СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Мээнетке жараша дөөлөт.

Нажмите, чтобы узнать подробности

Падыша үч вазирин чакырып, ак сарайдын бакчасынан ар бирден баштыкты жер-жемиштерге толтуруп келүүсүн буйрук кылды. Баштыгыңар канча чоң болсо ошончо жакшы, анан да, баштыкты эмне менен толтурганыңарды бири-бириңерге көрсөтпөгүлө! - деп кошумчалады. Падышанын бул жоругун вазирлер ар кимиси ар кандай түшүндү.

Биринчи вазир кандай болсо да падышаны ыраазы кылууну көздөп, бакчадагы энжакшы, таза жемиштерди жыйнай баштада.

Экинчи вазир "биздин чогулткан жемиштерибизге падыша муктаж эмес, эмнеси болсо да баштыкты толтурсам болду" деп ойлоп, жемиштердин жакшы жаманына карабастан колуна киргенин баштыкка сала баштады.

Үчүнчү вазир болсо "бул падышанын эриккенден ойлоп тапкан оюну го, баштыкты эмне менен толтурууга киришти. ошентип толтурган баштыктарын көтөргөн вазирллер падышанын алдына жөнөштү. Падыша болсо алардын баштыгына көңүл да бурган жок. Болгону жанжөкөрлөрүнө үч вазирди баштыгы менен бирге өз-өзүнчө зынданга салып, үч айга чейин тамак-аш бербегиле деп буйруду. Биринчи вазир чогулткан жемиштерин жеп үч айды кыйналбастан өткөрдү.

Экинчи вазир жарым-жартылай чогулткан жемиштерин жеп араң жан болуп зындандан чыкты.

Үчүнчү вазир болсо болсо арадан бир ай өтпөй зынданда жан таслим болду. Анткени ал чөп-чардан башка эч нерсе чогулткан эмес эле.

Демек биз мээнет кылсак дөөлөт келет.

13.04.2020 19:03