СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Окутуу процессиндеги окуучулардын ишмердүүлүгүн пайда кылуучу окутуунун методдору

Нажмите, чтобы узнать подробности

Окутуу процессинде окуучулар белгилүү билимдерге билгичтиктерге көндүмдөргө ээ болушат. Билим бул окуучунун мээсинде болуп өтүүчү психикалык процесстин натыйжасы. Билим бул окуучунун өзүнүн активдүү ишмердүүлүгүнүн натыйжасында пайда болот. Ошондуктан окутуу окуучу менен окутуучунун ортосундагы өз ара аракеттенишүү процесси болуп эсептелет жана анын натыйжасында окуучуда белгилуу билимдер, билгичтиктер жана көндүмдөр калыптанат.

Мугалим окуучунун ишмердүүлүгүн (аракеттер система) уюштурат, багыттайт жана контролдойт. Зарыл болгон каражаттарды жана маалыматтарды камдап берет.Ар кандай иш аракетте өз ара байланышкан эки процесс болот: калыбына келтирүүчү (кайталоочу) жана чыгармачылык процесси. Калыбына келтирүүчү иш-аракетте адам буга чейин иштелип чыккан ыкмаларды, фактыларды түшүнүктөрдү кайра эстеп калыбына келтирет же кайталайт.

Чыгармачылык ишмердүүлүгү болсо мындан айырмаланып кандайдыр бир жаңы нерсени түзүүгө багытталат. Сабак окутуу процессинде окуучуларда ушул ишмердүулүктөрдүн экөөн тең көрүүгө болоот. Демек калыбына келтирүүчү иш аракеттин натыйжасында мурда айтылып көрсөтүлгөндөр, жасалгандар, колдонулгандар ж.б. тушүрүлүп толук кайталанат, б.а. репродукцияланат. Ошондуктан калыбына келтирүүчү иш аракетти репродуктивдүү ишмердүүлүк деп аталат.

Чыгармачылыктуу иш аракеттин натыйжасында жаңы кандайдыр бир фактылар алынат. Ошондуктан чыгармачылыктуу ишмердүүлүктү башкача түрдө продуктивдүү ишмердүүлүк деп аташат.

Демек окуу процессиндеги окуучулардын иш аракетинде төмөндөгүдөй методдорду колдонуп окутуу процессин ишке ашырууга болот.

Репродуктивдүү метод

Бул метод окуучулардын билгичтиктерин, көндүмдөрүн, иш аракет ыкмаларын калыбына келтирет. Маалыматтарды тез жана бекем эстеп калууну камсыз кылат.

Бул метод ойлонуп аракеттенүү же практикалык көнүгүүлөрдүн системасын аткарууда, билимдерди оозеки калыбына келтирүүдө, бир типтүү маселелерди чыгарууда, схемаларды чийүүдө, карталарды бир нече жолу окууда ж.б. учурларда колдонулат. Ошондой эле материалдын мазмуну өтө татаал (же жөнөкөй) болсо, кѳп сандаган ар түрдүү фактылар, цифралык же атайын маалыматтар камтылган болсо да пайдаланылат.

Репродуктивдүү методдо мурда окулуп өтүлгөндөргө кайта кайрылып бир нече жолу кайталап окууга же жасоого туура келет.

Материалды калыбына келтирүүнүн эки милдети бар:

1. Материалды мугалимдин кыскача кайталоосу аны окуучунун кайталап айтып берүүсү, аңгеме түрүндѳй калыбына келтирүү аркылуу материалды окуучулардын бекем эстеп калуусуна камсыз кылуу.

2. Материалды калыбына келтирүүдө окуучулардын ошол материалдын үстүнөн интенсивдүү ойлонуп эмгектенүүсүнө жетишүү. Мында материалды көп жолу бир өңчөй кайталоо болбошу керек.

Материалды окуучулар ар түрдүү көз карашта ойлонуп кайталап жана ар түрдүү байланышта көрүүгө тийиш.

Түшүндүрүп иллюстрациялоо методу

Окуучулардын репродуктивдүү ишмердүүлүгүн пайда кылуучу окутуунун методдорунун бири түшүндүрүп иллюстрациялоо болуп эсептелет. Бул методдо мугалим окуучуларга илимий-билимдерди айтып берет, негиздейт, алардын маанисин түшүндүрөт көрсөтмөлүү иллюстрациялайт. Ошол билимдер колдонулуучу иш аракеттердин үлгүлөрүн көрсөтөт ж.б. Бул методду мугалим окуучуларга ишмердүүлүктөрдүн артүрдүү үлгүлөрүн мисалы, ар түрдүү предметтерди (нерселерди) жасоодо, тажрыйбаларды демонстрациялап көрсөтүүдө, маселелерди чыгарууда карталарды окууда, ойлонуп аракеттенуү же практикалык көнүгүүлөрдүн системасын аткарууда, билимдерди оозеки калыбына келтирүүдө, схемаларды чийүүдө ж.б. учурда пайдаланат.

Ошондой эле бул метод мугалим тарабынан төмөндөгүдөй формада ишке ашырылат: айтып түшүндүрүү, лекция, ар түрдүү көркөм сүрөт, үн каражаттарын (сүрөттөрдү, схемаларды, кинофильмдерди, грамзапистерди) колдонуу ж.б. учурларда.

Бул методдордо окучулардын иш аракети негизинен маалыматтарды кабылдоого, аларды эске сактап калууга, калыбына келтирип кайталоого багытталат.

Окуучулар түшүндүрүп иллюстрациялоо жана репродуктивдүү методдордун жардамы менен билимдердин, билгичтиктердин жана көндүмдөрдүн негизги көлөмүнө ээ болушат. Бирок бул методдордо окуучулардын таанып билүүчүлук иш аракеттери негизинен калыбына келтирүүчү гана мүнөзгө ээ. Ал эми иш аракеттин жогорку ийгиликке жетишкидей уюштуруу зарыл. Бул максатка жетишүү үчүн

проблемалык окутуу колдонулат.

Проблемалык окутуу методу

Мында мугалимдин методикалык устаттык проблемалык кырдаалдарды тандап алып, аларды зарыл болгон учурда сунуш кыла билүүдө турат. Эгерде проблемалык кырдаал туура тандалып алынса аны окуучулар жакшы түшүнүшсө, аны чечүүнүн зарылдыгына ынанышына жана интеллектуалдык, мүмкүнчүлүктөрүнө туура келсе, анда ал окуучулардын активдүу ойлонуусуна, өз алдынча эмгектенүүсүнө, таанып билүү иш аракетине, эң пайдалуу таасир этет.

Проблемалуу кырдаал - бул обьективдүү чындыкты туюп кабылдоо процессинде, теориялык же практикалык маселени чечүүгө байланыштуу кыйынчылыктан чыгуунун жолунун белгисиз болушу ошондуктан ал жолду издеп табуу керек экендигине анын толук ишенип түшүнүүсү.

Проблема - бул адамда болгон зарыл каражаттардын (билим, практикалык ыкма, изденип эмгектенүүнүн тажрыйбасы) негизинде аткаруу үчүн адам тарабынан кабыл алынган проблемалуу курал.

Проблемалуу окутуу-деп мектеп программасынын чегиндеги негизги мыйзам ченемдүүлүктѳрдү окуп үйрөнүүнүн базасында теориялык же практикалык мүнөздөгү маселелерди чечүү процессинде окуучуларды катыштырып турууну түшүнөбүз.

Проблемалык окутуу үч метод аркылуу ишке ашырылат:

1. Билимдерди проблемалуу баяндоо методу;

2. Изденүү методу;

3. Изилдөө методу;

1. Билимдерди проблемалуу баяндоо методуна окуучуларды проблеманын мазмуну жана алардын колдонулушу менен гана эмес ал проблемаларды чечүүнүн, изилдөөнүн, логикасы менен да кошо тааныштырат. Бул методдо мугалим проблеманы өзү коёт, божомолду (гипотеза) сунуш кылат жана аларды өзү чечет, далилдеп көрсөтөт.

Мисалы илимде ар кандай проблемалар кантип пайда болгоннун кандай гипотезалар айтылганын жана алар кантип чечилгендигин окуучуларга айтып берет.

Проблемалык методдордун бир кыйла артыкчылыгы бар:

  1. Материал далилдүү түшүндүрүлөт, ар бир илимий чындык каяктан жана кантип алынгандыгы ачык көрүнүп турат;
  2. Проблемалуулук илимий-дидактикалык ойлоого үйрөтөт;
  3. Проблемалык методдо окуучулардын эмоционалдуулугу дайыма жогору болот. Ошондуктан алардын окуу предметине кызыгуулары күчөйт.

Проблеманы түзүү окуу процессинин бардык этабында эффективдүү натыйжаны берет.

2. Изденүү методу.

Бул методдо окуу проблемалары мугалим менен окуучулардын биргелешкен изденүүлөрүндө чечилет. Окуучулар проблемаларды толук чечүүгө акырындап көнүшөт. Мугалим таанып билүүчүлүк проблемалык маселенин чечилишинин айрым этаптарын окуучуларга сунуштап, алардын иштерине жетекчилик кылат.

Окуучуларды ар түрдүү мыйзамдарды, эрежелерди, түшүнүктөрдү далилдөөдө катыштырып иштейт.

Изденүү методу ар түрдүү жолдор менен ишке ашырылат.

  1. Проблема силердин астыңарга коюлса, силер кантип аткарар элеңер? деген суроо менен кайрылат. Окуучулар ар түрдүү сунуштарды айтышып, талкуулашат;
  2. Мугалим тажрыйбаны демонстрациялайт. Окуучулар андан жыйынтык чыгарышат;
  3. Мугалим максатка ылайык суроолорду коюу аркылуу окуучуларды жаны материал менен тааныштырат.

Изденүү методдорун колдонуу

  • материалдын мазмуну орто татаалдыкта болуп, ал мурда өтүлгөн темалар менен байланышта болсо;
  • окуучулар материалды проблемалуу окуп үйрөнүүгө даяр болсо;
  • мугалимдердин убактысы жетиштүү болуп, изденүү методун пайдаланганды жакшы билсе.

3. Изилдөө методу.

Бул метод окуучуларды изилдөөнүн жалпы ыкмалары менен тааныштырып, чыгармачылык менен эмгектенүүчүлүктү) үйрөтөт. Эгерде изденүү методунда чыгармачылык жарым жартылай колдонулса, изилдөө методунда окуучулар тапшырманы толук өз алдынча чыгармачылык менен аткарышат. Сабакта окуучулардын мурда өздөштурүп берилгендерин кайра ойлонуп көрүүсүн, ар түрдүү китептер, көрсөтмө куралдары менен иштөөсүн талап кылуучу, кыска убакытка эсептелген тапшырма берилет. Ал тапшырманы аткарууда жаңы билимдерди: мыйзамдар, фактылар, окуялар, эрежелер, түшүнүктөр ж.б. табууну гана эмес ошол билимдерди изилдөөнүн жаңы жолдорун табуу максатын көздөйт, демек ал окуучулардын чыгармачып ойлоонуусун өнүктүрөт, аларды илимий таанып-билүүнүн методдоруна ээ болууга жардам берет, чыгармачыл ишке кызыгууну жана аны керектөөнү калыптандырат.

Сөздүк методу

Сөздүк методу окуучуларга кыска убакытта чоң көлөмдөгү маалыматты айтып берүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бирок сөздүк методдор материалды көрсөтмөлүү образдуу түрдө ойлонуп өздөштурүүсүн кыйындатат, билгичтиктердин жана көндүмдөрдүн өсүшүнө анча түрткү бербейт.

Сөздүк методду колдонуу:

  1. Материал илимий-маалымдуулук мүнөздө болсо;
  2. Окуучулар оозеки маалыматтарды өздөштүрүүгө даяр болсо;
  3. Мугалим башка методго караганда бул методду жакшы билип пайдаланса.

Өз алдынча иштөө методу

Көндүмдөрдү жана билгичтиктерди калыптандырат. Окуучулардын эрктүүлүк сапаттарын өнүктүрөт. Иш-аракеттеринде ишенимдүүлүк калыптанат.

Бул методдун колдонулушу:

  1. материал окуучулардын өз алдынча окуп үйрөнүүсү үчүн жеткиликтүү болсо;
  2. окуучулар материалды өз алдынча окуп үйрөнүүгө даяр болсо;
  3. окуучулардын өз алдынча иштерин уюштурууга керектүү дидактикалык материалдар жетиштүү болсо.
12.01.2020 08:11


Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!