СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
БЕКИТЕМИН
Окуу бөлүмүнүн башчысы: З Оруналиева
«_____»___________2019-жыл
Математика 3-класс
Тема: «Математика – акылдын гимнастикасы»
Сабактын максаты:
Сабактын максаты: Окуучулар өтүлгөн темалар боюнча билимдерин терендетишип, өз алдынча мисал, маселелелерди иштөөгө машыгышат, математикалык ар кандай оюндарды ойношот, математикалык тапшырмаларды аткарышат.
Эс тутуму жакшырат, кабыл алуу жөндөмдүүлүгү артат, логикалык ойлоосу, ой жүгүртүүсү өсөт, топтордо иштөө менен кызматташуу көндүмдөрү калыптанат.
Окуучулар тактыкка, тыкандыкка, эмгектене билүүгө, жоопкерчиликке тарбияланышат
Усулу: Интерактивдүү.
Колдонулган ыкмалар: Акыл чабуулу
Сабактын формасы: Таймаш сабак
Жабдылышы: Сүрөттөр,карточкалар, флеш-карталар, стенддер, проектор, ноутбук.
Баалоо: Сабактын башында окуучуларга тегерекчелер таратылып берилет. Ал эми сабактын жүрүшүндө окуучулар топтогон желекчелерди ал тегерекчеге чаптап жүрүп отурушат. Бул жерде жекече баалоо жана топтук да баалоо жүргүзүлөт.
Сабактын журушу:
Уюштуруу мезгили.
Мугалим, алгач окуучулар менен учурашып алагн сон, жагымдуу окуучулар арасында жагымдуу маанайды пайда кылуу үчүн слайддан видеоролик көрсөтөт.
Жаӊы сабак
1-кадам. Окуучулар топторго бөлүнүшөт жана ат берилет.
1-топтун аты: «Билермандар»
2-топтун аты: «Тапкычтар»
2-кадам. Математикалык табышмактар.
Тал башында беш чымчык,
Сайрап жатат чыйырчык.
Yчөө учуп кеткенде,
Канча калат санап чык?
Көлмөдө жүрөт 8 каз,
8 дин үчөө аппапак.
Жээкке бешөө кеткенде,
Көлмөдө калат канча каз?
Айшанын 10 тоогу,
Бар болчу түнөөдө.
Дагы 5ти алып кетти,
Түлкү түн ичинде.
Кана, канча калды тооктор,
Санап жардам бергиле?
3-кадам. Карточкалар менен иштөө. Окуучуларга перфокарточкалар таратылып берилет. Карточкада жазылган туюнтмалар.
(645+279)-501 (145+270)-129
644-(200+140) (216-200)+(4*4)
4 *(997-990) (284-126)-(135-75)
4-кадам. Маселелер бекети. Мында топторго маселелер сүрөттөрү менен берилет.
1-маселе. Эрмек 250 га жерге буудай, 130 га жерге арпа, андан 50 га аз жерге буурчак экти. Баардыгы канча гектар жерге дан эгилген?
I 250 250+130+(130-50)= 380+80=460
II 130 ?
III 130-50 Жообу: 460 га жерге эгилген.
2-маселе. Асхатка апасы 340 сомго костюм, 170 сомго ботинка сатып берди. Апасынын айлыгы 780 сом болсо, анда анын дагы канча акчасы калды?
I 340+170 780-(340+170)=780-510=270
II 780 ? Жообу: 270 сому калды.
5-кадам. Жадыбалдар бекети. Мында 1-топ чыгып, ар бири бирден санды алып турушат, ортого көбөйтүү амалын жайгаштырып, окуучулар эки тарбына турушат. 2-команданын окуучулары тез-тезден жоопторду айтууга тийиш.
6-кадам. Логикалык суроолор.
Мараттын 15 кою бар эле.Он төртүнөн башкасынын баары өлүп калды. Ошондо Мараттын канча кою калды? Жообу :14
Атамдын жашы 31де болгондо, мен болгону 8 жашта элем.Ал эми азыр атам менден эки эсеге улуу. Ошондо менин жашым канчада? Жообу:23 жаш
7-кадам. Фигураларды атоо.
![]() |
|||||||||||||||||
![]() |
|||||||||||||||||
![]() |
|||||||||||||||||
![]() |
|||||||||||||||||
![]() |
|||||||||||||||||
![]() |
|||||||||||||||||
![]() |
|||||||||||||||||
![]() |
|||||||||||||||||
![]() |
|||||||||||||||||
8-кадам. Математикалык оюндар. Ойлон, тап!
12 |
3 |
12 |
13 |
11 |
15 |
14 |
? |
15 |
14 |
4 |
6 |
2 |
9 |
3 |
4 |
5 |
7 |
![]() |
|||
![]() |
© 2020, Сабырбекова Аида Акылбековна 776