СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Улуттук тилди сактоо гана эмес, аны өнүктүрүү жана муундарга өткөрүп берүү негизги милдетибиз. Ошондой эле мамлекеттик тил катары статусун жогорулатып, башка улуттун өкүлдөрүн үйрөтүп, кыргыз тилинин лексикалык байлыгын жайылтуу. Бүгүнкү күндө бала бакчадан тартып, мектептерде жана ЖОЖдордо көп тилдүү билим берүүнү ишке ашырууга көп аракеттер жасалып жатат. Көп тилдүү билим алган окуучу келечекте кесип тандоодо жана турмуш-тиричилигин жөнгө салууда сөзсүз мүмкүнчүлүгү кеңири болот. Бул үчүн атайын мугалимдерди кайра даярдоо институтунда бөлүм ачылып, тийиштүү адистер республика боюнча семинар-тренингдерди уюштуруп жатышат. Негизи эле мектептерде жана ЖОЖдордо мамлекеттик тилди окутуу атайын көлөмдүү сааттар менен жолго коюлган. Мамлекеттик тилди окутууда терең улуттук идеология жатат, кыргыз тили сабагы аркылуу улутка тиешелүү баалуулуктарды окутууга басым жасасасак, башка предметтер CLIL методикасы аркылуу кыргыз тили да бардык сабакта камтылса абдан жакшы болот деген ишенимдебиз. Улуттук тилибиздин бай мүмкүнчүлүгүн башка улуттарга бир гана кыргыз тили предметинде эмес, башка сабактарда камтуу зарылчылылыгын милдеттендирүү зарыл. Себеби бул аркылуу кыргыз тили байыркы тил экендигин, тилдин тарыхы, лексика-грамматикалык өзгөчөлүгүн дагы өркүндөтүүгө шарт түзүлөт. Бүгүнкү күндө тийиштүү адистер атайын терминология менен иштеп жатышат. Көптөгөн жаңы сөздөр, илимий терминдер, тармактык терминдердин кыргыз тилинде түшүндүрмө терминологиялык сөздүк катары жарык көрүп жатат. Себеби көптөгөн англоцизмдер жана орус жана башка тилдерден кирген сөздөр кыргыз лексикасында кадимкидей эле колдонулуп, өздөштүрүлүп жатат. Чет тилдеги сөздөрдү лексикага көпчүлүк учурда публицистикалык стиль алып келет экен, башкача айтканда, журналисттер, газета-журналдардагы маалыматтар, теле-радиодогу кабарлар жана берүүлөрдө колдонулган чет сөздөрү лексикага ар дайым колдонулуп келгендей эле кирип, жаштар арасында, илимий чөйрөдө, керек болсо билим берүү системасында активдүү колдонулуп жатат. Мына ушундай ургалдуу ааламдашуу доорунда "Манастын", Ч.Айтматовдун, Алыкулдун тилин сактоо гана эмес, жайылтуу жана ааламдашууга алып кирип кетүү биздин негизги милдетибиз болуп саналат. Республикабызда көп тилдүү билим берүү программасын ишке ашырып жаткан адистер дал ушул зарылчылыкка басым жасоолору зарыл. Кыргыз тили илим катары катары калыптаган, изилденген жана дагы изилдөөлөрдү талап кылган кылган байыркы тил. Азыркы кыргыз адабий тилинин нормалары иштелип чыккан, калыпка салынган тил. Атайын илимий басылмалар жарык көрүп жатат.
© 2019, Жусуева Сюита Калмаматовна 320