СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ховард Гарднердин көп түрдүү акыл-эс жөндөмдүүлүгүнүн теориясы

Нажмите, чтобы узнать подробности

Адамдардын ар түрдүүчө таанып билери илгертен эле белгилүү болгон. Гарвард университетинин өнүгүү жана билим берүү психологиясы боюнча теоретиги Говард Гарднер 1983-жылы өзүнүн "Акыл-эстин структурасы" деген китебинде акыл жөндөмдөрүнүн көп түрдүү теориясын сунуштаган. Гарднер акыл-эс бир гана ыкма менен өлчөнүүчү бир кылка түзүм эмес деген жыйынтыкка келген. Ал акыл-эстин жети түрү бар дейт. Гарднердин акыл жөндөмдөрүнүн көп түрдүү теориясы "интелект" түшүнүгүн олуттуу түрдө кеңейтет. Төмөндөгү таблицада жети "интелектин түрү" жана аларга окуучулар берген түшүндүрмөлөр келтирилди. Акыл жөндөмдөрүнүн көп түрдүүлүгү боюнча тесттин үлгүсүн тиркемеден караңыз.

Гарднердин айтуусу боюнча, ар бир адам бир нече акыл-эстин жана интелектин жөндөмдүүлүгүнүн типтерин камтыйт. Адаттагыдай эле окутуу системасында жети типтин экөөсүнө гана көң үл бурулуп, бааланат: лингвистикалык (оозеки сүйлөө кеби аркылуу биздин окуй турган, жаза турган жана катташа турган жөндөмдүүлүгүбүз) жана логикалык же математикалык интелект. Теориянын авторунун ою боюнча мындай тарылтуу фокус окутуу тармагындагы потенциалды өтө чектейт.

3-таблица

Окуучунун акыл-эс жөндөмдүүлүгүн тез аныктоо боюнча колдонмо (Ховард Гарднер боюнча)

Интеллекттин тиби

Аныктоочу белгилери

Билгичтиктери

Лингвистикалык интеллект

Сүйлөшүүдө сөздөрдү жана тилдик каражаттарды колдонуу жагынан өзгөчө жөндөмдүү.

Сүрөттөө каражаттарына караганда элестүү сөздөрдү көп колдонот.

Тамашаны түшүнүү сезими мыкты өнүккөн.

Тилдеги айрым кылдат көрүнүштөрдү тез илип алат.

Уга билет

Сүйлөй билет

Жаза билет

Окуяны баяндай билет

Окута билет

Эстеп калат

Логикалык-

математикалык

интеллект

Логикалык жана/же сандык үлгүлөрдү колдонуу менен терең ойлонууга өзгөчө жөндөмдүү.

Ар түрдүү идеяларды/маалыматтарды тез байланыштыра билүүгө жөндөмдүү.

Суроолорду көп берүүгө кызыгат.

«Эксперимент» жүргүзүүнү жактырат

Проблемаларды чече билет

Ой жүгүртүүдө логикалык ырааттуулуктунтатаал байланыштарынтүзүп колдоно билет

Көзөмөлгө алынган эксперименттерди жүргүзө билет

Татаал математикалык эсептөөлөрдү жүргүзүүгө жөндөмдүү.

Геометриялык формалар менен жакшы иштөөгө жөндөмдүү.

Мейкиндиктик интеллект

Акыл-эске таандык элестерди эстеп калууга өзгөчө жөндөмдүү.

Карталарды, фильмдерди, сүрөттөрдү ж.у.с. караганды жактырат.

Буюм-тайымдарды (отургуч, стол ж.б.) оңой жасоо жөндөмү бар

Айлана-чөйрөнү аныктоо сезими күчтүү өнүккөн

Сүрөт тартууга өтө жөндөмдүү

Карталарды жана графиктерди түшүнө билет

Образдарды айкалыштыра билет

Куруп/түзө билет.

Окуй билет

«Окшоштуруп» баалаган суроолорду берүү менен өзгөчөлөнүп турат

Кыймыл-аракеттик

(кинетикалык)

интеллект

Объекттерди ийкемдүү колдоно билүүгө жөндөмдүү.

Кыймылы өтө шайдоот жана чебер колдуу.

Тең салмактуулукту сактай билет.

Идеяны же нерсени жаратууда, курууда жана түшүнүүдө колун пайдаланат.

Бул окуучулар өзүн кыймыл-аракети аркылуу көрсөтөт.

Спортту сүйөт.

Кол өнөрчү.

Драманы/мимиканы жактырат.

Идеяны же нерсени жаратууда, курууда жана түшүнүүдө колун пайдаланат.

Музыкалык интеллект

Айлана-чөйрөдөгү же табияттагы үндөрдү (аккан суунун шоокумун, коңгуроонун үнүн ж.б.) абдан сезгич келет

Музыкага дароо көңүл бурат (оң же терс мамилесин билдирет).

Текст ыргак же обон менен коштолгондо дароо эстеп калат.

Музыкалык аспаптарда ойной билет

Музыкалык чыгармаларды, алардын ичинен тоналдуу чыгармалардын үлгүлөрүн жакшы билет.

Так ченемдери аныкталган иштерди аткарууда айырмаланып турат

Өз ара инсандык интеллект

Сезимталдыкка жөндөмдүү.

Мыкты уюштуруучулук сапаттарга ээ.

Тараптарды элдештирүүгө абдан шыктуу.

Кызматташтыкты колдоп турууга жөндөмдүү.

Көпчүлүк менен натыйжалуу баарлашууга, вербалдык жана вербалдык эмес тилди (жаңсоо ж.б.) колдоно билүүгө жөндөмдүү.

Кеп-кеңеш бере билет.

Чыр-чатактарды жөнгө сала алат.

Команда түзөт.

Өз ара мамилелерди түзө билет.

Лидерлик жөндөмү бар.

Өздүк инсандык интеллект

Токтоо жана түнт.

Сезим-туюмуөтө күчтүү.

Башкалар менен мамилелешкенде класстагы өзүнүн ролун баса белгилейт

Маселенин маңызын берилген мазмундан да ашырып, терең түшүнүүгө умтулат.

Ой жүгүртүүгө жөндөмдүү.

Командада иштей билет.

Философиялык ой жүгүртүүгө жөндөмдүү.

Ар дайыма башкалар менен болгон мамилелерге байланыштуу маселелерди көтөрөт.

Категория: Всем учителям
13.01.2020 19:35


Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!