СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Наадандык тууралуу накыл кептер

Нажмите, чтобы узнать подробности

Ичи жарык адамдын - жүзү да жарык. Иоганн ШИЛЛЕР.

Калптын канчалык пайдалуу экенин аялдар менен врачтар гана билет. Анатоль ФРАНС.

Кармашка башты байладык, калганын көрө жатарбыз. НАПОЛЕОН I.

Карт дарак жакшы күйөт, картаң аттын жүрүшү тынч, эски китепти окуган кызык, эски шарапты ичсең - жагымдуу, эски досторуң - ишенимдүү. Леонард РАЙТ.

Качкан душманга алтын көпүрө сал. Публий СЦИПИОН.

Ким аз ойлонсо - көп жаңылат. Леонардо да ВИНЧИ.

Ким убада берсе - ал карыздар. Фридрих ГАГЕДОРН.

Көп адамга бакыт тартуулаган адам - бактылуу. Дени ДИДРО.

Курман болгондорго эңкейген адам - бардыгынан бийик. Роберт ИНГЕРСОЛЛ.

Мен адаммын. Адамдагы бардык касиет мага жат эмес. Публий ТЕРЕНЦИЙ.

Нан, тузсуз жашоо жок, Ата журтсуз жашоо жок. Виктор ГЮГО.

Начар досуң болгуча, начар душманың болсун. Генри ШОУ.

Өз абийириңдин алдында таза бол, эл эмне десе ошо десин. Мигель де СЕРВАНТЕС.

Өзгөнүкүнө көз арткан - өзүнүкүнөн ажырайт. ФЕДР.

Өз ишенимин коргой алган - мыкты жоокер. Александр ГУЛБОЛЬДТ.

Өзүн сүйгөн - өңгөлөрдү жек көрөт. Фелисите ЛАМЕННЕ.

Өзүңдү өтө сүйсөң - өзүңө өзүң душмансың. Эбнер - ЭШЕНБАХ.

Өңгөлөр сени сүйбөсө да, кадырлоого тийиш. Бернар ФОНТЕНЕЛЬ.

Өңгөнү басынтсаң, мени да басынтканың. Уолт УИТМЕН.

Сандырак ойлор ар адамдын башына келет, бирок, акылдуу адам гана аны тишинен чыгарбайт. Вильгельм БУШ.

Сени аяган - дос эмес, сага жардам берген - дос. Томас ФУЛЛЕР.

Соргоктун өзүн тойгузсаң да, көзүн тойгуза албайсың. Уильям КЭМДЕН.

Толтура аякты аяр көрөт. Томас ФУЛЛЕР.

Топугу жок бай - кедейдин кедейи. Эразм РОТТЕРДАМСКИЙ.

Улуу адамдар эч бир ишти чалагайым жасашпайт. Христофор ВИЛАНД.

Улуулардын өмүрү өлөр замат башталат. Жан Люсьен АРРЕА.

Улуу нерсе менен күлкү болчу нерсенин ортосу - бир атам. НАПОЛЕОН I.

Үн-сөзү жок эң мыкты үгүтчү - кумурска. Бенджамин ФРАНКЛИН.

Үч адам билген нерсени - жүз адам билет. Иоганн АГРИКОЛА.

Чоң жакшылык үчүн кичинекей да жамандык жасаба. Блез ПАСКАЛЬ.

Чындыкты укаанды жакшы көрсөң, чындыкты сүйлөй бил. Юзеф КРАШЕВСКИЙ.

Экинчиси билбеген сырды экөөлөп жашырса болот. Уильям ШЕКСПИР.

Эне тилиң менен Ата журтуңдун кадырын чет жерден билесиң. Густав ФРЕЙТАГ.

НААДАНДЫК, ПАСТЫК, ТҮРКӨЙЛҮК[оңдоо]

Азга ыраазы болбогон - көптөн ажырайт. МЕНАНДР.

Айтар эчтемеси жоктордун сөздөрү - маанисиз. ВОЛЬТЕР.

Акмактарды бактылуу кылган - Кудайлардын чыккынчылыгы. Андре ШЕНЬЕ.

Акчадан башка эч нерсеси жок адам - бечара. Артуро ГРАФ.

Акылдуу ой жүгүртүп, акылсыз иш жасагандар аз эмес. Анатоль ФРАНС.

Аялды сүйлөткөнгө миң амал бар, бирок, оозун тыйганга бир да амал жок. Гийом де БУШЕ.

Баарын мактаган адам - бир адамдын да кадырына жете албайт. Самюэл ДЖОНСОН.

Баарын мактаган адамга - ишенбе. Джон КОЛЛИНЗ.

09.05.2020 19:31


Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!