СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргызстан-менин Мекеним!

Нажмите, чтобы узнать подробности

Дүйнө жүзүндө бардык мамлекеттердин герби, желеги, гимни, конституциясы болот. Анткени алар мамлекетти башкы символдору. Кыргыз Республикасынын символдору качан пайда болгон? Кыргыз Республикасы 1990-жылы 31-августта көзкарандысыздыкты алгандан кийин өзүнүн эгемендүү гербине, туусуна, гимнине жана коституциясына жана ошондой эле улуттук валютасына расмий түрдө ээ болгон. Демек, Кыргызстан өз алдынча эгемендүү, көзкарандысыз мамлекект болгонуна быйыл 20 жыл болду. Биздин мамлекетибиз мурун Советтик Социалисттик Республикалар Союзу (СССР) деген өлкөнүн курамында болгон. Ага 15 республика кирчү. 15 союздук республикалардын ар биринин өзүнүн мамлекеттик символикалары бар болчу. Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин жаңы символоикалардын болушу зарыл болгон. Символ деген сөз грек тилинен Simdolon (Simbol) деген сөзүнөн алынган. Ал – белги, мүнөздүү белги, уруксат белгиси дегенди түшүндүрөт. Символ – материалдык предметтердин жыйындысынын белгиленген элементин, белгилерди көрсөтүүдө колдонулат. Ошондой эле символ кандайдыр бир ойду, идеяны билдирет. Биздин оюбузча символ деген бул муундан –муунга берилүүчү буюм, нерсе, окуялардын социалдык жактан белгиленген мазмундуу мааниси: күн, ТОО, дарак, туу, шакек, крест ж.б. түрүндө каралат. Кыргыз Республикасынын мамлекетти Герби. (Кызыл түс) Гербдерди өздөштүрүп изилд өөчү илим геральдика деп аталат. Адамдар гербдерди качан ойлоп табышкан деген суроо жаралышы мүмкүн. Гербдердин тарыхы жүздөгөн жылдар мурун башталган. Байыртадан бери эле уруу башчыларынын мураскерлери өз уруусуна башчылык кылуу менен анын эе тамгасын (белгисин) кошо мурастап келишкен. Мына ушул уруулук белгилер – эн тамгалар геральдиканын башталышы болуп саналат. Балдар биздин гербдин түзүлүшү кандай белгилерден түзүлгөн, ал өзүнө кандай сүрөттөрдү? эмнелерди камтыйт ? Келигле биздин гербдин курамдык бөлүктөрүн сыпаттап чыгалы. (тоодон чыгап келе жаткан күн, ыйык асмандын ээси тоо бүркүтү – Манас менен Семетейдин Акшумкарынын, ак мөңгүлүү Ала-Тоонун, касиеттүү Ысык-Көлдүн, буудай менен пахтанын сүрөттөлүшү, түстүн мааниси). Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби 1990-жылы 14-январда бекитилген. Авторлору: А.Абдраев, С.Дубанаев. Кыргызстандын мамлекеттик символу – гербде ак кыр бууланган көк түстөгү тегеректин ортосунда ок мелжиген тону мекендеген кыргызстандыктардын бийик ой-максатын билдирген Ала-Тоо кыркалары, айкөлдүгү жана көрөгөчтүктү туюндура канат жайган тоо бүркүтү ак шумкар, жаратылыштын ажайып кооздугунун, өмүр булагынын жана күч-кубаттын символу болгон мелмилдеген Ысык-Көл, алтын нурларын чачыратып тоо башынан чыгып келаткан Күн чагылдырылган. Ал эми тегеректин жогорку бөлүгүндө «Кыргыз», төөн жагында «Республикасы» деп жазылган

17.02.2020 18:54


Рекомендуем курсы ПК и ПП