СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
10-бөлүк
#Кызылбеде Мырза Гапаров
-Адегиле, эже-синдилер!-деди Алийма тамеки сарайга кире берип.Сарайдын ичи жык жыйма аялдар-кыздар эле.Алийманын түрүн көрушуп,кудум чалгычылар өңдүү дуулдап калышты.
-Ой, өлүгүңдү көрөйүн десе,сен эмне бүгүн мынча кулпунуп калгансың?-деди теңтуш келиндердин бири.
-Ай,күн сайын кир кийимдерди кие берип, көңүлүм кирдеп кетти,-деди Алийма.Анан алдына этек асты байланып,ийне-жибин алып,тамеки тизүүгө киришти. -Өлө турган жанга көңүлдү да көтөрө билиш керек экен да,-деп койду анан.
-Ырас кыласың,-деди бир келин. -Өз көңүлүңдү өзүң көтөрбөсөң,сен тууралуу ойлоп да койгон киши жок. -Ошону айтсаң,-деди башка келин. -Эрлерибиз болсо иштегенди билет,ичкенди билет,бала төрөткөндү билет.Ага шарактап күлүп калышты.
-А дейбиз, бу дейби,маңдайыбызга жазылганы ушул болсо кантебиз?-деди орто жашап калган аялдардын бири. -Колхоздун иши,үй тиричилиги,бала төрөш,бала багыш-баарысы биздин милдет турбайбы
-А мен бир жумадан кийин бул милдеттен кутулам,-деди Марал. -Ботом,кантип?
-Окууга кирип кетем.
-Аа,кокуй,окуп, билимдүү болсоң эле аялдык милдеттен кутулуп калат бекенсиң.Кызматчы аялдардын да өзүнө жараша түйшүгү оңой эмес. Алар да бизге окшоп өкүматтын ишин кылат,казан-аяк кармап,бала төрөйт,аны багат.
-Алар баланы аз төрөйт,-деди Марал. -Шатыратпай,катын каадасы кылып,бир -экини төрөшөт.А кылган иштери болсо жеңил,кунугө сегиз саат иштеп коюп,эс алышат, өзүңө карашат.
-Ишке да мага окшоп,таптаза,жасана кийинип барышат десең,-деп ага кошумча болду Алийма.
-Ооба.-деди Марал кыялдана,андан ары.-Бир жумада эки күн эс алышат,бир жылда отпускеге чыгып, бир жактарга барып эс алышат,жер көрушөт.
-Мисалы,биздин Салияга окшоп,-деди Алийма. -Көрбөйсуңөрбу,биз сарайда жети түнгө чейин тамеки тизип отурган маалда,күйөөсү экөө жетелешип кунгө кактанып,дарыяга түшүп гана жыргап жүрүштү.Эч нерседен капарсыз гана,көпөлөктөй гана жашап журушөт.Жок,эмнеси болсо да, билимдүү аялдардын жашоосу жеңил,жыргал.Туура кыласың,сиңдим!Марал, сөзсүз оку!
-Рахмат,эже!Бул кыштакта мени жалгыз сиз гана колдоп, түшүнүп турасыз.
Алийманын жанына Бурул келип отурду.Ал эки жагын каранып алып,Алиймага сырдуу жылмайып койду.
-Эмнеге күлүп жатасың?-деп сурады Алийма сыр бербей.
-Биздин жиндилердин тундөгу кылыгын айтам,-деп шыбырады Бурул. Экөөнүн шыбырашып,сырдашып калганын көргөн башкалар унчукпай калышты. -Куйөөң айтып баргандыр?.
-Сен ал байкушту үйүңдөн кубалап чыккан турбайсыңбы?
-Анан эмне?Кубалаганда да аш бычак менен кубаладым. Жетпей калдым да,жетсем дагы бир сайып алмакмын.
-Жакшы кылыпсың бир чети.Мен болсо кашайып,сенин күйөөң экенин билбей калбадымбы.Бурулдун оозу ачыла түштү.
-Ал эмне дегениң? - Мен аны өз күйөөм экен депмин.Жоо кеткен соң кылычыңды ташка чап дейт эмеспи.Чуу салганда эмне пайда эми.
-Демек,сен.
-Айтып жатам го,билген жокмун деп.
Бурул эмне дээрин,эмне кылаарын билбей калды. -Сен.Сен.Уятың жок турбайбы!-деди акырында тамагы буулуп.Анан чукчуң этип таарынып,ордунан туруп кетти. Алийма максатына жетип,артынан жылмая карап койду да,ишин уланта берди.