СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Өскөналиев Нарынбек Абылович
1955-жылы туулган. 1962-жылы Нарын областынын Ат-Башы районундагы «Пограничник» орто мектебине кирип, 1972-жылы 10-классты бүтүргөн.
1972-1973-жылдары Ат-Башы районундагы «Пограничник» колхозунда курулуш бригадасында жумушчу болуп иштеген.
1973-1978-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинде окуп, жогорку билим алып, «филолог, кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалими» адистигинин ээси болгон.
1978-1981-жылдары Ат-Башы районундагы «Пограничник» орто мектебинде кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалими болуу менен, бир эле мезгилде комсомол уюмунун секретары болуп иштеген.
1981-1982-жылдары Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районундагы Макаренко орто мектебинде кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалими болуп иштеген.
1982-1984-жылдары Армиянын катарында 12615 аскер бөлүгүнүн 2-ротасынын командиринин саясий иштер боюнча орун басары кызматын өтөп, ага лейтенант чинин алган.
1984-1992-жылдары Жети-Өгүз районунyн Ичке-Булун айылындагы Калинин (кийин К.Эсенкожоев) атындагы орто мектебинин директору болуп иштеген.
1992-жылы Ысык-Көл областынын «Жыл мугалими – 92» конкурсунун жеңүүчүсү, Билим берүү министрлигинин Ардак грамотасынын, «Эл агартуусунун отличниги», Республикалык «Жыл мугалими – 92» конкурсунун байге ээси болгон.
1992-1995-жылдары Жети-Өгүз районунун борбору Кызыл-Суу айылындагы Макаренко атындагы орто мектебинде мугалим болуу менен бирге, 1992-1993-жылдары райондук 1-лицей класстарын уюштуруп, жетектеген.
1995-1996-жылдары Бишкек гуманитардык университетинин алдындагы Эл аралык билим берүү борборунун директорунун орун басары кызматында, 1996-2002-жылдары университеттин кыргыз филология (кийин түркология) факультетинин кыргыз тили кафедрасынын ага окутуучусу, 2000-2001-жылдары факультеттин деканынын окуу-тарбия иштери боюнча орун басары кызматында иштеген.
2002-жылы БГУнун алдындагы институттун ага окутуучусу, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын илимий кызматкери болуп иштеп, конкурска катышуу менен 2002-жылдын август айынан тарта Австрия тарабынан салынган Бишкек шаарындагы SOS Герман Гмайнер окуу-тарбия комплексинде кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалими болуп эмгектенип келүүдө. 1995-жылдан азыркы убакка чейин Жогорку окуу жайдын (БМУ, ИНДО) окутуучусу.