СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
АЗЫРКЫ ИСФАНАНЫН АТАЛЫШЫ ЖӨНҮНДӨ Кокон ханынын (кайсы хан экендиги боюнча так маалымат жок) жакын кишиси (вазири) Исман бир күнү ханы менен келише албай, ордодон чыгып кетет. Таза абалуу, тоолуу, тынч аймак деп азыркы Исфанадагы Түпсада деген жерди байырлап калат. Аймак сууга мол экен. Аңчылык кылып жүрүп, Исман (Осмон Ифон) жогорку дөбөгө келип, азыркы стадиондун ордуна үңкүр курдурат. Ошол учурда Исфана аркылуу Жибек Жолунун бир тармагы – Кокон-Самарканд соода жолу өтчү экен. Акырындап Исман үй-жай куруп, бала-чакалуу болот. Кийин ал жерге Самарканд, Ходжент, Ташкент, Кокон жана башка шаарлардан, хандардын кыргын-согуштарынан качкандар келип отурукташып, бул аймак кеңейген. Кийинчерээк Исман бул аймакта коргон, чеп, кербен сарай курдуруп, бек болгон. Кокондон бул аймакка келе жаткандардан сураса, "Исман турган жерге", "Исман ыктыярындагы жерге", "Исманга" деп айтылып жүрүп, аймактын аты кыргызча Исманы (өзбекче Исвони, тажикче Испони), орусча Исфана болуп калган экен. Мындан башка да алты вариант бар.