СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Молдо Кылыч.

Нажмите, чтобы узнать подробности

Кыргыз элинин маданий онугушундо кол жазма адабиятты башталгандардын Жана негиз салгандардын бири Шымыркан уулу Молдо Кылыч 1866-жылы Кочкордун Бугучу деп аталган жеринде туулган. Туулган теги боюнча ал Кочкор сарбагагышын бийлеп келген белгилуу чон манаптын тукумунан. Маселен, анын чон атасы кыргыз жеринде болгон далай кыргындуу тарыхый окуяларга туздон-туз катышкан Торогелди манап болгон. Ата-тегинин ушундай артыкчылык шарттары жаш Кылычка, азыркы тушунук менен айтканда, кат-сабатын ачып, китеп окууга,жазууга уйронуу мумкунчулугун берген. Ал кезде текши билимсиз, карангылык доордо кат-сабатын ачуу Молдо Кылычка, колунда мумкунчулугу бар бирин-экин адамдын гана колунан келген. Акындын омурун жана чыгармачылыгынын эн биринчи жолу илимий негизде изилдеген Тазабек Саманчиндин билдируусу боюнча Молдо Кылыч кандайдыр бир мектептен атайы ырааттуу турдо билим алган эмес, ал кобунчо айылдагы молдолордун жардамы менен кат-сабатын ачкандан кийин оз билимин оз алдынча, оз аракети менен оркундотуп, корком адабиятка шыгы эрте ойгонуп, ал Чыгыш поэзиясынын атактуу окулдору Новои, Хафиз,Безил жана башкалардын чыгармаларын окуган,ал турмак Казандан чыгып турган "Юлдуз" деген гезит менен тааныш болгон.

Молдо Кылычтын нукура кол тамгасы (автографы) сакталып калган эмес. Буга негизинен эки себеп бар. Биринчиси, кандай гана кол жазма болбосун,аларды улуттук байлык, улуттук дуйно-мулк катары сактоо кыргыз элинде маданият денгээлинде онуккон эмес. Экинчиден, Совет бийлиги кезинде Молдо Кылычтын чыгармачылыгынын катуу саясий кысымга алынган шарттарда эл арасында сакталып, калгандары орттолуп, жок болуп кеткен болуу керек. Мына ушуга байланыштуу Молдо Кылыч качандан тартып ыр жаза баштаганын, кайсы чыгармасы кайсы жылы жазылганын, башкача айтканда акындын чыгармачылыгынын жолун баштан-аяк бир тартипке келтирип ыраатка салуу мумкун эмес. Бар болгону акындын чыгармаларын биринчи жолу иликтеп, топтоп жарыялаган окумуштуулардын берген маалыматтары боюнча айрым гана божомолдорду айтууга болот. Молдо Кылычтын поэзиясына чон маани берип,аны дилгирлик менен жарыялоого,калын элге жеткирууго биринчи демилге которуп, жан-дили менен киришкен чон окумуштуунун бири Ишенаалы Арабаев болгон. Ал киши 1911-жылы Казан шаарында Молдо Кылычтын "Кысаи Зилзала" деген кащаказ жарыкка чыгарып, бул китепке жазылган "Алгы создо" томондогудой билдирет:"Сарбагыш уругунан Кара Кочкор туругунан чыккан машфур, шайыр Молдо Кылыч 20жылдан бери акындык менен коп казал жазып чыгарган эле".

12.04.2020 21:35