СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Мен мугалиммин!
Окуткан, окуттурган,
Азга да топук кылган,
Жакшыга эшик ачып,
Жамандан тосуп турган.
Мекенге ар жыл сайын,
Мекенчил уул-кыздарды кошуп турган.
Мен мугалиммин!
Мезгилди ызаттаган,
Мерчемден түз аттаган.
Өлкөнүн тагдыры үчүн,
Мөмөлөп, бутактаган.
Бакыттын даамын сезип,
Балдарды жакшы көрүп кучактаган.
Мен мугалиммин!
Кабылдуу бата болгон,
Кайтарган ката жолдон.
Келечек күндү ойлоп,
Кейиген, капа болгон.
Мээримин аябастан,
Мектепте окуучуга апа да, ата болгон.
Мен мугалиммин!
Жумушту адат кылган,
Турмушту санат кылган.
Өзү эмес окуучуга,
Бийикти самап турган.
Учуруп шумкарларын,
Кайра өзү суктанып карап турган.
Мен мугалиммин!
Күн нурун тартып көктөн,
Мээримин жаркып төккөн.
Үй-бүлө, мектеп жүгүн,
Үзүрлүү тартып кеткен.
Эреркеп, кубанып да,
Агайым деген сөзгө балкып кеткен.
Мен мугалиммин!
Жашоону сүйүп турган,
Булактай ийип турган.
Татына мугалимдин,
Күрмөсүн кийип турган.
Жөнөкөй жашоосу бар,
Максаты бардыгынан бийик турган.
Улукбек Омокеев, блогер.
(Азаттык үналгысынын 2016-жылдын 29-октябрындагы “Мугалим Адам болууга окутса.” деген макаласынан алынды)