СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Кыдыр аке 1843-жылы Ысык-Көлдүн Сары-Жазындагы Байыш жайлоосунда, Дүңгүрөмө конушунда туулган. Демек, ал ысык-көлдүк акелердин улуусу Алдаяр уулу Мойт акеден жүз жылдай кийин жарык дүйнөгө келген. Атасы – Байсары, анын атасы Олжобай – Түлөберди – Бобон – Сейитказы – Күчүк – Жоотатыр – Арыкмырза – Орозбакты – Кылжыр – Тагай болуп кете берет. Бугунун арык тукумунан. Чоң атасы Олжобай бий даражасында болуп, бугулардын арык тукумун башкарып турган, бийик тоолуу Сары-Жаздын Хан-Теңир чокусун этектей Кытай менен чектешкен Кызыл-Сөөк, Эңилчек, Кайыңды деген аймактарды жерлеп келген. Ошол Олжобайдын чоң уулу Байсары болсо, кичүүсү Токсоба болгон. Токсобанын Миңжылкы деген уулун ат тээп (аттан жыгылып деп да айтылат) каза болуп калып, өксүк тартып турган Токсоба менен Канымга ушул Кыдырды берет. Эки атанын баласы аталганы, "Токсобанын Кыдыры" деген сөз ошондон. А Токсоба болсо Орус падышачылыгына кызмат кылган, Каракол уездинин уезд башчысынын жардамчысы — султан болгон да, Кыдыр ошонун үйүндө орустун да, кыргыздын да ар түрдүү адамдарын көрүп, атын алып, колуна суу куюп чоңойгон.
Дагы:
© 2021, Раманкулов Мухаммед-Назар Эрназарович 299