СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Биздин кыргыз жерибиз-абдан кооз,биологиялык жана географиялык жактан топ келген кереметтуу жер.Менин сыймыктанар,мактанар жерим -Кыргызстаным,куттуу Мекеним.Кыргыз жери-адамдын көз жоосун ала тургандай кооз,кереметтүү өлкө.Кыргызстандвн чебиндей болгон көк мелжиген бийик-бийик тоолору,шаркырап аккан суулары,кызыл-тазыл гүлөрү,жытту арчалары бийикти мекендеген жапайы жаныбарлары,деги эле койчу,сулуулуктун байлыктын баары бизде.Кыргыз жерим кенге бай,алтын көмүр,мунай,уран,сурьма,мрагор,гранит,туз жана ар кандай минералдык суулар бар.Ар бир облустун өзүңдө,адамды тамшандырган кооз жерлери жана тарыхый мурастар бар.Кыргыз жергебиздин тоолоруна жаратылышына суктанып,көптөгөн мамлекеттерден туристтер,чет элдикмеймандар келип эс алып кетишет. Чыныгы эң кооз эс алуучу жайлардынбири бул Ысык- Көл.Кыргыз жерине келген чет элдик меймандар,туристтер жакшы ойлорун айтып суктанышат.Кыргызстан өзү чакан мамлекет болсо да,тоолору,суу сактагычтары,жаратылышы менен бүт дүйнөгө таанылган. Эй адамдар,силер ак мөнгү жамынган бийик тоолору,ак кийиз менен оролгон боз үйү,музыкадай кубулжуган суулары,кооз-кооз бажырайган талаа гүлдөрү,тоодон-тоого секирген кайберени бар өлкөнү көрдүңөр беле? Албетте биздин жерибиздеги сулуулук,эч жерде жок.Кыргыз жери мен үчүн керемет. Кыргыз жеримдин өркүндөп өсүп өнгүүсүнө,ар бир атуул өз салымын жигердүү түрдө кошуусу керек.
Кыргыз жерим дүйнөнүн кооз жери,
Ак калпактуу,меймандос Кыргыз эли.
Оо,адамдар,салымынарды кошкулачы,
Өркүндөп өсө берсин кыргыз жери.
Азыркы учурда дүйнөнүн 30дан ашуун өлкөдө Кыргызстандын элчилигииштеп жатат.130дан ашуун мамлекет Кыргыз Республикасын тааныды.96 мамлекет менен дипломатиялык мамиле түзүлдү.1992-жылдан баштап Кыргызстан эл аралык уюмдарга мүчө боло баштаган.Социалдык-экономикалыкчөйрөсүндө кайра куруулар жүрдү.1992-жылдын 24-августтунан 1-сентябрына чейин Бишкекте Кыргыздардын бүткүл дүцнөлүк биринчи курултайы болуп өткөн.Ага дүйнөнүн ар тарабында жашаган кыргыздар келип катышкан.Ал эми 1995-жылы Улуу кан Манастын ордосу турган таласта Манас эпосунун 1000 жылдыгы чон маареке менен белгиленген.2003-жылы Бириккен Улуттар Уюму тарабынан Кыргыз Мамлекеттүүлүгүнун 2200 жылдыгы болуп өткөн. Андан кийин ЮНЕСКОнун колдосу менен Ош шаарынын 3000 жылдыгы белгиленген.
© 2020, Абекова Кенжегүл Капаровна 1027