бекер кетирбе, табияттан сен өзүӊдү жеӊүүчү катары сез. Турмушуӊдагы жетишкен ийгиликтериӊди унутпа. Өзүӊдүн ички дүйнөӊ менен келиш, өзүӊ лидер, башкаруучу бол, терс кыялдарыӊды жеӊ. Чачылган оюӊду түзө. Артка чегинбе. Бир максатка умтул. “Жолду баскан арбытат” деген накыл сөз бар. Кыйындардын сыры жана артыкчылыктары ушунда.

Турмуш көрсөткөндөй, адам бир нерсени өтө катуу эӊсесе, бүткүл аалам ага колдоо көрсөтөт. Максатыӊа берил, сүй, ага чын дилиӊден умтул. Ишенимиӊди жоготпо. Турмуштан үмүтүӊ үзүлбөсүн, кызыгууӊ кетпесин. Ошондо гана ийгиликке жетишесиӊ.

Дүйнөнүн эӊ бай, ийгиликтүү адамдарынын өмүр баянын, эмгек жолун, рейтингин изилдеген америкалык финансы-экономикалык “Forbs” журналы белгилегендей: Билл Гейтс, Джон Рокфеллер, Стив Джобс, Джордж Сорос, Генрих Форд, Роман Абрамович, Адольф Даслер, Джордж Лукас ж.б. алгач турмушта жапа чегүүдөн баштап, кыйынчылыкты жеӊүү менен ийгиликке жетишкен. Чечкиндүүлүк энергиясы ийгиликтүү адамдарга гана таандык. Жеӊүүчү бол. Жүрөгүӊдүн оту өчпөсүн!

Ийгиликтүү адамдардын чөйрөсүнө аралаш, сен да ийгиликке жакындайсыӊ. Тагдырын тайкы кылган, өз турмушун устаттык менен бузган адамдардан алыс бол. Башкаруусу жок кеме, максаты жок адам сымал. Ошондуктан максатыӊды кое бил, максаттарыӊдын артыкчылыктарын иликте.

Джон Рокфеллер айткандай: “Адам эмнеге умтулса да максаттын тактыгы — ийгиликтин негизи болот”. Турмушта керексиз, өнүгүүгө жолтоо болгон нерсеге “Жок!”, пайдалуу нерсеге “Ооба!” дей бил. Жалгыз бүгүнкү күн гана сенин тагдырыӊды чечүүчүдөй жаша. Эӊ маанилүү ачылыштар шыктануу, кумардануу учурда жасалган. Эӊ кызыктуу жана ийгиликтүү ойлор көӊүл эргүү мезгилде келет, жакшы эс ала бил. Жан дүйнөӊ жактырган иш менен алек бол. Тилегиӊ кабыл болсун!

29.02.2020 19:54