СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кызыл-Кыя шаары

Нажмите, чтобы узнать подробности

Кызыл-Кыя - Баткен областына караштуу шаар.

Илгери, Эшме-Булак капчыгайындагы тоо суулары жеп кеткен кыртыштан көрүнүп калган «күйүүчу ташты» (көмүрдү) малчылар кадимкидей отун катары колдонуп келишкен экен. Эшме-Булак деп аталган жерге биринчи жолу геологиялык чалгын жүргүзгөн аймактык инженер Михаиловдун табылгасы, азыркы Кызыл-Кыядагы таш көмүр кенинин ачылганын официалдуу ырастоо менен шаардын пайдубалы түптөлгөн мезгилдин башаты катары эсептелип калган. Бул кабардын таасиринен кийин, орустар жана чет элдиктер кен өндүрүш үчүн аябай көп келе башташкан. Кызыл-Кыя шаарынын тарыхый жөнү көмүр кени менен шартталганы табийгый көрүнүш. Шаардын каны, жаны, жаңы түспөлү, өткөнү менен бүгүнкүсү, келечеги да түпкүрүндө жатып жашоого нур төккөн, жылуулук, кубат берген керемет байлыгына байланыштуу.

Кызыл-Кыя Баткен областына караштуу Кичи-Алай кырка тоолорунун деңиз деңгээлинен 918 м бийиктикте жайгашкан. Шаарда 1901-жылы темир жолу салынган. Шаардын дүң продукциясынын 55%тин көмүр казып алынуучу эски борборлорунун бири. Союз убактысында жеңил, тамак-аш, эт-сүт ж.б.өнөр жай тармактары өнүккөн. Кызыл-Кыяда шахта башкармасы, "Алай" аскердик техника заводу, бут кийим тигүүчу фаврикасы, сүт заводу, тамеки ферментөө заводу, электр механикалык ишканалар, курулуш метериалдар комбинаты, цемент чыгаруучу завод, консервация заводу ж.б. иштейт. Азыркы күнгө чейин ЖОЖлар, бала-бакчалар, 2 кесиптик окуу жайы, тоо-кен кесиптик тех.окуу жайы,медицина окуу жайы, шаардык оорукана, шаардык маданият үйү, дем алуу паркы, музей, басмакана ж.б. иштеп келет.

11.04.2020 12:17