СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Санариптик сабаттуулук

Нажмите, чтобы узнать подробности

Санариптик сабаттуулук – бул санариптик инструменттерди жана технологияларды, ошондой эле интернет ресурстарын коопсуз жана натыйжалуу пайдалануу үчүн зарыл болгон билимдердин жана көндүмдөрдүн жыйындысы. Компьютердик сабаттуулуктун негиздери санариптик керектөө, санариптик компетенция жана санариптик коопсуздук.

Санариптик керектөө – бул жумуш жана жашоо-тиричилик үчүн интернет кызматтарын пайдалануу. Ал өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт: стационардык интернет, мобилдик интернет, санариптик түзүлүштөр, интернет медиа, жаңылыктар, социалдык тармактар, «Мамлекеттик кызматтар», телемедицина, булуттук технологиялар. Башкача айтканда, бул биз күн сайын иштеген санариптик маалыматтар же санарип булактарынан күн сайын керектөөчү маалыматтар.

Санариптик компетенциялар – технологияны натыйжалуу колдонуу көндүмдөрү. Ал өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт: маалыматты издөө, санариптик түзүлүштөрдү колдонуу, социалдык тармактын функцияларын колдонуу, финансылык транзакциялар, онлайн сатып алуулар, маалыматты сын көз менен кабыл алуу, мультимедиалык контентти өндүрүү, түзүлүштөрдү синхрондоштуруу.

Санариптик коопсуздук – интернет тармактарындагы коопсуздуктун негиздери. Ал төмөнкүлөрдү камтыйт: жеке маалыматтарды коргоо, ишенимдүү сыр сөз, фейк эмес контент, жүрүм-турум маданияты, репутация, этика, маалыматты сактоо, резервдик көчүрмөлөрдү түзүү.

04.11.2024 10:50