СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары

Нажмите, чтобы узнать подробности

Мамлекеттик сыйлыктар

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

Кыргыз Республикасынын Баатыры эң жогорку артыкчылык даражасы

1. "Кыргыз Республикасынын Баатыры" Кыргыз Республикасынын эң жогорку артыкчылык даражасы жарандарга Кыргыз Республикасынын эркиндиги, көз карандысыздыгы жана гүлдөп-өркүндөшү үчүн жасалган баатырдык менен байланышкан, мамлекет жана коом алдында өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн ыйгарылат.

2. "Кыргыз Республикасынын Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасы "Ак Шумкар" өзгөчө белгисин жана тиешелүү күбөлүктү тапшыруу менен бир жолу ыйгарылат.

3. "Ак Шумкар" өзгөчө белгиси төштүн сол тарабында Кыргыз Республикасынын ордендери менен медалдарынын үстү жагына тагылат.

«Манас» ордени

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

1. "Манас" ордени менен Кыргыз Республикасынын өркүндөп-өсүшүнө өбөлгө түзгөн, мамлекет жана эл алдында сиңирген эмгеги үчүн, мамлекетти жана демократиялык коомду, элдин биримдигин коргоого жана чыңдоого, өлкөнүн экономикалык, руханий жана интеллектуалдык дараметин арттырууга кошкон салымы үчүн сыйланышат.

2. "Манас" орденинин төмөнкүдөй 3 даражасы бар:

1) I даражадагы "Манас" ордени;

2) II даражадагы "Манас" ордени;

3) III даражадагы "Манас" ордени.

"Манас" ордени менен сыйлоо ырааттуулукта - III даражадан I даражага карата жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын Президенти жарандарды өзгөчө учурларда ушул бөлүктө белгиленген ырааттуулукту сактабастан "Манас" ордени менен сыйлай алат.

3. "Манас" ордени төштүн сол тарабына, Кыргыз Республикасынын башка ордендери менен медалдарынын алдына тагылат.

«Курманжан Датка» ордени

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

1. "Курманжан Датка" ордени менен коомдук-саясий иште сиңирген эмгеги жана эмгектеги жетишкендиктери, мамлекетти коргоого жана чыңдоого, элдин биримдигине, өсүп келе жаткан муунду өз Мекенин сүйүү жана урматтоо духунда тарбиялоого кошкон салымы үчүн сыйланышат.

2. "Курманжан Датка" ордени төштүн сол тарабына, "Манас" орденинен кийин тагылат.

«Данакер» ордени

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

1. "Данакер" ордени менен элдердин ортосундагы тынчтыкты, достукту жана кызматташтыкты чыңдоого кошкон ири салымы, улуттар аралык ынтымакты сактоо боюнча өзгөчө үзүрлүү иши, өлкө илимин жана экономикалык потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы, улуттук маданияттарды жакындатуу жана өз ара байытуу, мамлекеттер ортосундагы достук мамилелерди бекемдөө боюнча жигердүү ишмердиги үчүн сыйланышат.

2. "Данакер" ордени төштүн сол тарабына, "Курманжан Датка" орденинен кийин тагылат.

“Даңк” ордени

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

"Даңк" ордени менен сыйланышат:

1) Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүү деңгээлин жана элдин бакубаттуулугун көтөрүүгө, тынчтыкты жана туруктуулукту сактоого өбөлгө түзгөн эмгектеги салымы үчүн;

2) илим, билим берүү жана саламаттык сактоо жаатындагы кошкон салымы үчүн;

3) мамлекеттик, кайрымдуулук жана коомдук иштер жаатындагы, мыйзамдуулукту, укуктук тартипти, коопсуздукту жана өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чындоодогу кошкон салымы үчүн;

4) улуттук маданиятты, искусствону, тарыхты сактоого, жайылтууга жана өнүктүрүүгө, өсүп келе жаткан муунду патриоттук тарбиялоого кошкон салымы үчүн;

5) спортту илгерилетүүгө, колдоого жана жайылтууга кошкон салымы үчүн.

2. "Даңк" ордени төштүн сол тарабына, "Данакер" орденинен кийин тагылат.

"Данк" ордени

Кыргыз Республикасынын Президентинин

2017-жылдын 18-августу № 147

Жарлыгы менен бекитилген

"Даңк" орденинин СЫПАТТАМАСЫ

"Даңк" ордени күмүштөн жасалат жана улуттук оюумдун рельефтик сүрөтү бар салтанаттын символун билдирген туура күмүш пластинанын фонундагы сегиз бурчтуу жылдыз болот. Карама-каршы жаткан учтарынын ортосундагы жылдыздын өлчөмү 55 мм.

Ордендин ортоңку бөлүгүндө сол тарабынан лавр жалбырагынан жана оң тарабынан арчадан жасалган, алтын менен капталган венок түрүндө айлана жайгашкан. Лавр жалбырагы атак жана даңкты, ал эми арча түбөлүктүүлүктү түшүндүрөт. Айлананын ортосунда "Даңк" жазуусу бар. Жазуунун үстүңкү жана төмөн жагында улуттук оюм жайгашкан. Жазуу жана улуттук оюмдун элементтери дөмпөйтүлгөн, түстүү эмаль менен жасалган кочкул кызыл фондо жайгашкан.

Ордендин арткы бетинин төмөнкү бөлүгүндө катар номери жайгашкан. Төөнөгүч түрүндө таккычы бар.

“Достук” ордени

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

1. "Достук" ордени менен сыйланышат:

1) элдердин ортосундагы достук, социалдык-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү, Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттер менен ар тараптуу кызматташтыгын бекемдөө ишиндеги жетишкендиктери үчүн;

2) эл аралык, коомдук, кайрымдуулук жана гуманитардык иштердеги жетишкендиктери үчүн;

3) өлкөнүн руханий жана интеллектуалдык дараметин өнүктүрүүгө жана көбөйтүүгө кошкон жеке салымы, адам укуктарын жана анын социалдык кызыкчылыктарын коргоо боюнча жигердүү иши үчүн.

2. "Достук" ордени төштүн сол тарабына, "Даңк" орденинен кийин тагылат.

Кыргыз Республикасынын Президентинин

2017-жылдын 18-августу № 147

Жарлыгы менен бекитилген

"Достук" орденинин СЫПАТТАМАСЫ

"Достук" ордени күмүштөн жасалат жана дөмпөйтүлгөн чыгып турган шоола түрүндөгү алты бурчтуу жылдыз түрүндө болот. Жылдыз алтын менен капталган, шооланын карама-каршы жаткан учтарынын ортосундагы аралык 55 мм.

Ордендин ортоңку бөлүгүндө үч бурчтук формасындагы байыркы кыргыз тумары түрүндө каптама жайгашкан. Үч бурчтуктун жактары 38 мм. Четтери алтын менен капталган. Тумардын үстүңкү жагында элдердин ортосундагы кылымдык достукту билдирген "ажырагыстыктын" белгиси, ортосунда "Достук" жазуусу, төмөнкү жагында кыргыздын улуттук оюму жайгашкан. Тумардын бардык элементтери алтын менен капталган, көк эмаль менен жасалган көк фондо жайгашкан.

Жылдыздын алдыңкы бети улуттук оюм менен кооздолгон. Жылдыздын учтарынын аралыгында көк түстөгү цирконий таштары менен кооздолгон алты күмүш элемент чыгып турат.

Арткы бетинин төмөнкү бөлүгүндө катар номери жайгашкан. Төөнөгүч түрүндө таккычы бар.

"Баатыр эне" ордени

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

1. "Баатыр эне" ордени менен энелер - жети жана андан көп бала төрөгөн жана татыктуу тарбиялаган, балдардын ден соолугу, билими, дене боюнун жана адеп-ахлактык өнүгүүсү жөнүндө талаптагыдай камкордуктун деңгээлин камсыз кылган Кыргыз Республикасынын жарандары сыйланышат.

2. "Баатыр эне" ордени менен сыйлоо ушул берененин 3-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган учурларды кошпогондо, жетинчи бала бир жашка толгондо жана башка балдары тирүү болгондо жүргүзүлөт.

3. "Баатыр эне" ордени менен сыйлоодо төмөнкү балдар да эске алынат:

1) мыйзамда белгиленген тартипте асырап алынгандар, эгерде асырап алгандан кийин 3 жылдан көп убакыт өтсө жана багып алынган балдар чогуу жашаса;

2) Ата мекенди жана анын мамлекеттик кызыкчылыктарын коргоодо, адам өмүрүн сактап калуу, мыйзамдуулукту жана укук тартибин камсыз кылуу боюнча жарандык парзын аткарууда курман болгондор же дайынсыз жоголгондор.

4. "Баатыр эне" ордени төштүн сол тарабына, Кыргыз Республикасынын медалдарынын алдына тагылат.

"Эрдик" медалы

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

1. "Эрдик" медалы менен жарандар адамдарды куткарууда, өлкөнүн коопсуздугун жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыз кылууда, коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө, табигый кырсыктардын, өрттүн, кыйроолордун жана башка өзгөчө кырдаалдардын убагында көрсөткөн каармандыгы, эрдиги жана кайратмандыгы үчүн, ошондой эле өмүр үчүн тобокелдик менен коштолгон шарттарда аскердик, кызматтык жана жарандык парзын аткарып жатып жасаган каарман жана чечкиндүү иш-аракеттери үчүн сыйланышат.

2. "Эрдик" медалы төштүн сол тарабына, Кыргыз Республикасынын ордендеринен кийин тагылат.

"Даңк" медалы

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

1. "Даңк" медалы менен мамлекеттик же коомдук иштеги, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы, өндүрүштүк, илимий-техникалык, чыгармачыл, тарбиялык, коомдук жана кайрымдуулук иштердеги өзгөчө эмгеги үчүн сыйланышат.

2. "Даңк" медалы төштүн сол тарабына, "Эрдик" медалынан кийин тагылат.

"Эне даңкы" медалы

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

1. "Эне даңкы" медалы менен энелер - алты бала төрөгөн жана аларды татыктуу тарбиялаган, алтынчы баласы бир жашка толгон жана башка балдары тирүү Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле жетим балдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар үчүн окуу-тарбиялоо мекемелеринде 15 жылдан ашык кынтыксыз иштеген аялдар сыйланышат.

2. "Эне даңкы" медалы менен сыйлоодо төмөнкү балдар эске алынат:

1) эгерде асырап алгандан кийин кеминде 3 жылдан ашык убакыт өтсө жана асырап алынган балдар чогуу жашаса, мыйзамда белгиленген тартипте асырап алынгандар;

2) Ата мекенди жана анын мамлекеттик кызыкчылыктарын коргоодо, адам өмүрүн сактап калуу, мыйзамдуулукту жана укук тартибин камсыз кылуу боюнча жарандык парзын аткарууда курман болгондор же дайынсыз жоголгондор.

3. "Эне даңкы" медалы төштүн сол тарабына, "Даңк" медалынан кийин тагылат.

Ардак наамына төш белгиси

Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 10-июлундагы N 234 Указы менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Ардак наамына төш белгинин СЫПАТТАМАСЫ

Төш белгиси томпактан жасалат жана эки бөлүктөн - беш бурчтуу колодкадан жана диаметри 26 миллиметр келген дискадан турат, алар бири-бири менен илмек жана шакекче аркылуу биригет.

Колодканын оң бети ысытуу ыкмасы аркылуу кызыл эмаль менен жабылган.

Дисканын жогорку бөлүгүндө Мамлекеттик туунун рельефтүү элементи жайгашкан (түндүктүн стилдүү сүрөтү, ал тегерете күндүн нурлары менен курчалган). Дисканын ортосунда "Кыргыз Республикасы" деген рельефтүү жазуу жазылган. Дисканын жээктеринде лавр бутакчаларынан рельефтүү сүрөтү жайгаштырылган.

Дисканын арткы бетинде белгинин номери оюлуп жазылган, ал эми колодканын арткы бетинде төөнөгүч тибиндеги бекиткич бар.

Кыргыз Республикасынын ардак наамдары төмөнкү категорияларга бөлүнөт:

1) биринчи категориядагы ардак наамдар:

а) "Кыргыз Республикасынын эл артисти";

б) "Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу";

в) "Кыргыз Республикасынын эл акыны";

г) "Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү";

2) экинчи категориядагы ардак наамдар:

а) "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти";

б) "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы";

в) "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ойлоп табуучусу";

г) "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу";

д) "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими";

е) "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи";

ж) "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти";

з) "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер";

и) "Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер";

к) "Кыргыз Республикасынын геология кызматына эмгек сиңирген кызматкер";

л) "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматына эмгек сиңирген кызматкер";

м) "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосуна эмгек сиңирген кызматкер";

н) "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна эмгек сиңирген кызматкер";

о) "Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер";

п) "Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоосуна эмгек сиңирген кызматкер";

р) "Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген кызматкер";

с) "Кыргыз Республикасынын байланышына эмгек сиңирген кызматкер";

т) "Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер";

у) "Кыргыз Республикасынын калкты тейлөө чөйрөсүнө эмгек сиңирген кызматкер";

ф) "Кыргыз Республикасынын транспортуна эмгек сиңирген кызматкер";

х) "Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер".

Ардак грамота

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

1. Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен өлкөнүн социалдык-экономикалык жана рухий дараметин арттырууга сиңирген эмгеги, мамлекеттик жана муниципалдык кызматта, билим берүү жана медицина чөйрөсүндө, өндүрүштүк, илимий-техникалык, чыгармачылык, тарбия берүү, коомдук жана кайрымдуулук иштеринде олуттуу жетишкендиктери үчүн сыйланышы мүмкүн.

2. Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган адамга "Ардак белгиси" төш белгиси берилет.

3. "Ардак белгиси" төш белгиси төштүн оң тарабына тагылат жана сыйланган адамдын ардак наамы болсо, Кыргыз Республикасынын ардак наамынын төш белгисинен кийин тагылат

01.12.2019 17:55


Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!