СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Нооруз жонундо

Нажмите, чтобы узнать подробности

Нооруздун тарыхы

Нооруз деген сөз байыркы фарс тилинин “науризи” деген сөзүнөналынып, бизче “нау”-“жаңы”,”рузи”-“күн” деген маанини билдирет. Демек, “ Нооруз”,”Жаңы жыл”же ”Жаңы күн” деп которулат. Бирок эл ичинде буга чейин “Нооруз- жаз майрамы” деген түшүнүктөр да жашап келген. Эл мурда календарь жок мезгилде жаздын кандай болоорун дал ушу күнү билип, “ бул күндөн баштап табияттын жаңылануусу башталат” дешчү. Бул күнү күн менен түн теңелет. Тарыхтагы маалыматтарга таянсак, аталган майрам биздин заманга чейинки 7-6-кылымдарда эле пайда болгон жана Заостра аттуу пайгамбар негиз салуучусу катары белгилүү. Окумуштуулардын айтуусу боюнча, Ноорузда аткарылуучу жөрөлгөлөр ислам дини пайда болгонго чейин эле колдонулуп келген. Мисалы, эл бул майрамга 20 күн калганда “ ушул жылы түшүм мол болсун” деген тилек менен карапа идиштерге арпа,буудай,буурчак өндүрүшкөн. Айрым бир маалыматтарда “Нооруз-Кудай Адамды жараткан жети күндүн биринчиси” деп берилет. Ал эми ислам дининде “Нооруз-периштелер сыйлаган күн, анткени алар ушул күнү жарык дүйнөдө пайда болушкан” деген да маалыматтар бар.

От жана Нооруз

Мурда адамдар Ноорузду отту улуу жагып, аны тегеректей отуруп, түндүн бир оокумуна чейин тосушкан. Атүгүл майрамдын алдында да короолордо же дөңсөө жерлерде оттор жагылып, анын үстүнөн ары-бери секирүү аркылуу “арамдыктан тазаланып жатабыз” деп ойлошкон. Ушундай тилек менен короодогу малын ла отту айланта айдашкан. Андан соң “сенин кызыл нуруң мага келсин, менин сары оорум сага кетсин” деп кыйкырып отту айланта чуркап, “ кырсык, капаа-кайгы ушуну менен кетсин” деп суу толтурулган карапа идиштерди ыргытуу менен Жаңы жылды тосуп алышчу. Азыркы күндө Нооруз майрамында ак элечек кийген Умай эненин арча түтөтүп, аластап,”кайгы-капа жамандык өткөн жыл менен кетсин” деп купуя тилек кылышкан.

Майрамдык дасторкон

Нооруз майрамында дасторконго да өзгөчө көңүл буруу керек. Айта кетсек, дасторкондо жети түрдүү даамдан турган тамак болуусу шарт. Бирок бул ар бир үй бүлөнүн жеке мүмкүнчүлүктөрүнө жана улуттук өзгөчөлүктөрүнө жараша болот. Мисалы, Орто Азиянын жана Жакынкы Чыгыш өлкөлүнүн көпчүлүгүндө Нооруз дасторконуна араб жазуусундагы “сын” тамгасы менен башталган жети түрдүү тамак-аш жана тал,зайтун,бие,анар, тыт өңдүү дарактардын жети даана калемчеси коюлат. Андан тышкары, бир идишке суу, экинчи идишке кайсы бир дарактын жалбырагы калкып турушу абзел. Атайын бышырылган чоң нан,айран,сүт,быштак,жумуртка,канатуунун эти, кургатылган мөмө-жемиштер, жаңгак,бадам,мисте,балык сыяктуулар болсо дасторконго сөзсүз коюлат. Ал эми кыргыздар Ноорузда арпа,буудай,жүгөрү өндүрүп,аны сокуга жанчып, акталган данынан сүмөлөк же көжө жасашкан. Аны үйгө келген меймандарга, жаштарга куюп беришкен. Бул адамдарга узун өмүр, жаштык жана бакыт каалоо дегеникке жатат. Анкени сүмөлөк менен көжө табияттын өлбөстүгүн, жашоо-турмуштун гүлдөп өнүгүүсүн аныктоочу улуттук даам катары бааланган.

17.04.2020 13:13