СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Мигрант жана бала

Нажмите, чтобы узнать подробности

Ооба баарыбызга белгилүү акыркы жылдардагы тартыш жашоо миграция агымынын көбөйүшүнө алып келди.Ким эле өз баласын таштап,чет жакка кеткиси келсин? Айла жок жашоо агымындагы агымдар.

Мотурайган таза-тыкан бала 1-класска келди.Баары ойдогудай окуу куралы жетиштүү,кийимдери да жакшы ал гана эмес окууга да даярданып келет.Бирок эмнегедир көздөрүндө муң бар эле.Бул балага кызыгып сурап келсем таэжесинин колунда экен ата-энеси Россияда экен.Убакыт өтүп жаңы жыл да келе жатты.Бир күнү таэжеси бала менен келип анын ата-энеси 2 жылдан бери чет жакта жакында келе тургандыгын айтты.Мына ошондо баланын көзү менен менин көзүм чагылыша түштү.Ал көздөрдө тоңгон муң ээригендей жашылданып кетиптир.Аны көрүп менин да ичим эзилди.Көзүмө жаш тегеренди.

Ошентип каникулга да кеттик.Бул эс алуу мезгилинде да баягы бала эсимден чыкпады.

Ошентип иш күнү башталды.Менин каарманым келди. Өзгөрүү жок дале ошол бойдон.

Көрсө ата-энеси келип айылга кетиптир.Мен ачуум келди баланын ата- энесине.

Бир күнү бала куунак келди көрсө ата-энеси жанында экен. Алар мектепке алып келди.Кайра алып кеткени келген учурда мен аларга жолуктум.Мен аларга бала жөнүндө айтып жатып,алардын жанында болуусун айттым.Тилекке каршы ата-эне дагы кетээри белгилүү болду.Жок дегенде кеткиче баланы өздөрү алып келип,өздөрү алып кетип туруусун жана жанында болуусун сурандым.

Эх жашоо кичинекей балдарга да таасирин тийгизип жаткандай.Качан менин ата-энем келет деп күтүп жашайт кичинекей бала да.

Чет жерде жүргөн мекендештерибиз аман-эсен келип балдарынын жанында болсо деп тилек гана кылабыз.

29.01.2020 12:39


Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!