СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
“Мугалим – жакшылыктын энеси”
Кесибин болбой, насибиң болбойт
Адамзат коому жыл сайын жаңырып, жыл сайын толукталып турат. Карт дарактын тамыры чиригендей эле, мезгили, убакыт-сааты жетсе, адам да, жадагалса, элдер да тарых сахнасынан сүрүлүп, акыретке сапар алат. Бирок адам тукуму үзүлүп, соолуп калбастан өз кезеги менен тизмектешип, жай аккан дарыядай бир кунунда каалгып агып, жете турган чекитине багытын улап кете берет эмеспи. Мен да бул дүйнөгө кудайдын кудурети менен жаралып, таалайыма жазган тагдырым менен тиричилигимди улантып келем. Там-туң басып, эс-акыл токтотуп, ата-энемдин камкордугу менен канатымды жайып, мектеп секисинен жогорку окуу жайдын астанасын аттадым. Кыялы алда кайда алып учкан көпчүлүк өспүрүмдөрдөй эле мен да аттуу-баштуу адам болгум келип, бирде эл аралык мамилелерди аркалагым келсе, бирде догдур болгум келип, бирде дүкөнчү боло калып, бала чакта түрдүү кесиптин ээси болуп, курдаштарым менен кесип тууралуу оюндардын сазайын берсек, кээде мугалим боло калмай дагы өнөрүм бар эле. Класс жетекчибизди, окууну жаңы бүтүрүп келген жаш эжейлерди туурап, тыкылдап тың болуп, коңшу балдар-кыздарга сабак өтүп, балалыктын бейкапар асманында өзүмчө маашырланып да калар элем. Азыр ойлосом, мугалим болуу тууралуу ойго секелек кезимде көңүлүм эч бир токтобоптур. Жөн гана өзүмдү тыңчыкма сезип, балдарды башкарганды жакшы көрөр элем. Көрсө, кесип жагынан мага Жараткан мугалимчиликти насип кылган тура. Катарыман калбай, окуумду жакшы деген баалар менен аяктадым. Мага дарс окуган, практикалык курстарды өтүп, турмуштун даңгыр жолуна жетелеп, канатымды күүлөп койгон мугалимдериме чексиз ыраазымын. Алар менин көзүмдү ачып, эртеңки күнү мени элдин алдында жүзүмдү эң жарык кылган мугалимдик кесипке даярдашкан экен.
© 2020, Асанова Мелискан Биримкуловна 671