СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Нобель сыйлыгын алган аялдар.

Нажмите, чтобы узнать подробности

Дүйнөлүк аялдар күнүнөн улам аялдардын коомдогу ордунун мааниси баса белгиленүүдө. Бирок сандар бул чындыкты чагылдырбай жатат. Мисалы Нобель сыйлыгына 1901 - жылдан бери 48 гана аял ылайык көрүлгөн.

Нобелдин бул узун жолчулугунда сыйлык алган эркек саны 822ге жетти. Тынчтык жана адабият аялдар эң көп сыйлык алган тармактардын арасында. Аялдар 16 тынчтык, 14 адабият, 12 физиология жана медицина, 4 химия, 2 физика жана 1экономика тармагында сыйлык алды.

Мари Кюри 1903 - жылы физика, 1911 - жылы болсо химия тармагында Нобель сыйлыгын эки жолу алган бир гана аял.

Нобель тынчтык сыйлыгын 2014 - жылы террордук уюм Талибандын кол салуусуна учураган пакистандык 17 жаштагы окуучу Малала Юсуфзай, 1991 – жылы Мьянма тышкы иштер министри Аунг Сан Суу Чии, 2011 - жылы йемендик активист Тевеккүл Карман, Либериянын президенти Эллен Жонсон Сирлеаф жана либериялык Леймах Гбове, 2004 - жылы африкалык Вангари Маати алды.

Селма Лагерлөф болсо адабият тармагында 1909 – жылы сыйлык алган биринчи аял болду.

Физиология же медицина тармагындагы биринчи сыйлыкты 1947 - жылы биохимик Герти Тереза Кори жана аргентиналык физиолог о Бернардо Альберто Усай менен бөлүштү. Француз вирусолог Франсуаза Барре-Синусси да 2008 - жылы HIVди ачкандыгы үчүн физиология же медицина сыйлыгын алды.

13.05.2020 14:04


Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!