СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Азыр Кыргызстандын дээрлик ар бир жаранында интернет желесине чыгууга мүмкүнчүлүгү бар телефондору, көпчүлүгүнүн үйүндө компьютерлери жана планшеттери бар. Ишканаларда, фирмаларда да компьютерлер бар. Алар ар кандай программаларды – электрондук эсеп – кысапты ( жумушчулардын айлык маянасын эсептөө, фирмалардын киреше – чыгашаларын көрсөтүү ж.б.) жүргүзүүгө, чиймелердин 3D басылмасы боюнча жасоого колдонушат.
Компьютер өндүрүшкө гана жардам бербестен, билим берүү тармагында да чоң мааниге ээ. Мисалы, Бишкек шаарында 1- класска электрондук жазылуу аркылуу барышат. Компьютер дароо эле баланын жашаган жерине жараша кайсы мектепке барарын билдирет. Көпчүлүгүңөр мектептерде электрондук журналдар жана күндөлүктөр бар. Жакында алар бардык мектептерде болот. Көбүңөр электрондук платформаларда жайгаштырылган iBilim жана Билим Булагынын материалдары жана
Бейтапканага да он – лайн түрүндө жазылууга болот, ал эми саламаттыкты сактоо жаатында көп жылдардан бери телемедицина багыты бар. Анда алыскы аймактарда жашагандар дарыгерден дартты аныктоо үчүн кеңеш же кыйын операция жасоодо адистен он- лайн түрүндө жардам болот
Мына ошентип, компьютердик – санариптик технологиялар адамдарга жашоонун бардык чөйрөсүндө жардам берет.
Санариптештирүү – бул маалыматты аналогдук жол менен берүүдөн санариптик жол менен берүүгө өтүү.
Санарип технологияларын эмне үчүн колдонобуз?
Биз санарип технологияларын ар кандай процесстер (уюштуруучулук, бизнес ж.б.) натыйжалуу, сапаттуу болуусу, замандын арышы менен жүрүү үчүн колдонобуз.
Санарип технологиялары эмнеси менен пайдалуу болушу мүмкүн?
· жашаган жерине карабастан соодасын өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөр (интернет – соода );
· электрондук төлөмдөрдүн жана мобилдик банкингдин өнүгүүсү: аймактарга банктык тейлөөлөрдүн санын жогорулатуу керек:
· өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн активдүү алдыга жылдыруу жана жер – жерлерде аймактык туризмди өнүктүрүүгө түрткү болуучу социалдык түйүндөр аркылуу интернет – брондоону кеңири колдонуу;
· кичине жана орто бизнестин субъектилерине консультациялык, маалыматтык жана башка колдоолорду көрсөтүү;
· дистанттык билим берүү. Жашаган жеринде эле билим алуу мүмкүнчүлүгү. Ден соолугу чектелген адамдардын билим алуууга мүмкүнчүлүгүнүн жеткиликтүүлүгү.
Санарип технологияларын жашообузга киргизүүдө ар бирибизди кандай коркунуч күтүшү мүмкүн?
– адамдарды компьютерге алмаштыруу, жумуш орундарынын кыскарышы;
– акча каражаттарын уурдоо;
– жеке маалыматтарды уурдоо;
– хакерлердин иш- аракети;
– террористтик уюмдарга жана ар түрдүү секталарга адамдарды тартуу үчүн интернетти
колдонуу
– жалган маалыматты таратуу (“фейк маалыматтары”);
– компьютердик вирустардын ж.б. айынан маалыматтарды жоготуу.
© 2020, Бабакулова Гүлкыз Раимкуловна 746