СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Медиа — бул маалымат колдонуучуга маалыматты тигил же бул түрүндө (текст, музыка, видео) жеткирүүнү камсыздаган технологиялык каражаттардын жана коммуникациялык ыкмалардын топтому. Медиа деп маалымат менен иштеген, маалымат менен камсыздаган тараптарды да аташат.
Бүгүнкү санариптик коомдо маалымат таратууга баарыбыз катышабыз жана маалыматты медиадан эле эмес баардык жактан алабыз. Адатта ар бир адам эрте менен туруп эле смартфонуна үңүлөт да социалдык тармакка же мессенджерлерге кирип жаңы билдирүү, жаңылыктар менен тааныша баштайт. Ошентип баарыбыздын таңыбыз маалымат алуу менен башталып, кечке чейин анын курчоосунда жүрөбүз. Бирок бизге жеткен маалыматтын баарына эле ишенүүгө болобу? Жок! Тактабай туруп эч бир маалыматка жүз пайыз ишенүүгө болбойт. Аларды талдай билүү үчүн медиасабаттуулук жөндөмү же атайын билим талап кылынат.
Медиа сабаттуулук – маалыматты угуп, көрүп эле тим болбой, ага сын көз караш менен карап, анализдеп баа бере турган жөндөм. Башкача айтканда маалыматты ким, эмне үчүн жана кайда жайгаштырганын аныктап, анын тактыгын текшерип, максатын түшүнүүнү деген сөз.(интернеттен алынды)
А.Мирмахмудов толук эмес орто мектебинде 18.июндан бери "Келечек үчүн билим берүү " - долбоорунун негизинде Медиа сабаттуулук боюнча курс өтүлүүдө. Курс аркылуу биз гугл платформалары, сайттар боюнча, ар кандай методдорду үйрөндүк. Бул тренингди Заирова Нуркыз эжеке өттү. Ар бир түшүнбөгөн суроолорго талыкпай жооп берип,кылдатттык менен түшүндүрүп жатты, ошонун негизинде мен төмөнкүдөй палатформаларды үйрөндүм : 1 Гугл акаунт ачканды 2. Гугл диск 3. Гугл презентация 4. Чат gpt 5. Као сайты 6. Падлет 7. Тарсия майкер 8.Гамма апп 9. классрумскрин 10. Мультиурок
"Келечек үчүн билим берүү " - долбооруна терең ыраазычылык.
© 2024, Эсеналиева Алымкан Абдилахатовна 44