СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Кыргыз эли каада салттарга бай көчмөн эл болгон.Бала төрөлгөндө сүйүнчүлөө, ат коюу, бешикке бөлөө,тушоо кесүү,баланы сүннөткө отургузуу бой жеткенде үйлөндүрүү.Ошол каада салттардын ичинен баланы бешикке бөлөө боюнча сөз кылсак.Жаңы төрөлгөн ымыркайды бешикке болоо кыргыз элинин илгертен келаткан салттарынын бири.Бешикти совет мезгилинде өткөндүн саркындысы катары жерип колдонуудан да чагарып коюшкан.Бирок учурда бешикти колдонуу кайрадан жанданып,бешик тойго белек катары бешик бериле баштады.Баланы бешикке салуу аземи баланын кыркы чыккандан кийин өтөт. Бешик жылуу ыңгайлуу болгондуктан,кышында төролгөн балдарды 40 кунго жетпей деле бөлөөгө болот.Баланы бешикке көп төрөгөн,балдарына жакшы тарбия берген байбичелер бөлөйт.Бешикти алгач "ак жолтой бешик бол,!" деп аласташат.Бешик аласталгандан кийин чукөлөрдү"оң бол бар бол"деп ырымдап бешиктин үстүнө ыргытышат.Азыр айрымдар чуконун ордуна таттууларды чачып жүрүшөт.Бешиктин башынан бир байбиче өйдө көтөргөндө чүкөлөр күлтуккө көп чүкө түшсө"баланын келечеги ошончолук кен болот"деп ырымдашат.Катарынан эки олпок салынып,күлтүк орнотулуп,жалаяк салынгандан кийин байбиче баланы бешиктин баш жагынан алып бөлөй баштайт.Баланы бөлөөдөө калың кийинтпөө керек.Болбосо боргулдатып кетет.Бешикти терметкенде баланын башына жоолук салынат.Башына салынган жоолук колу менен кошо тапңылат.Шимек баланын такымын өйкөп жибербеш үчүн май менен майлашат.Баланын эки бутунун ортосуна да жука жалаяк коюлат.Бала оролуп,таңылгандан кийин бешиктин үстүнө жуурканы, куржуну,баштыгы болун жети нерсени бешикке жаап энесине карматышат.Кыргыздарда жети саны ыйык сан.Баласы бөлөнгөн бешикти кармаган келин босогодон төргө,төрдөн босогого карай көтөрүп отугандарга таазим этет.Бул анын бешик менен кошо баласын тарбиялап,өстүрүүгө жоопкерчилик алдым дегени.Бешик көчмөн мезгилде пайда болгон элибиздин ыйык деп саналган буюмданын бири.Себеби,анда жарык дүйнөгөкелген ымыркай1-2 жашка чейин жатат. Бул баланын таза, ден соолугу чың өсүшү үчүн көрүлгөн камкордук.Бирок, мындай көз карашты "бешикте -чоңойгонбаланын буту ийри башы жалпак болуп калат"деп коёт доорунда жокко да чыгардык.Бул жыйынтык таптакыр туура эмес бөлөнсө гана буту ийри болушу мумкүн.Келиндерге туура бөлөөнун жол жобосун бай-байбичелер көрсөтүшү керек.Бешик өчүп конууга ылайыкташтырылган буюм.Көчкөндө илгери бешике бөлөнгөн бала тынч, көпкө уктайт.Анын сырткы жабуусу балага чымын-чиркейдин конуусунан да сактайт.Кыргыз келидеринен үй жумуштары көп болгондуктан,аларга баласынын бешикке бөлөнгонү ыңгайлуу болот.
© 2020, Ташова Кыйматай Абдимомуновна 1865