СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Ооба.Анда мен 17жашта элем.Ошол күн дал бүгүнкүсүндөй эсимде.
Мен жаңы паспорт алып,11-классты аятай турган мезгилге жетип,кайда кайсы окууга тапшырышымды билбей,эсим эки болуп турган.Менин бактыма бир жакын тууганыбыз Бишкектен атайын бүтүрүүчүлөрдөн экзамен алганы келиптир.Кудайым ушундай бере салат деп түк ойлогон эмес болчумун.Ата да борбордо окуп каласың жакшы аракетиңди кыл деген жакшы сөздөрүн айтты.Бирок апам байкуш кызын алыска жибергиси келбей кыйылып турду.Кудайдын буйругу мен окууга өтүп кеттим.Биздин класстан үч кыз эки бала өттүк.Ошондогу кубанычыма чек жок эле.Анткени менин көзүмдүн кареги менен тең айланган (алгачкы сүйүүм деп койсомда болот)менен баш тартып башкага көз артып жүргөн болчу.Башымды бийик көтөрүп мен келечек жолума кадам таштадым.Мектепти аяктаар мезгилде кандай кыйналып жүргөн болсом,азыр алардын бири жоктой келечектеги максаттарымды түзүп жалаң келечек жөнүндө ойлонуп калган чагым эле.
Ошентип мен Борбордо окуп калдым.Айылдык кыз кантип эле шаарга заматта көнүп кетмек эле.Айылымды,ата энемди,бир туугандарымды,досторумду жадагалса бүт баарын сагынып куса болдум.Кээ күндөрү ыйлачумун.Бара -бара шаар мени өз кучагына ала баштады.Менда шаарга көнүп,өзүмдү растап,шылпылдап ыйлабай,өзүмө тың болуп,окуу менен окуу болуп калдым.Шаарда да эсте каларлык көптөгөн агымдар акты.Көз ачып жумганча беш жыл бат эле өтүп,мектепте аттестат алган күнү кудуңдагандай,диплом алган күнүм сүйүнгөнүмдү айтп,сөз менен жеткирүү өтөле кыйын.Мына мен ошентип бир кесиптин ээси болуп чыга келдим.Атам менен апамдын сүйүнгөнүн айтпай эле койоюн.өзгөчө атам байкуш сүйүндүго чиркин.
Айылга келип балдар менен жуурулушуп,мектепте иштеп калдым.Окуудан өздөштргөн билимимди балдарга бере баштадым.Бул күндөрүмда өзүнчө башкача болчу.Мурда акча сарптасам азыр айлык алам,ата-энеме айлыгымды берем,алар өз перзентинин адал жол менен акча тапканына сыймыктанып сүйүнүшчү.
Тагдырга тан берүү керек.Бул жашоодо ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет деген чын экенин сездим. Убактым жетти,эми турмуш жолуна аттансам болот деп жүрөгүм сүйгөн инсанды күтүп жүргөн убак болчу(жүрөгүм жактырган инсан окуусүн бүтүрүп,мигрант болуп чет жерге иштегени кеткен эле.Сен окууңду бүткүчөң иштеп келейин деп).25-май күнү мен тааныбаган,мен көрбөгөн бир жигит алакачып кетти.Айылдын ырым жырымына баш ийип барган жерде суудай сиңип,таштай катууга мажбур болдум.
Турмуш жолдошум жаман эмес.Мени колдоп,коргоп турат.Жыл өткөн сайын өтүмүштөр эстен чыгып келечек жашоомду гана ойлоп жашап калдым.Азыркы учурада төрт баланын бактылуу энесимин,өзүм сүйгөн кесиптин ээси болуп,көптөгөн ийгиликтерге жетиштим.
Ата-энеме миң мертебе ыраазымын.Мени тарбичланып,туура багыт бергендерине.Аллахым ата-энемдин өмүрүн узак кылып,ден соолуктарын чың кылуусун күдө кудайдан тилейм.Өмүр жолдошум мени түшүнүп максаттарыма бөгөт болбогонуна миң ирет ыраазымын.ата-энемден алган тарбияны балдарыма мээрим менен кошо берип,келечекте жакшы инсан болуштарын күтөм жана аллахтан суранып келем.Мен тагдырыма ыраазымын.