СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Комуздун жаралышы жөнүндө уламыш

Нажмите, чтобы узнать подробности

Комуздун жаралышы жөнүндө уламыш

Комуз — кыргыз улутунун музыкалык аспабы. Анын жаралышы жөнүндө мындай уламыш айтылып калган. Илгеринин илгеркисинде сүйгөн жигитинин өлүм күйүтүнө чыдабай, токой, талаа кезип басып кеткен Камбаркан аттуу кыз токойдо кургап жаткан каргайдын боорунда тартылып куурап кыл болуп калган түлкүнүн ичегисине көөн буруп карап калат. Ал шамалдын эпкини менен доош салып турган экен. Камбаркан кыз ал кыл болуп калган түлкүнүн ичегисин алып, аны башка бир сомдолгон жыгачка тартып, күйүтүнө коштоп үн чыгарып чертип калат. Ошол жасаганы күйүтүнө аралжы болуп, бир кыйла жеңилденип калган имиш. Бирок ал жасап алган нерсесине ат койбоптур. Аны колуна алып талаа кезип, токой аралап чертип жүрө берген экен. Бир күнү талаа кезип, адатындай жасаган нерсесин чертип бир жерде отурса, «комуз как» деген бир чөп куурап, зыркар шамалдын эпкининде зырылдап доош чыгарып турат экен. Анын доошунан «комуз как» деген үн чыккандай болуптур. Камбаркан колундагы чертип олтурган муңду «комуз как» чөптүн доошуна окшоштуруп, бул да «комуз как» болсун деп атап коет. Ошондон барып «комуз» аталып, «как» түшүп калган экен. Демек комузду Камбаркан кыз жаратыптыр. Анын туңгуч черткен күүсү «Камбаркан» күү болуп калган экен. «КАМБАРКАН» КҮҮСҮНҮН ЖАРАЛЫШЫ ЖӨНҮНДӨ УЛАМЫШ «Камбаркан» кыргыз күүлөрүнүн ата башы болуп айтылат. Анын жаралышы жөнүндө төмөнкү уламыш айтылып келет. Илгери Камбаркан аттуу бир хандын кызы болгон экен. Ал түшүндө бир жигитти көрүп ошого күйүп калыптыр. Аны таппаса, ага тийбесе, бул жарык дүйнөдө жашоонун ага маңызы жок болуп калыптыр. Ал түшүндө көргөн жигит да бир хандын уулу экен, анын түшүнө да ошол кыз кирип, ошону аңсап, издеп жүргөн болот. Экөө издешип жүрүп соңунда табышкан экен. Бирок үч ай болбой эле жигит дүйнөдөн кайтыш болуп кетиптир. Камбаркан кыз анын күйүтүнө чыдабай, талаа кезип, токой аралап жүрүп кеткен экен. Ал бир токойду аралап жүрсө карагайдын бооруна өлүп калган түлкүнүн ичегиси чубалып барып катып калган экен, ал куургандан куурап кыл сыягына өтүптүр да, жел аргы шамалдын эпкини менен зирилдеп доош чыгып турган экен. Камбаркан кыз ал кылды алып, бир карагайдын кургак бутагынын бооруна тагып, күйүтүн жоокалатуу үчүн аны черткен экен. Ал Камбаркан күүсү болуп кийинкилерге калыптыр. Азыр кыргыздар «Күүнүн башы Камбаркан» деген сөз бар. Азыр комузда чертилип жүргөн «Камбаркан» аттуу күү мына ошондон келген, деген уламыш бар.

13.01.2020 12:47