СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кадыр-баркка оролгон кайрымдуулук

Нажмите, чтобы узнать подробности

Бир окуянын тарыхы

Бир жигит дүкөнгө жемиш сатып алуу үчүн кирип, дүкөндүн ээсинен бааларды сурады. Ээси алманын килограммы 60 сом деп жооп берди. Ушул убакта дүкөнчүдөн бир карыя: «Алмалар канчадан турат?» деп сурады. Сатуучу 1 кг үчүн 10 сом, деп жооп берди. Карыя сүйүнүп, абдан жакшы баада экен, деди. Сатуучу ага алма, алмурут жана мандариндин килограммын 10 сомдон таразага тартып берди. Карыя ыраазы болуп кеткенден кийин сатуучу кардар жигитке кайрылды: «Мен сенден пайда көргүм келди деп ойлобо, чындап эле алма 60 сом турат. Бул карыя ата-энеси кырсыктан каза болгон бир кичинекей небересин багып жатат. Мен ага жардам берүүнү сунуш кылсам, ал таптакыр баш тартып койгон. Анан ушундай жол менен жардам берүүнү чечтим.

Билесиңби, мен жер-жемиштерди карыяга арзан баада сата баштагандан бери кирешем көбөйдү. Адамдар көбүрөөк сатып алып, “чайга” да көп калтырып кете башташты. Муну уккан жигит өзүнө керектүү жер-жемиштердин баарын сатып алып, арткан акчасын таштап кетип калды. Ал кеткенден кийин гана сатуучу, кардар жигит арткан акчасын албай кеткенин билди.

Суроо: Эмне үчүн биз муктаж болгондордон сатып алууда ар дайым “капчыгыбыз толтура” экенин “көрсөтүшүбүз” керек? Ал эми биздин берешендигибизге муктаж болбогондорго эмне үчүн марттык кылабыз?

Бир жерден окудум эле: «Атам бул нерселерге муктаж болбосо да кедейлерден кымбат баада сатып алчу. Ал кээде аларга көбүрөөк төлөп берчү эле.

Бир күнү мен андан: Ата, эмнеге мындай кылып жатасыз?

Атам: "Уулум, бул кадыр-баркка “оролгон” кайрымдуулук"

25.10.2024 09:47


Рекомендуем курсы ПК и ПП