СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Өзүңүзгө болгон ишенимди өзүңүздү сыйлоодон баштаңыз!

Нажмите, чтобы узнать подробности

Өзүн-өзү жакшы көрүү деген сөз: “Өзүңдү-өзүң урматтап жана сыйлоо”,- дегенди билдирет. “Жок мен бул нерсеге ылайык эмесмин, аны жасай албайм”,- деп олтуруп көп нерседен артта калабыз. Бул дүйнөгө жаралган соң, сиз толугу менен кубаныч жана бакытка бөлөнүүгө татыктуусуз. Адам өзүн-өзү жакшы көрүү үчүн эмне кылыш керек?

Өзүн-өзү мактоо

Өзүңүздү-өзүңүз колуңуздан келишинче көп мактаганга аракет кылыңыз. Мисалга, жакшы жасалган жумуш үчүн, даамдуу жасалган тамак үчүн мактаңыз. Туура эмесе ишке кабыл болгондо, жалаң жакшылыкка жоруңуз. Уктаар алдында бир гана жакшы ойлорду ойлонуңуз.

Өзүңүзгө-өзүңүз белек жасаңыз

Маанайыңыз жок, капаланып отурасызбы? Анда маанайды көтөрүү үчүн өзүңүзгө-өзүңүз белек тартуулаңыз. Мисалга, киного баруу, даамдуу түшкү тамактануу жана жаңы кийим сатып алуу. Жай олтуруп алып өзүңүз эмнени каалап жатканыңызды анализдеп чыгыңыз. Адатынча биз бирөөгө белек берүүгө шашылабыз, бул нерсени өзүбүзгө аткарсак андан да жакшы болот.

Өзүңүз менен өзүңүз сүйлөшүңүз

Күзгүгө туруп алып, өзүңүз менен өзүңүз баарлашыңыз. Ал жерде туруп алып өзүңүздүн жакшы тараптарыңызды гана айтыңыз, мактаңыз. “Менин көздөрүм кандай гана сулуу!, Мен күчтүүмүн, мен бардыгын жеңе алам!”,- деген сыяктуу сөздөр менен өзүңүзгө-өзүңүз кубат бериңиз. Бул нерсени бир канча жолу аткарганда гана бир жыйынтыкка келе аласыз.

Кыскасы, өзүңүздү-өзүңүз жакшы көрүп сыйласаңыз, сизди дагы башкалар жакшы көрүп урматтап сыйламакчы.

23.02.2020 11:17


Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!