СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Алыс сапарда жигиттин кан жолдошу-камчы эсептелген.
Камчы аркылуу кыргыздар көп нерсени түшүндүрүшкөн.
Камчыны ээрдин кашына калтырып кетсе-курсагым ачты, шашылышмын, атым эс алсын деген ишарат, үйдүн ээси шам-шум эткенге батыраак тамак даярдай салыш керек.
Камчыны кончуна салып кирсе-үйдүн ээсине конок каадасын көр, бүгүн силерде түнөйм деген белги.
Колтугуна кыстарып кирсе-жок издеп жүрөм, силерге жаман ниетим жок дегенди билдирип, бул белги бала чакага баарына түшүнүктүү болгон.
Камчыны бүктөй кармап кирсе, өкүм же кабар угузган; камчынын өрүмү ылдый карап илингени, үйдүн ээсинин каза болгондугун туюндурган;
Камчынын өрүмү бүктөлүп бүлдүргөсүнө оролуп анан, алаканынан илинген; камчыны бооруна алышы-уруксат сурашы;
Камчыны сүйрөп киргени, уруша тургандыгы билдирген;
Аттанып жатып камчы колуңдан тушуп кетсе- жамандыктан кабар бергени. Аны аттан түшүп, өзү алып, атына кайра минет.
Камчы саптын сынышы да жамандыктын белгиси катары кабылданган.
Камчы керегеде турса өзү алып чыкканы туура.
Камчыны бүктөй кармап кирүүсү- ичинде ачуусу же олуттуу иш менен келгенин кабар берет. Камчыны таянып отуруусу- ички кектин куч алышы.
Керегенин башында дайыма илинип туруусу- кайраттуулуктун белгиси.
Камчыны мойнуна илип келсе - башын ийгени, макулдук бергени, кечирим сураганы.