СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
ытайда бир айга чукул убакыттан бери кооптуу вирус жайылып, адам өмүрүн алууда. Ал өлкө провинцияларынан тышкары жакынкы мамлекеттерге да тарап жатат.
Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин боолголошкон. 23-январга карата Кытайда ооругандардын саны 600 адамга чукулдап, алардын 17си каза тапты.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жаңы типтеги коронавирус жана анын себеби, белгилери жана алдын алуу жолдору тууралуу маалымат топтоду.
Коронавирус деген эмне?
Коронавирус — өзүнө отуздан ашык вирусту камтыйт. Анда камтылган вирустар кеңири жайылган сасык тумоодон тарта оор-курч респиратордук синдромго (ТОРС, "типсиз пневмония") жана ичеги-карындын оорушуна алып келет.
© AFP 2019 / NOEL CELIS
Жыландан тарадыбы? Кытай илимпоздору коронавирустун эмнеден чыкканын боолголоду
Коронавирустар — өзүнө бир чынжырлуу РНК (рибонуклеин кислотасы) молекуласын камтыган тоголок формадагы микроб. Анын тикен сымал сырткы чели таажыны элестетип турат. Илдет ошол себептен коронавирус деп аталат.
Клеткага кирген вирус анын цитоплазмасында көбөйөт. Алар иммунитетти алсыратып, инфекция менен күрөшүүсүнө тоскоолдук жаратат. Бирок курч респиратордук инфекция (КРВИ) же сасык тумоо сыяктуу бир жумада айыкпайт. Коронавируста типсиз пневмония менен оор-курч респиратордук синдромдун формасы коштогондуктан бейтаптар өлүмгө чейин дуушар болот. Себеби дарт дем алууну кескин кыйындатат.
Коронавирус менен ооруган алгачкы адам 1965-жылы каттоого алынган. XX кылымда аталган вирус адамдарда жана жаныбарларда курч респиратордук оорулардын козгогучу катары белгилүү болгон. Бирок өтө кооптуу инфекциялардын катарына кирген эмес. 2000-жылдары коронавирустун SARS-Cov жана MERS-Cov деген түрлөрү жайылып, адам өмүрүнө коркунуч жарата баштаган.
Жаңы типтеги 2019-nCoV коронавирусу
Учурда актуалдуу болуп жаткан вирус дал ушул. Ал узаган жылдын декабрь айынын этегинде Кытайдын Хубэй провинциясындагы Ухань шаарында тарады. Бейтаптардын көбү деңиз азыктарын саткан базарда иштеген. 5-январда ооругандардын саны 60ка жетип, алардын жетисинин абалы оор болгон. Ал эми 9-январь күнү гана кытайлык адистер оорунун козгогучун нуклеин кислотасы аркылуу аныктап, ал коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин аныкташты.
Вирус эмнеден чыкты?
Учурда кытай окумуштуулары жаңы коронавирус жыландар аркылуу тараганын болжолдоп жатышат. Алар вирустун структурасын реконструкциялап көрүшкөн. Натыйжада анын генетикалык структурасы Кытайдын түштүгүн байырлаган түрдүү түстөгү, тарам-тарам болгон крайт жана кытай кобраларына жакын экени аныкталган.
Илдеттин белгиси
© SPUTNIK / ТАБЫЛДЫ КАДЫРБЕКОВ
Акча аркылуу жугат, антибиотиктен коркпойт. Грипп тууралуу билип алыңыз
Ухань шаарынын саламаттык сактоо комитети коронавирустун жаңы түрү алгачкы этабында дене табынын көтөрүлүшү жана жөтөл менен коштолору, узак убакытка жеңил абалда болорун билдирген. Оору улгайган адамдар арасында жана башка өнөкөт илдети бар адамдар арасында дароо оор формасына өтүп кетиши мүмкүндүгүн эскертишкен.
Ал арада Россиянын "Вектор" илимий борборунун кызматкерлери коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы түрүн лаборатория шартында диагноздоо үчүн каражатты жети күндүн ичинде иштеп чыгышкан.
Адамдан адамга жугат
Кытайлык адистер коронавирустун жаңы тиби аба аркылуу адамдан адамга жугарын аныкташкан. Оорулуу адамдарды сураштыра келгенде алардын үй-бүлөсү вирустун очогу болгон Ухань шаарына барып келишкенин айтып беришкен. Ошондой эле бейтаптар менен иштешкен дарыгерлер да ооруга чалдыккан. Мындан улам адистер вирус жугуштуу деген бүтүмгө келишкен.
Дарттын дабасы табыла элек
Учурда коронавирус менен жабыркагандарды дарылоо жолу так аныктала элек. Россия оорунун вакцинасын даярдоого ниеттинип, ага жарым жыл кетиши мүмкүндүгүн жана бул арзан болбой турганын жар салды.
Башка өлкөлөргө тарап жатат
Дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрү аба майданындагы текшерүүнү күчөтүштү. Учурда Гонконг, Макао, Тайвань, АКШ, Япония жана Түштүк Кореяда вирустан жабыркаган бирден киши катталды. Ал эми Таиландда үч киши аталган дартка кабылган.
Оорунун очогу Ухань шаарына кирип-чыгууга тыюу салынды.
Кыргызстанга өтүшү мүмкүнбү?
© SPUTNIK / НИКОЛАЙ ХИЖНЯК
Гепатит кантип жугат жана сактануу жолдору кандай? Министрлик жооп берет
22-январдан тарта Бишкектеги "Манас" эл аралык аэропортунда Үрүмчүдөн (Кытай) келген жүргүнчүлөр коронавируска текшерилүүдө.
Санитардык-карантиндик пункттун адистери тепловизордун жардамы менен дене табы көтөрүлгөн адамдарды аралыктан аныктоо боюнча күн сайын иш алып барып жатышат.
Ошондой эле өпкө оорусунун жаңы түрү өлкөгө кирип кетпеши үчүн кыргыз-кытай чек ара бекеттеринде медициналык көзөмөл күчөтүлгөн.
Ал эми кыргыз ТИМи мүмкүн болсо Кытайга барбай турууну сунуштады.
Саякатчылардын кулагына күмүш сырга
Россиядагы колдонуучулардын жана адам жашоосунун жайлуулугун көзөмөлдөгөн федералдык кызматы (Роспотребнадзор) ооруну жуктуруп албоо үчүн бир катар алдын алуу чараларын маалымдады.
Дагы:
© 2020, жолонова кенжайым рысбаевна 584