СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Пайгамбардын өмүр баяны

Нажмите, чтобы узнать подробности

Мухаммад Пайгамбардын өмүр баяны

Жарык дүйнөгө келүүсү

Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Асхаабул-Фийл окуясынан жыйырма беш жылдан кийин Рабиъул-Аввал айынын 12синде, 570-жылдын 20-августунда жарык дүйнөгө келген.

Айрым рабаяттарга караганда ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын атасы Азирети Абдулла ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын жарык дүйнөгө келе электе эле каза тапкан болчу.

Эмизилүүсү

Башында ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын апасы Азирети Амина ал (саллаллааху алайхи ва саллам)ды эмизген, анан Азирети Сувейба эмизген. Андан кийин ал (саллаллааху алайхи ва саллам)ды эмизүү кызматы биротоло Хаваазин коомунун Бани Саъд уруусундагы Азирети Халийма Саъдия аттуу аялга тапшырылган. Чамасы төрт жашына чейин ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Халийма Саъдияныкында жашаган.

Ясрибге тартылган сапары жана энесинин каза тапкандыгы

Жашы алтыга чыкканда ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын апасы өзүнүн тууган-туушкандары – Бани Нажжаарды көргөнү Ясрибге барганда, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) да чогуу болчу. Кайтаарда Абуа деген жайда ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын апасы көз жумган.

Абдул Мутталибдин көз жумгандыгы

Апасынын кайтышынан кийин Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)ды чоӊ атасы Абдул Мутталиб өстүрүп-чоӊойтуп турган. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) сегизге киргенде, чоӊ атасы да дүйнөдөн өттү. Бул ал (саллаллааху алайхи ва саллам) балалыгында кабылган бул үчүнчү кайгылуу окуя болчу.

Абу Талибдин колунда өсүп-чоӊойуусу

Азирети Абдул Мутталибдин каза тапканынан кийин ал (саллаллааху алайхи ва саллам) өзүнүн агасы (атасынын иниси) Абу Талибдин колуна өттү.

11.06.2024 10:15