СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгү онлайн форматта жеткиликтүү
Билим АКИpress - Интернетте кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгү пайда болду. Бул тууралуу Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын басма сөз кызматы маалымдады.
Бул УИАнын Ч.Айтматов атындагы кыргыз тил жана адабият институту менен «Эл сөздүк» онлайн сөздүгүнүн биргелешкен долбоору.
Фразеологизмдердин онлайн сөздүгү Кыргыз тил институту 2015-жылы чыгарган «Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгү» китебинин негизинде түзүлгөн. Сөздүктө фразеологизмдердин чечмелениши көркөм адабияттан жана мезгилдүү басма сөздөн алынган мисалдар менен коштолот.
«Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгү» өнөктөштүктүн алгачкы кадамы. Кыргыз тил институтунун башчысы, профессор Абдылдажан Акматалиевдин демилгеси менен жакынкы учурда «Эл сөздүктүн» базасы «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», «Манас» эпосунун сөздүгү», «Синонимдер сөздүгү», «Антонимдер сөздүгү» сыяктуу Кыргыз тил институту түзгөн актуалдуу сөздүктөр толукталып, кыргыз тил күйөрмандарын кубантып турмакчы.
«Эл сөздүк» сөздүгүндө пайдаланылган сөздүктөрдүн тизмеси
Толугураак
© 2019, Далиев Элдор Бахтиёрович 846