СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз адабияты сабагы. Класстан сырткаркы окулуучу чыгармалар. Көчкөн Сактановдун "Маркумдар үнү" романы боюнча окурмандарга суроолор

Нажмите, чтобы узнать подробности

1. Көчкөн Сактановдун «Маркумдар үнү» романынан үзүндү:.Касым Тыныстанов жер таянып, дубалга жөлөнүп атып араң турду. Желдет каалга тарапты көрсөтүп аны жетелеп кетти. Касым каалганын жанына келди. Каалганын арткы кырындагы төмөнкү жогорку эки ашык-машыктын ортосунда ачык жер бар го, эшикти желдет кичине ачып туруп, манжа батчудай болгон ошол ачык жерге Касымдын о4 колунун манжаларын салаарда тергөөчү желдетке чорт эте минтти: - Токто! Оң колун эмес, сол колун! Оң колунун али бизге пайдасы тиет. Суроо: тергөөчүгө Касымдын оң колунун кандай пайдасы тийиши мүмкүн эле?

2. Көчкөн Сактановдун «Маркумдар үнү» романында запастагы кенже лейтенант Гапар Айтиев согуш талаасында болуп, ал жерде бир канча аскерлерге башчылык кылат. Мына ошондо ал аскерлердин арасынан Жайлоо деген жердешин кезиктирип калат. Бул Жайлоо дегени уйкучул эле эмес, мында уйкунун оорусу бар эле. Өзүнүн айтуусунда жашынан ушундай имиш. Айрыкча кымыз ичип алса, кой айдап баратып эле тарс уктап калчу экен. Буту кадимкидей басып, а түгүл бир кызыгы анча-мынча арыктан аттап өтүп, а өзү уктап кете берчү экен. Бир күнү аны күзөтчүлүккө дайындашат. Кызыгы, ал ары-бери басып күзөтчүлүк кылып жатканы менен өзү коңурук тартып уктап эле басып жүргөн болот. Муну байкоого алып турган аскерлер аны желкеге бир коюп, оозуна чүпүрөк тыгып, бир эле эмес, бир короо тил менен өзүн кошуп, таңга маал айдап келишет. Аны атууга буюрушпайт, а бирок тиешелүү жазасын берип дагы бир ирет күзөткө коюшмакчы болушат. Мына ошондо ал Гапар Айтиевге кайрылып: - Жолдош командир, шаарга барып, темир түтүк алып келип алайын. Ансыз күзөттө тура албаймын – деп айтат. Суроо: темир түтүк Жайлоог эмне үчүн керек болгон?

3. Көчкөн Сактановдун «Маркумдар үнү» романында запастагы кенже лейтенант Гапар Айтиев согуш талаасында болуп, ал жерде бир канча аскерлерге башчылык кылат. Мына ошондо ал аскерлердин арасынан Жайлоо деген жердешин кезиктирип калат. Бул Жайлоо дегени уйкучул эле эмес, мында уйкунун оорусу бар эле. Өзүнүн айтуусунда жашынан ушундай имиш. Айрыкча кымыз ичип алса, кой айдап баратып эле тарс уктап калчу экен. Буту кадимкидей басып, а түгүл бир кызыгы анча-мынча арыктан аттап өтүп, а өзү уктап кете берчү экен. Бир күнү аны күзөтчүлүккө дайындашат. Кызыгы, ал ары-бери басып күзөтчүлүк кылып жатканы менен өзү коңурук тартып уктап эле басып жүргөн болот. Муну байкоого алып турган аскерлер аны желкеге бир коюп, оозуна чүпүрөк тыгып, бир эле эмес, бир короо тил менен өзүн кошуп, таңга маал айдап келишет. Аны атууга буюрушпайт, а бирок тиешелүү жазасын берип дагы бир ирет күзөткө коюшмакчы болушат. Мына ошондо ал Гапар Айтиевге кайрылып: - Жолдош командир, шаарга барып, темир түтүк алып келип алайын. Ансыз күзөттө тура албаймын – деп айтат. Суроо: темир түтүк Жайлоог эмне үчүн керек болгон?

4. Көчкөн Сактановдун «Маркумдар үнү» романында Гапар Айтиев жаш кезинен белди бекем бууп, атасына жардамдашууну чечет. Ошондуктан ал кыйын күндөрдө Сопу деген айылдагы Кушкана деген мал союлчу жерге барып, ал жерде союлган малдын канын иттер менен талашып күн өткөрөт. Себеби ачарчылык жылдарында Гапар алып барган канча атасы экөө ар кандай чөптөрдү кошуп кууруп, аны тамшанып жешчү эле. Маани берген болсоңуздар мал союлуучу көптөгөн жерлер бүгүнкү күндө да КУШКАНА деп аталат. Суроо: мал союлуучу жайлардын мындай аталуусуна эмне себеп болгон?

5. Көчкөн Сактановдун «Маркумдар үнү» романында Гапар Айтиев көптөн эңсеген Третьяков галереясында болот. Ал жерден Перовдун бир сүрөтүнө анын көзү түшөт:.Суу куюлган зор бочкени чанага салып үч көөдөк жээктен өйдө карай жан үрөп тартып келүүдө. Аларга катарлап, адыраңдап бир ит чуркап келет. Тегерек нары суз, нары суук. Ушу сүрөттү карап отуруп кайрадан өткөн өмүрүм эсиме түшөт. Бул дүйнөгө келген соң ынайсыңбы, ынабайсыңбы турмуш арабасына айласыз чегилип, бирибиз жооруйбуз, экинчибиз мүдүрүлөбүз, а үчүнчүбүз бөтөндү жоорутуп, бөтөндү мүдүрүлтөбүз.Суроо: бул жерде каармандын көзү Петровдун кайсыл картинасына кадалган?

6. Көчкөн Сактановдун «Маркумдар үнү» романынан үзүндү:.Касым сыртка чыкты. Түрмөнүн туюк дубалында жети-сегиз киши катар тизилип, алардын катарындагы Абдыкадыр менен Жусуп буту менен турууга аракеттенип, бирок тура албай атыптыр. Касым алардын жанына барып турду. Бир четтен баарын көздөрүн ак мата менен таңа баштады. Мына ошондо короодо төрт мотоцикл да турган болот. Суроо: Касым Тыныстановду бул жерге атып салганы алып чыккандыгын эске алган абалда айтыңыздарчы, короодо турган төрт мотоциклдин кызматы эмне болгон?

7. Көчкөн Сактановдун «Маркумдар үнү» романынан үзүндү:.Бүйрө мүчөлөрүнүн кими кандай экенин Сталин кээде Кунцевдеги дачасында аларды аябай ичирип, ар бирин өзүнө билгизбей өз сынынан өткөрө турган. Өзү болсо аз иччү. Ичкенде да атайын Грузиядан алынып келинген угуту кем вино иччү. - Байыркы римдиктер бир маселени үч жолу талкуулоочу экен, - дечү канжасын утуру соруп коюп. – Биринчи жолу соо отуруп, экинчи жолу аябай ичип алышып, үчүнчү жолу …………. Туура кылышкан. Мас кезиңдегидей соо кезиңде ички оюңду дайым эле айта албайсың. Кремлде минтип кыстабайм. Ичкиле.Бүгүн римдиктерче маселе чечпейбиз, бүгүн жөн гана эс алабыз. Суроо: римдиктер маселени үчүнчү жолу талкуулаганда кандай абалда болушкандыгын айтыңыздар?

27.01.2020 13:28


Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!