СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Омардын айткандарынан:
Күп-күп сүйлөп дөөлөтүнө чиренген, Көңдөй челек эшектерди билем мен. Даңктуу болсоң сойлойт алар астыңа. Кулдун күчү аларды антип жиберген.
Эстүү жашоо көп билүүнү тапшырат. Эки нерсе эске түйгүн жакшылап: Тапканды жеп, бейжай менен жүргүчө, Ачка жүрүү, жалгыз жүрүү жакшыраак.
Жаратканга таазим кылып ар адам, Качкысы бар тозок деген балаадан. Коркпойт андан акылмандар бир гана, Бул турмуштун көзүн тааный караган.
Бул дүйнөдө өспөйт чындык бутагы. Адилдиктин буту бекем тушалуу. Өзгөртүүгө болбойт турмуш агымын, Көмөлөтүп, ал, келтирет ызаңы.
Бул жалганда, сенин жашооң кыпындай, Мүлк жыйнасаң туткундалдың кутулбай. Бардыгынан артык турат жан дүйнөң, Жан дүйнөңдүн жүргүн кутун учурбай.
Атаар таңдын батаар күнү бар сымак, Байлык кубат, толот, кайра тартылат. Өмүр кыска, карыз алган буюмдай, Уруналбай жүрө бербе калтырап.
Ким жашында болом десе акылман, Чындык издеп, куру калды акылдан. Ким умтулса бала чактан билимге, Жүзүм болбой, мейиз болду катырган.
Татыктууга, сыйлык да жок жарымдуу, Андайларга берээр элем жанымды. Кыйноосу деп биле бергин тозоктун, Татыксызга аралашкан чагыңды.
Эгерде сен, намаз окуп жатпасаң, Үзүм нанды тилемчиден катпасаң, Кыйындыкта жолдошторду сатпасаң, Бейишиңе чыктым дей бер кап-качан.
Акыл жетпейт аалам сырын санашка, Кыжыңдашпа майда-чүйдө талашка. Теңир күчтүү, аны бил да, шаракта, Өмүр деген, өтөт, кетет заматта.
Карылыгың - дарак, каткан кабыгы, Куурап калган жалбырагы, тамыры. Чатыр, эшик, дубалдары солкулдап, Элестетет урай турган тамыңы.
Башкарган жамы журтту үч-төрт эшек, Мансапты бардыгынан бийик сезет. Эшекче сүйлөшпөсөң алар сени, Каралап эл алдында «акмак» дешет.
© 2020, Раманкулов Мухаммед-Назар Эрназарович 335