СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
. Окуу куралдар менен өз алдынча иштөө.
Окуучуларды окуу куралдары менен өз алдынча иштетүунү канчалык эртерээк баштасак, окутуунун сапаты, окуучулардын билими ошончолук терең, бекем болору белгилүү.Тилекке каршы, окуучуларды окуу куралдары менен өз алдынча иштетүүгө көп көңүл бурбай келе жатабыз.
Окуучулардын окуу куралдары менен өз алдынча иштөө көндүмдөрү акырындык менен калыыптана турган процесс.Анын үстүнө математкиалык адабияттардын өзүнчө спецификалык ( математиканын тили математикалык тигил же бул түшүнүктөрдү беруунун тактыгы ж.б.у.с) өзгөчөлүктөрү бар.
Биздин негизги милдетибиз, окуучуларды математикалык адабияттар менен иштей билүү көндүмүн пайда кылуу.
Окуучулар окуу куралдары менен өз алдынча иштөөнү уюштурууда төмөндөгүдөй атайын кеңештер зарыл деп эсептейбиз.
1.Окуу куралы боюнча жаңы нерсени( теорема, формулаларды келтирип чыгаруу, маселелер) окуп үйрөнүүдө ар дайым таза барак (дептер) жана калем сап болушу зарыл.
2.оз алдынча окуу үчүн сунуш кылынган окуу кмтебинин тигил же бул темасын бир жолу көңүл коюп окуп чыгуу.
Теореммаларды жана маселелерди талдоодо окуу китебиндеги чиймелерди чийүү менен берилген теоремманын же маселенин маанисин түшүнүү. Эгерде андай чиймелер окуу китебинде жок болсо, аны окуучулар өздөрү чийүүсү пайдалуу.
Биз төмөн жакта окуу куралы менен өз алдынча иштин кантип уюштуруу жана өткөрүүгө конкреттүү мисал келтиребиз.
Геометрия 9-класс
Сабактын темасы: Трапециянын аянты. (геометрия 7-11класс)
Сабактын максаты: Окуу куралын жардамы менен жаңы материалды өз алдынча окуп үйрөнүү.
Мугалим сабактын башталышында алдыдагы иштин максатын айтуу менен биргн, окуучуларга дептерлерин жана окуу китебин алууну сунуш кылат, төмөдөгүдөй аңгемелешүү менен баштайт.
Окуу китебиндеги 200-чиймедеги дептериңерге көчүрүп чийгиле жана китепте кандай белгиленсе ошондой белгилегиле. Кошумча чиймелерди азырынча жүргүзбөгүлө(тыныгуу). Бул учурда окуучулар иштешет, мугалим окуучулардын ишин байкайт жан доскага трапециянын чиймесин чийет.
Трапециянын АС диогналын жүргүзгүлө (200-чиймени кара). Окуучулар дептерлерине АС диогналын жүргүзүшөт. Андан кийин тексти окууну улантып, “АС диогналы трапециянын АВС жана СДА эки үч бурчтукка бөлөт. Демек, трапециянын аянты бул үч бурчтуктардын аянттарынын суммасына барабар” деген сүйлөмдөрдү окушат.
SABC=12AB*CE SACD=12DC*AF
деп жазылат
Sтр =SABC+SACD= 12AB*CE+12DC*AF=12AB+DC*CE
Мугалим: AB=a, DC=c, CE=h деп белгилесек, анда силер чыгарган формула кандай көрүнүштө болот эле
Sтр=a+c2 h Мугалим: Трапециянын аянтын формулировкалагыла. –Трпаециянын аянты негиздеринин жарымн суммасын бийиктигине көбөйткөнгө барабар. Мугалим: Биз силер менен трапециянын аянтын келтирип чыгарууда кандай моменттерге көңүл бурдук?
Окуучулар:
Мугалимдин окучуларга трапециянын аянтын жазылган тексти дагы бир жолу окуп чыгууну сунуш кылат.
Окуучулар окуу китеби менен иштеп жатканда, мугалим айрым окуучулар менен жеке иштерди жургүзүшөт.
Экинчи жолу тексти окугандан кийин трапециянын аянтынын формулировкасынын жана формуласы бир окуучу тарабынан айтылып экинчи окуучу тарабнан формуласы жазылып эки- үч жолу кайталанат.
Ошентип, трапециянын аянты толук өздөштүрүлгөндөн кийин, мугалим тарабынан трапециянын аянтын келтирип чыгаруунун окуу китебиндеги жолунан башка жолу жокбу? (тыныгуу)
Эгерде окуучулар жооп таба албай калышса, анда төмөнкүдөй жетелөөлөр суроону берет.
-Трапецияны, биз аянттарын билген фигураларга бөлүүгө болоббу?
Эгерде бул суроого да жооп таба алышпай калса, анда төмөнкүдөй жардамчы суроолорду берүү керек.
- Кандай фигуралардын аянтын окуп үйрөнгөнбүз?
Жооп: Квадраттын, тик бурчтуктун, паралледлограмдын, үч бурчтуктун.
-Трапецияны тик бурчтукка жана үч бурчтуктарга же паралелограмм жана үч бурчтукка бөлүүгө болобу?
Бир аз ойлонуудан кийин, бул суроого оң жооп алынат да, андан ары трапециянын аянты ар түрдүү жолдор менен өз алдынча келтирип чыгарылат.
Окуу куралдары менен өз алдынча 7-класстын алгебра боюнча “ Даражанын негизги касиеттери”, “ Негиздери бирдей болгон даражанын тийиндиси”, “Даражанын дараржасы”, “ Көбөйтүндүнүн даражасы” ж.б.у.с темаларды окутууга болот.
© 2020, Кубанычбек кызы Роза 602