СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Санариптик сабаттуулук -бул окуу,жазуу,техникалык көндүмдөр жана критикалык ой жүгүртүүнү колдонуу менен санариптик дүйнөбүздө багыт алуу жөндөмү.Ал маалыматты табуу,баалоо жана баарлашуу үчүн смартфон,компьютер,электрондук окурман жана башкалар сыяктуу технологияларды колдонууда.Бүгүн санарип дүйнө биздин жашообуздун ар бир бөлүгүнө кирип жатат,аны убактыбызды кантип колдонгонубуздан баштап,тапкан акчаларыбызды коротконго чейин пайдалануудабыз.Санарип технологиясы биздин адаттагыдай байланыш,көңүл ачуу жана жаңы маалымат алуу ыкмасын өзгөрттү.Биз санариптик маалыматты алуучу адамга айландык,жашоого керектүү нерселерди кагаз гезиттерден издебей,интернеттен издей баштадык.Жаңы заманда бардык маалыматтар миллиондогон сайттарда жайгашкан,алар акырындык менен гезит журналдарды жана телевизорду алмаштырганга бара жатат.Биз сүйлөшүү жана маалыматтар менен бөлүшүү үчүн мессенджерлерди жана социалдык тармактарды колдоно баштадык.Азыркы учурда эң маанилүү өзгөрүүлөр жүрүп жатат-адаттагыдай оффлайн жашоодон,онлайн жашоону көздөй,же болбосо санариптештирүү коомуна карай өтүп жатабыз.
Санариптештирүү деген эмне?
Жөнөкөй сөз менен айтканда,бул текст,сүрөт,үн жана видеолорду жаңы технологияларды колдонуп санарипке өткөрүү.Ал аябагандай чоң маалыматтарды 0 жана 1 деген,компьютер түшүнгөн тилге жаздыруу.
© 2024, Кошматова Эльгиза Абдивалиевна 83